Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-ноябры № 154
“Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2718-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
9-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “9-берене. Милиция кызматчыларын тынчтыкты сактоо миссияларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү”;
1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Милиция кызматчыларынын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |