Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 13-июлу № 107
Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 154, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети
Ушул Мыйзам аскердик, милициялык жана жарандык кызматчыларды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун, аны даярдоону жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга (тынчтык сактоочу миссияларында) катышуусун уюштурууну камсыз кылуунун негиздерин жана тартибин жөнгө салат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
тынчтыкты сактоо иштери - БУУнун Уставына ылайык БУУнун Коопсуздук Кеңеши, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкактарында аймактык уюмдар тарабынан кабыл алынуучу жана БУУнун Уставына ылайык мажбурлоо аракеттери болуп саналбаган тынчтыкты колдоо боюнча операциялар жана башка чаралар, ошондой эле тынчтыкка болгон коркунучту, тынчтыктын бузулушун же баскынчылык актысын четтетүү үчүн БУУнун Уставына ылайык кабыл алынган куралдуу күчтөрдү колдонуу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча жүзөгө ашырылуучу эл аралык мажбурлоо аракеттери;
аскердик кызматчылар - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн курамына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн (тиешелүү куралдары жана аскердик техникалары, колдоо жана камсыз кылуу каражаттары менен аскер бөлүктөрү жана бөлүкчөлөрү) аскердик байкоочулары жана аскердик контингенти;
милиция кызматчылары - укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн полициялык компонентинин курамына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери;
жарандык кызматчылар - качкындардын көйгөйлөрүн чечүүгө, медициналык, башка гуманитардык жардамдарды көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү үчүн тынчтыкты сактоочу миссияларына Кыргыз Республикасы тарабынан ыктыярдуу негизде жиберилүүчү адамдардын тобу;
аскердик байкоочулар - атышууну жана чыр-чатактын улануусуна өбөлгө түзгөн башка аракеттерди токтотуу жөнүндө макулдашуулардын сакталышына байкоо жүргүзүү жана көзөмөлдөө боюнча милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан тынчтыкты сактоо миссияларына жиберилүүчү, аскердик контингенттин курамына кирбеген адамдардын тобу;
аскердик контингент - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберилүүчү жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн куралдуу жана аскердик техникалуу бөлүкчөлөрү.
3-берене. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштеринин мазмуну
1. Аскердик, милициялык жана жарандык кызматчылардын тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
1) атышууну жана чыр-чатактын улануусуна өбөлгө түзгөн башка аракеттерди токтотуу жөнүндө макулдашуулардын сакталышына байкоо жана көзөмөл жүргүзүүнү;
2) чыр-чатакташкан тараптарды ажыратууну, куралсыздандырууну жана алардын бөлүкчөлөрүн таратууну;
3) инженердик жана башка иштерди жүргүзүүнү;
4) качкындардын көйгөйлөрүн чечүүгө, медициналык, башка гуманитардык жардамдарды көрсөтүүгө көмөктөшүүнү;
5) калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана адам укуктарын сактоо боюнча милициялык жана башка функцияларды аткарууну;
6) БУУнун Уставына ылайык башка эл аралык мажбурлоо аракеттерин киргизүүнү: коопсуздук тилкесин белгилөөнү; курал-жарактарды алууну.
2. Кыргыз Республикасы азык-түлүк, дары-дармектерди, башка гуманитардык жардамдарды, байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана башка материалдык-техникалык ресурстарды берүү аркылуу да тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу мүмкүн.
3. Аскердик, милиция жана жарандык кызматчылардын тынчтыкты сактоо миссиясына катышуу милдеттери ар бир учурда БУУнун же региондук уюмдардын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларды өткөрүү мандатына ылайык аныкталат.
4-берене. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштеринин укуктук негизи
1. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштери жөнүндө мыйзамдары Конституцияга, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизденет, жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
5-берене. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун тартиби
1. Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдер боюнча өз милдеттерин эске алуу менен ар бир учурда тынчтыкты сактоо иштерине өзүнүн катышуусунун максатка ылайыктуулугун өз алдынча аныктайт.
2. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу үчүн аскердик контингенттерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү жана аларды кайра чакыртып алуу Президенттин сунушу боюнча, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңештин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
3. Жогорку Кеңешке киргизилген сунушта көрсөтүлгөн аскердик контингенттер аракеттенген район жөнүндө, алардын милдеттери, жалпы саны тууралуу, куралдарынын тиби жана түрлөрү, баш ийүүсү, болуу мөөнөтү жана аны узартуунун тартиби, алмаштыруунун тартиби жана чыгарып кетүүнүн шарттары жөнүндө маалыматтарды камтуусу керек.
4. Эгерде сунуш Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен колдоого алынбаган учурда, анда Кыргыз Республикасынын аскердик контингенттери Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары колдонулушу мүмкүн эмес.
5. Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти жайгашкан жердеги аскердик-саясий кырдаал өздүк курамдын жапырт курман болушуна алып келүү коркунучуна өзгөргөн учурда, аскердик контингенттин командачылыгы аскердик контингентти коопсуз жерге көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Аскердик контингентти түзүү
1. Аскердик кызматчыларды окутуп-үйрөтүү, атайын даярдоо жана тынчтыкты сактоо иштерине катыштыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамында атайын аскердик контингент түзүлөт.
2. Көрсөтүлгөн контингентти түзүү тартиби, курамы жана саны коргоо маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
7-берене. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберилүүчү аскердик контингенттерди камсыз кылуу
Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберилген аскердик контингенттерди курал-жарак, азык-түлүк, байланыш каражаттары, транспорт каражаттары жана башка материалдык-техникалык ресурстар, медициналык жана башка тейлөө менен камсыз кылуу Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Кыргыз Республикасынын аскердик байкоочуларын тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберүү
1. Кыргыз Республикасынын аскердик байкоочуларын жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу жөнүндө чечим тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, коргоо маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кабыл алынат.
2. Президенттин тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө чечиминин негизинде коргоо маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына жиберилүүчү аскердик байкоочулукка талапкерлерди тизме боюнча бекитет, көрсөтүлгөн аскер кызматчыларынын аракеттенүү районун, алардын милдеттерин, баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.
9-берене. Милиция кызматчыларын тынчтыкты сактоо миссияларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү
1. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу жөнүндө чечим тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, укук коргоо органдарынын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Милиция кызматчыларынын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси укук коргоо органдарынын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына жиберилүүчү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин талапкерлерин тизме боюнча бекитет, көрсөтүлгөн кызматкерлердин аракеттенүү районун, алардын милдеттерин, баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 154, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуунун ыктыярдуулугу, аскер жана милиция кызматчыларынын атайын даярдыгы жана медициналык күбөлөндүрүү
1. Ушул Мыйзамдын 5, 8 жана 9-беренелерине ылайык тынчтыкты сактоо иштерине катышуу үчүн жиберилүүчү аскер жана милиция кызматчылары, тиешелүүлүгүнө жараша аскер кызматчыларынан жана укук коргоо органдарынын кызматчыларынан ыктыярдуу негизде топтолот.
2. Көрсөтүлгөн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматчылары алдын ала атайын даярдыктан жана медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүлөрү тийиш.
11-берене. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жарандык кызматчыларды жиберүү
1. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу үчүн жарандык кызматчыларды жиберүү жөнүндө чечим тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
2. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде тынчтыкты сактоо миссиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан сунушталган жарандык кызматчылардын талапкерлеринин тизмесин бекитет.
3. Мында тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган көрсөтүлгөн жарандык кызматчылардын аракеттенүү районун, алардын милдеттерин, баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операциялар үчүн материалдык-техникалык ресурстарды бөлүү
Министрлер Кабинети азык-түлүк, дары-дармектерди, башка гуманитардык жардамдарды, байланыш каражаттарын жана башка материалдык-техникалык ресурстарды, гуманитардык жардамдарды жана материалдык-техникалык ресурстарды жеткирүү үчүн ыктыярдуу негизде топтолуучу алардын экипаждары менен транспорттук каражаттарды берүү жолу менен эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча чечим кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Аскердик, милиция жана жарандык кызматчыларга кепилдиктер жана компенсациялар
1. Тынчтыкты сактоо миссиясына катышуу үчүн жиберилүүчү аскердик жана милиция кызматчылары, статусу боюнча күжүрмөн аракеттердин катышуучуларына теңештирилет жана алардын тынчтыкты сактоо миссиясында жүрүү убактысы - пенсияны дайындоо үчүн ишинин узактыгына (эмгек стажына) кошуп аскердик кызматтын бир күнү үч күн үчүн эсептелинет.
2. Аскердик, милиция жана жарандык кызматчыларга Министрлер Кабинети кошумча кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилеши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберилүүчү аскердик, милиция жана жарандык кызматчыларды даярдоо жана катышуусун камсыз кылуу
1. Тынчтыкты сактоо миссиясына катышуу үчүн жиберилүүчү аскердик, милиция жана жарандык кызматчыларды даярдоону, аттестациялоону, медициналык күбөлөндүрүүнү жана окутуп-үйрөтүүнү уюштуруу Министрлер Кабинетине жүктөлөт.
2. Тынчтыкты сактоо миссиясына катышуу үчүн жиберилүүчү аскердик контингенттерди даярдоо жана жабдуу ошол аскер кызматчылары, аскердик техника жана куралдар бөлүнүп берилген мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Корутунду жобо
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |