Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 6-марты № 51
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 17-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын жана 28-статьянын 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын кошпогондо, мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө жана сандык формалардагы "Электр байланыш кызматы", "электр байланыш кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "Электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү", "электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статьяда:
сегизинчи абзацта "коммутатордогу" деген сөз "коммуникатордогу" деген сөзгө алмаштырылсын;
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр байланыш оператору - өзүнүн электр байланыш тарамын иштетүүчү жана электр байланыш жагындагы иштин тийиштүү түрүнө лицензиясы бар жеке же юридикалык жак.";
жыйырма үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администратору - номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасын уюштуруучу, иштетүүчү, администрациялоочу жана күтүүчү, борборлоштурулган тартипте номерлердин сакталуучулук процессин координациялоочу жана контролдоочу, сакталуучулук процессинде тоскоолдук жараткан көйгөйлөрдү чечүү үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында бардык чараларды көрүүчү юридикалык жак.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо - абонент электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүнү тандап ала алган процесс.
Улуттук тутум жана номерлештирүү планы - номерлештирүү ресурсунун түзүмүн калыптандырууда санариптик, тамгалык, символдук белгилөөлөрдүн түзүмүнө же мындай белгилөөлөрдүн айкалышуусуна карата талаптарды, тарамдарды куруунун негизги принциптерин, номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү, пайдалануу, кайра жол-жоболоштуруу жана алып коюу тартибин, ошондой эле номерлештирүү чөлкөмдөрүнө, электр байланыш тарамдарына жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүсүнө коддорду жана номерлештирүү ресурстарын дайындоочу документ.
Номерлештирүүнүн чектелген ресурсу - эгерде конкреттүү калктуу конуштун же администрациялык райондун кодунда бардык байланыш операторлоруна бөлүнгөн номерлештирүүнүн колдонуудагы тутумуна жана планына ылайык номерлештирүүнүн көлөмү номерлештирүүнүн колдо бар ресурсунун 80 пайыздан ашыгын түзсө, номерлештирүү ресурсу чектелген деп эсептелет.
Номерлердин сакталуучулугу - мобилдик байланыш операторлору жана мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөр алмашканда абоненттерге өздөрүнүн телефон номерлерин сактап калууга (өзгөрүүсүз) мүмкүндүк берүүчү электр байланыш тарамынын кызмат көрсөтүүсү.
Мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү - бул өзүнүн тарамы аркылуу же электр байланыш операторунун тарамы аркылуу мобилдик (көчмө) байланыш кызмат көрсөтүүсүн көрсөтүүчү жак.
Электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү (кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү) - өздөрүнүн тарамы же электр байланыш операторунун тарамы аркылуу кызмат көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак.
Номерлештирүү ресурсу - абоненттик номерлердин (номерлердин диапазондорунун), номерлештирүү зоналарынын коддорунун, тарамдардын коддорунун, шаар аралык жана эл аралык коддордун, анын ичинде сигналдаштыруунун улуттук жана эл аралык коддорунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн коддорунун жана тарамдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү коддорунун жыйындысы.
Номерлештирүүнү башкаруунун борборлоштурулган улуттук тутуму - программалык камсыз кылуу, аппараттык камсыз кылуу ресурстарын, шайкеш коммуникацияларды камтыган жана белгилүү бир формада маалыматты жыйноочу жана топтоочу маалыматтар базасынан турган, ошондой эле номерлештирүү ресурстарын бөлүп берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана алып коюуда маалыматтардын үстүнөн операцияларды жүзөгө ашыруучу жана операторлордун жана мобилдик байланыштын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрдү маалымат тутумдары менен кабарлоону камсыз кылуучу бир катар функциялардан турган маалыматтык тутум.
Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасы -программалык камсыз кылуу, аппараттык камсыз кылуу ресурстарын, шайкеш коммуникацияларды камтыган жана белгилүү бир формада маалыматты жыйноочу жана топтоочу маалыматтар базасынан турган, ошондой эле номерлердин сакталуучулугунда маалыматтардын үстүнөн операцияларды жүзөгө ашыруучу жана операторлордун жана мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрдүн маалымат тутумдары менен кабарлоону камсыз кылуучу бир катар функциялардан турган маалыматтык тутум.".
3. 8-статьяда:
2-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- номерлештирүү ресурстарын электр байланыш операторлоруна берүү, ошондой эле аларды кайра жол-жоболоштуруу жана алып коюу;";
экинчи абзацында "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө чыгымдар электр байланыш жана почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрдүн пайдасынын 0,9 пайыз өлчөмүндөгү ар жылдык төлөмдөрдүн эсебинен, алардын ичинен 60 пайызы республикалык бюджетке, калгандары - байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулууга жатып, ылайыктуулук сертификаттарын берүүдөгү, стандарттарды иштеп чыгуудагы чыгымдарды компенсациялоо үчүн алынуучу бир жолку төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Радиомониторингдин мамлекеттик тутумун жана Байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун колдоого, өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө акыны кошуп алганда, радиожыштык спектринин радиожыштыктарынын номиналдарын жана/же тилкелерин пайдалануу үчүн ар жылдык акысынан, ошондой эле донордук жана башка уюмдардын гранттарынын, жардамынын эсебинен түзүлөт.".
4. III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 9-2 - 9-4-статьялар менен толукталсын:
"9-2-статья. Номерлештирүү ресурсун пайдалануу
Кыргыз Республикасынын электр байланыш тарамдарынын номерлештирүү ресурсу мамлекеттин менчиги болуп саналат жана электр байланыш операторлоруна убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилет. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсу үчүн оператордон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленген өлчөмдө жыл сайын акы алынат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилеген тартипте бөлүнүп берилбеген номерлештирүү ресурсун пайдаланууга же болбосо номерлештирүү ресурсуна жетүүнү ачууга тыюу салынат.
Байланыштын конкреттүү оператору тарабынан номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү жөнүндө, өзгөртүү, кайра жол-жоболоштуруу же алып коюу тууралуу маалымат коммерциялык сыр болуп саналбайт.
Номерлештирүү ресурсу бөлүнүп берилген жана өзгөртүлгөн байланыш операторлору үчүн бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсун пайдаланууну баштоого, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилеген мөөнөттө тарамды номерлештирүүнү өзгөртүүгө милдеттүү.
Абоненттер байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча байланыш тарамын номерлештирүүнү өзгөртүү же байланыш операторунун демилгеси боюнча тарамды модернизациялоо менен байланышкан чыгымдарды тартпайт.
Мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулган шашылыш ыкчам кызматтар үчүн кыска номерлерди бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
Номерлештирүү ресурсун толугу менен алып коюу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат, эгерде:
- оператор ага бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсунан жазуу жүзүндө баш тартса;
- номерлештирүү ресурсун пайдаланууну талап кылган лицензия кайра чакыртылып алынса же анын колдонуу мөөнөтү аяктаса;
- номерлештирүү ресурсу бөлүнүп берилген күндөн тартып бир жылдын ичинде бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсу пайдаланылбаса;
- номерлештирүү ресурсу Кыргыз Республикасынын электр байланыш тарамдарынын Улуттук тутумун жана номерлештирүү планын бузуу менен пайдаланылса.
Номерлештирүү ресурсун алып коюу төмөнкү учурларда жарым-жартылай жүзөгө ашырылат, эгерде:
- оператор ага бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсунун бир бөлүгүнөн жазуу жүзүндө баш тартса;
- бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсу номерлештирүү ресурсу бөлүнүп берилген күндөн тартып 2 жылдын ичинде бөлүнгөн ресурстан 20 проценттен кем эмеси пайдаланылса. Мында пайдаланылбаган номерлештирүү ресурсунан 80 проценти алып салынат;
- номерлештирүү ресурсунун бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын электр байланыш тарамдарынын Улуттук тутумун жана номерлештирүү планын бузуу менен пайдаланылса.
Номерлештирүү ресурсу толук же жарым-жартылай алынып коюлган учурда, электр байланыш операторуна компенсация төлөнбөйт.
Байланыш оператору ага бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсун же анын бир бөлүгүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатысыз башка байланыш операторуна берүүгө укуксуз.
Юридикалык жакты биригүү, кошулуу, кайра түзүү формасында кайра уюштурууда ага бөлүнүп берилген номерлештирүү ресурсуна укук белгилөөчү документ укук мураскорунун арызы боюнча кайра жол-жоболоштурулат.
Юридикалык жакты бөлүштүрүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра уюштурууда номерлештирүү ресурсуна карата укук белгилөөчү документтерди кайра жол-жоболоштуруу укук мураскорлорунун арыздары боюнча жүзөгө ашырылат.
Номерлештирүү ресурсун кайра жол-жоболоштуруу акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
Номерлештирүү ресурсун бөлүп чыгаруу, өзгөртүү, кайра жол-жоболоштуруу жана алып коюу, Кыргыз Республикасынын электр байланыш тарамдарын номерлештирүүнү башкаруунун жумушчу процесстерин контролдоо номерлештирүүнү башкаруунун борборлоштурулган улуттук тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат.
Номерлештирүүнү башкаруунун борборлоштурулган улуттук тутумун уюштуруу жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
9-3-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо абоненттин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жеткирип берүүчүнү алдын ала тандоо же ар бир туташтырууда жеткирип берүүчүнү тандоо кодун киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүнү тандоо коду коңгуроодо кошулушу мүмкүн же болбосо ал кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнүн жабдууларында программалаштырылышы мүмкүн.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
9-4-статья. Номерлердин сакталуучулугу
Бардык мобилдик байланыш операторлору жана мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөр 2016-жылдын 1-январынан кечиктирбестен абоненттерге мобилдик байланыш операторун жана/же мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүнү алмаштырууда абонентке телефон номерин сактап калуу мүмкүнчүлүгүн камтыган номердин сакталуучулугунун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Номерлердин сакталуучулук процессин башкаруу алар тарабынан номерлерди сактоо процесстеринин аткарылышынын жүрүшүндө мобилдик байланыш операторлорунун, мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрдүн ортосунда маалымат алмашууну кошуп алганда, номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасын пайдалануу сакталуучулук процессине тиешелүү маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу үчүн сакталган номерлерге тиешелүү айрым маалыматтарды өзгөртүү, сакталган номердин абонентине берилүүчү тейлөөнү токтото туруу жана сакталган номерди мобилдик байланыштын баштапкы операторуна, мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүгө кайтарып берүүгө милдеттүү.
Мобилдик байланыштын ар бир оператору, мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү номерлердин сакталуучулугун камсыз кылуу максатында номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасына кошулууга милдеттүү.
Номерлердин сакталуучулугун киргизүү жана жүзөгө ашыруу үчүн борборлоштурулган маалыматтар базасын уюштуруу, иштетүү, башкаруу жана күтүү анын администратору тарабынан камсыз кылынат. Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администратору номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасына кошулган мобилдик байланыштын ар бир операторуна жана мобилдик байланыштын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүгө номерлердин сакталуучулугун жүзөгө ашырууга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтөт жана алардан кызмат көрсөтүүлөр үчүн ай сайын акы алат.
Мобилдик байланыштын ар бир оператору жана/же мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасына кошулууга чыгымдарды жана номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администраторунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга чыгымдарды кошуп алганда, номерлердин сакталуучулугун киргизүү менен ассоциацияланган жеке чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү.
Мобилдик байланыштын бир дагы оператору, мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн бир дагы жеткирип берүүчү башка операторго, электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүгө анын номерлердин сакталуучулугун киргизүү менен ассоциацияланган чыгымдарды компенсациялоого милдеттүү болбойт жана бул чыгымдарды башка операторлор жана жеткирип берүүчүлөр тарабынан компенсация кылууга талаптана албайт. Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администратору өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзгөн мобилдик байланыш операторлору жана мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөр менен аффилирленүүсү мүмкүн эмес.
Номерлердин сакталуучулугунун борборлоштурулган маалыматтар базасынын администратору байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токтому менен дайындалат.
Кыргыз Республикасынын аймагында номерлердин сакталуучулугунун башка жалпы шарттары, уюштуруу, киргизүү жана ишке ашыруу принциптери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген номерлердин сакталуучулугу жөнүндө өзүнчө жобо менен белгиленет.".
5. 10-статьяда:
2-бөлүгүндө "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лицензиялоого "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ишмердиктин түрлөрү жатат.".
6. 17-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "электр байланышынын бир гана кызматы" деген сөздөр "электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир гана жеткирип берүүчүсү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 21-1-статьянын 5-пунктунун экинчи абзацында "Мобилдик байланыштын" деген сөздөр "Мобилдик уюлдук байланыштын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 28-статьянын 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "электр байланышынын эксклюзивдүү (жападан-жалгыз) кызматы болууга" деген сөздөр "электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн эксклюзивдүү (жападан-жалгыз) жеткирип берүүчүсү болууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 30-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "байланыш боюнча" деген сөздөрдөн мурда "кол коюлган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө бардык өзгөртүүлөр менен бирдикте" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |