№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткаруу үчүн жооптуулар |
Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү |
1. | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 28-мартына чейин) | Аймактык шайлоо комиссиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы) - (мындан ары – Мыйзам) 10-берене, 4-бөлүк) |
2. | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 28-мартына чейин) | Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК аппаратынын уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 10-берене, 5-бөлүк) |
3. | Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо | Алар бекитилген күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 2-апрелине чейин) | МС жана ЭК бөлүмү (КР БШКнын басма сөз кызматы) (Мыйзам, 10-берене, 6-бөлүк) |
4. | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 2-апрелине чейин) | Аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 11-берене, 2, 3-бөлүктөр) |
5. | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 2-апрелине чейин) | Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк) |
6. | Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо | Алар бекитилген күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-апрелине чейин) | ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы) (Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк) |
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу |
7. | Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү | Өзүнчө план жана график боюнча | Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору, Шайлоо технологиялары борбору |
Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө |
8. | «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 14-майына чейин) | Аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 12-берене, 3, 7-бөлүктөр) |
9. | Шайлоочулардын тизмелерин басып (2 нускада) чыгаруу жана участкалык шайлоо комиссияларына бир нускадан берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары кол коет жана мөөрү менен бекитилет) | Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-апрелине чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, системалык администраторлор, атайын өкүлдөр (Мыйзам, 12-берене, 4-бөлүк) |
10. | Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилген шайлоочулардын тизмелери бир эле убакта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан облустар боюнча жалпыланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат | Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-апрелине чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 12-берене, 9-бөлүк) |
11. | Шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмелерин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-апрелине чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-берене, 1-бөлүк) |
12. | Кабарлоолорду, 1-форманын жана 3-форманын бланктарын жана шайлоочулардын акыркы тизмесин басып чыгаруу үчүн атайын кагазды даярдоо жана жеткирүү | (2015-жылдын 17-апрелине чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы |
13. | Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга ал шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги жөнүндө кабарлоону жөнөтүү | Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 17-апрелине чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-берене, 2-бөлүк) |
14. | Шайлоочулардын тизмесине киргизүү (1-форма) жана жекече маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү (3-форма) жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-майына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары, аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор |
15. | Шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 10-майына чейин) | Аймактык шайлоо комиссиясы, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор (Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк) |
16. | Номер коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү (шайлоочулардын)измелерин сөзсүз түрдө атайын кагазга басыпчыгаруу) | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 14-майына чейин) | Аймактык шайлоо комиссиясы, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор (Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк) |
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо |
17. | Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт (2015-жылдын 16-апрелине саат 24.00гө чейин) | Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топтору жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам, 49-берене, 1-,2-бөлүктөрү) |
18. | Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 16-апрель саат 24.00гө чейин) | Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 60-берене, 1-бөлүк) |
19. | Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүү | Документ кабыл алынган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 3-бөлүк) |
20. | Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо | Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда аяктайт (2015-жылдын 26-апрель саат 18.00гө чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 7-бөлүк) |
21. | Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү | Талапкерлер катталгандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 9-бөлүк) |
22. | Фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо | Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календарлык күндүн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 8-бөлүк) |
23. | Талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуусу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 14-майына чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 44-берене) |
24. | Ишенимдүү адамдардын, өкүлдөрүнүн, талапкердин, саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөөлүү баш тартуу | Тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 18-берене, 2-бөлүк, 19-берене, 21-берене, 3-бөлүк) |
Шайлоо алдындагы үгүт |
25. | Маалыматтык камсыз кылуу, шайлоочуларга маалымдоо | | Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы (Мыйзам, 22-берене, 1, 2-бөлүктөр) |
26. | Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү | Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып (2015-жылдын 27-апрелинен) башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат | Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору (Мыйзам, 23-берене, 1-бөлүк) |
27. | Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу | Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин | Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте (Мыйзам, 26-берене, 1-бөлүк) |
28. | Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүү жана жасалгалоо | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам, 27-берене, 3-бөлүк) |
Шайлоону каржылоо |
29. | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү | Шайлоо дайындалгандан кийин | Борбордук шайлоо комиссиясы (финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы) |
30. | Шайлоо фондун түзүү | Жарандар, аларды талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди берүүгө чейин шайлоо алдындагы үгүттү каржылоо үчүн өз шайлоо фондуларын түзө алат | Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер (Мыйзам, 61-берене, 1-бөлүк) |
31. | Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу | Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып | Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 16-берене, 1-бөлүк) |
32. | Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу | | Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк) |
33. | Шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүү булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетторду тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү | Шайлоодон кийин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 28-майга чейин) | Талапкерлер, саясий партиялар (Мыйзам, 15-берене, 19-бөлүк) Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк) |
Шайлоо бюллетендерин даярдоо тартиби жана участкалык шайлоо комиссияларына берүү |
34. | Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 27-апрелине чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-берене, 3-бөлүк) |
35. | Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө ЖМК аркылуу же башкача ыкма менен кабарлоо | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (бүткүл мезгилдин ичинде) (2015-жылдын 7-майына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-берене, 1-бөлүк) |
36. | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин жасоо | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-майына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам, 30-берене, 8-бөлүк) |
37. | Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күн калганда (2015-жылдын 7-майына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк) |
38. | Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күн калганда | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк) |
Добуш берүү жана натыйжаларды аныктоо |
39. | Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин 9-2 календарлык күн калганда (2015-жылдын 8-майынан 15-майына чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 32-берене, 1-бөлүк) |
40. | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин бир календарлык күн калганда | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-берене, 2-бөлүк) |
41. | Добуш берүүнү өткөрүү | 2015-жылдын 17-майы саат 8.00дөн 19.00гө чейин | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-берене) |
42. | Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүү | Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат (жыйынтыктар белгиленгенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-берене) |
43. | Тиешелүү шайлоо документациялары бар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү | Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-берене, 1-бөлүк) |
44. | Округдун аймагында шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү | Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин тез арада жана добуш берүү күнүнөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 6-июнуна чейин) | Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-берененин 1, 4-бөлүктөрү, 38-берене) |
45. | Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо | Шайлоонун натыйжаларын аныктаган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде | ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы) (Мыйзам, 40-берене, 4-бөлүк) |
46. | Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арыздын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү | Шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө | Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланган талапкер (Мыйзам, 51-берене, 1-бөлүк) |
47. | Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү | Шайлоонун натыйжаларын аныктагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арызды алгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 51-берене, 2-бөлүк) |