Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 15-январы № 13
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 10-статьянын 1-пунктунун экинчи сүйлөмүндө:
мамлекеттик тилдеги текстинде:
"жолдордун" деген сөздөн кийин "техникалык регламенттердин," деген сөздөр менен толукталсын;
"ченемдери, эрежелери, стандарттары жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик башка документтерге" деген сөздөр "ченемдеринин, эрежелеринин, стандарттарынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик башка документтердин талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстинде:
"требованиям" деген сөздөн кийин "технических регламентов," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 11-статьянын 1-пунктунун экинчи сүйлөмү "Жолдордун абалынын" деген сөздөрдөн кийин "техникалык регламенттерге" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 14-статьяда:
1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында даярдалган же 6 айдан ашык мөөнөткө чет өлкөдөн алып келинген жана анын аймагында жол кыймылына катышууга арналган транспорт каражаттары, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга тиешелүү бөлүгүндө транспорт каражаттарынын конструкцияларынын курама бөлүктөрү, кошумча жабдуу буюмдары жана шаймандары алар техникалык регламенттерге ылайык келгенде рынокто айландырууга жол берилет.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында сатыла турган жана жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына ылайыктыгын тастыктаган документтери болбогон транспорт каражаттарын, ошондой эле конструкцияларынын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдуу буюмдарын, запастык бөлүктөрүн жана шаймандарын жасоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.";
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Каттоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга таасир этүүчү конструкциясына, анын ичинде курама бөлүктөрүнүн конструкциясына, кошумча жабдык буюмдарына, запастык бөлүктөрүнө жана шаймандарына киргизилген өзгөртүүлөр техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.".
4. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Транспорт каражаттарын техникалык кароо
1. Жер үстүндө жүрүүчү төмөнкү транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүүгө жатат:
1) ташуу боюнча ишкердик иште пайдаланылуучу:
- жүргүнчүлөрдү (анын ичинде жеңил автомашиналар (таксилер);
- жүктөрдү;
- коркунучтуу жүктөрдү;
2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, карагай ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, өлчөмү узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (АТМ) жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары).
2. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү:
1) жүргүнчүлөрдү, коркунучтуу жана атайын жүктөрдү ташуу боюнча - жылына эки жолу;
2) жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеңил автомашиналар (таксилер), жүк-жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучулар, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (АТМ), атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары, чыгарылган жылы менен:
3 жылга чейин - кароого жатпайт;
3 жылдан 7 жылга чейин - 2 жылда бир жолу;
7 жылдан ашык - жыл сайын.
Жер үстүндө жүрүүчү башка бардык транспорт каражаттары ыктыярдуу тартипте техникалык кароодон өтөт.
3. Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор жүзөгө ашырат.
Техникалык кароону өткөрүүдө өз функцияларын талаптагыдай аткарбаган, ушул Мыйзамдын жана техникалык регламенттердин талаптарын сактабаган жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда, техникалык кароону өткөрүүчү диагностикалык борборлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Диагностикалык кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу техникалык тейлөө станциялары техникалык кароону өткөрүүгө укуксуз.
4. Ушул Мыйзамда каралган милдеттүү техникалык кароону өткөрүү үчүн жоопкерчилик транспорт каражаттарынын ээлерине жана менчигинин формасына карабастан бул транспорт каражатын пайдалануунун ичинде транспорт каражаты пайдалануучу уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Техникалык кароону өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |