Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 4-марты № 50
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
19-3-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылууга ыйгарым укуктуу болгон адистештирилген уюмдары калкка ичүүчү сууну сатуудан түшкөн каражаттар бөлүгү боюнча чегерүүлөрдүн төлөөчүлөрү болуп саналбайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |