КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 14-июлу № 133
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 251-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул адамдар жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда, алып келүү судьялардын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жазык ишин тергеген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.".
2. 259-статьянын 3-бөлүгүндө "айыптоочуга" деген сөз "жазык ишин тергеген органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 265-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ошол эле убакта сот (судья) тараптарды талап кылынган далилдерди берүүгө, ал эми жазык ишин тергеген органды келбей койгон адамдардын келишин камсыз кылууга карата чараларды көрүүгө милдеттендирет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |