Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 3-июлу № 111
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1142-1145-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1142-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун биринчи кезеги
1. Мурас калтыруучунун балдары (анын ичинде асыралып алгандар), ошондой эле мурас калтыруучунун жубайы жана ата-энеси (асырап алуучулар) барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча биринчи кезекте мурастоо укугун алышат. Биринчи кезектеги мураскорлордун ичине мураскордун ал өлгөндөн кийин төрөлгөн балдары да кирет.
2. Мурас калтыруучунун неберелери өкүлчүлүк укугу боюнча мурасташат.
1143-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун экинчи кезеги
1. Эгерде биринчи кезектеги мураскорлор жок болсо, мурас калтыруучунун ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, ошондой эле анын чоң атасы жана таятасы, чоң энеси жана таянеси барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча экинчи кезекте мурастоо укугун алышат.
2. Мурас калтыруучунун ата-энеси бир жана ата-энесинин бири башка эркек жана кыз бир туугандарынын балдары (мурас калтыруучунун ага-инилеринин, эже-карындаштарынын уулдары жана кыздары) өкүлчүлүк укугу боюнча мурасташат.
1144-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун үчүнчү кезеги
1. Эгерде биринчи жана экинчи кезекте мураскорлор жок болсо, мурас калтыруучунун ата-энесинин ага-инилери жана эже-карындаштары барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча үчүнчү кезекте мурастоо укугун алышат.
2. Мурас калтыруучунун ата-энесинин ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары жана кыздары өкүлчүлүк укугу боюнча мурасташат.
1145-статья. Кийинки кезектердеги мураскорлор
1. Эгерде биринчи, экинчи жана үчүнчү кезекте мураскорлор жок болсо, мурас калтыруучунун мурунку кезектеги мураскорлоруна кирбеген үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи даражадагы туугандары мыйзам боюнча мурастоо укугун алышат.
Тууганчылыктын даражасы туугандарды бири-биринен ажыраткан төрөлүүлөрдүн саны менен аныкталат. Мурас калтыруучунун өзүнүн төрөлүшү бул санга кирбейт.
2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык мурастоого төмөнкүлөр чакырылат:
төртүнчү кезектеги мураскорлор катары - тууганчылыктын үчүнчү даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун чоң атасынын-таятасынын аталары, чоң энесинин-таенесинин энелери;
бешинчи кезектеги мураскорлор катары - тууганчылыктын төртүнчү даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун бир тууган ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары (бир туугандарынын неберелери жана жээндери) жана анын чоң ата-таятасынын жана чоң эне-таенесинин бир тууган ага-инилери жана эже-карындаштары (бир ата өткөн чоң ата-таяталары жана чоң эне-таенелери);
алтынчы кезектеги мураскорлор катары - тууганчылыктын бешинчи даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун аталаш-энелеш неберелеринин балдары (бир туугандарынын чөбөрөлөрү), анын бир ата өткөн ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары (бир ата өткөн неберелери жана жээндери) жана анын бир ата өткөн чоң ата-таятасынын жана чоң эне-таенесинин балдары (бир ата өткөн агалары жана таэжелери).
3. Эгерде мурунку кезектеги мураскорлор жок болсо, мыйзам боюнча жетинчи кезектеги мураскорлор катары мурас калтыруучунун өгөй балдары, өгөй атасы жана өгөй энеси чакырылат.".
2. 1146-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 1147-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1147-статья. Өкүлчүлүк укугу боюнча мурастоо
1. Мурас ачылганга чейин же мурас калтыруучу менен бир убакта өлгөн мыйзам боюнча мураскордун үлүшү ушул Кодекстин 1142-статьясынын 2-пунктунда, 1143-статьясынын 2-пунктунда жана 1144-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда өкүлчүлүк укугу боюнча анын балдарына өтөт жана алардын ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлөт.
2. Мурас калтыруучу тарабынан мурастан ажыратылган, мыйзам боюнча мураскордун балдары өкүлчүлүк укугу боюнча мурас алышпайт.
3. Мурас ачылганга чейин же мурас калтыруучу менен бир убакта өлгөн жана ушул Кодекстин 1126-беренесине ылайык мурастоо укугуна ээ болбогон мураскордун балдары өкүлчүлүк укугу боюнча мурасташпайт.".
4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1153-1-статья менен толукталсын:
"1153-1-статья. Мурасты кабыл алууга укуктун өтүшү (мурастык трансмиссия)
1. Эгерде керээз боюнча жана (же) мыйзам боюнча мурастоочу болуп таанылган мураскор мурас ачылгандан кийин аны aлууга үлгүрбөстөн өлсө, ага тиешелүү болгон мурастык үлүштү алуу укугу мыйзам боюнча анын мураскорлоруна, ал эми эгерде мурасталган баардык мүлк керээзге калтырылса - керээз боюнча анын мураскорлоруна өтөт (мурастык трансмиссия). Мурастык трансмиссия тартибиндеги мурасты кабыл алуу укугу андай мураскор өлгөндөн кийин ачылган мурастын курамына кирбейт.
2. Өлгөн мураскорго тиешелүү мурасты кабыл алуу укугу анын мураскорлору тарабынан жалпы негиздерде жүзөгө ашырылыш мүмкүн.
Эгерде мураскор өлгөндөн кийин мурасты кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттүн калган бөлүгү үч айдан азды түзсө, ал үч айга чейин узартылат.
3. Мураскордун мурастын бир бөлүгүн милдеттүү үлүш катары (1149-cтатья) кабыл алуу укугу анын мураскорлоруна өтпөйт.".
5. 1154-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1154. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүү
1. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган орду боюнча нотариус же мыйзамга ылайык мындай нотариалдык иш жүргүзүүгө ыйгарым укукту кызмат адамы тарабынан берилет.
2. Мураскорлорго мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин берилет.".
6. 1160-статьянын 1-пунктунда "жана нотариус" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |