Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-марты № 29
2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 23-мартындагы № 9, Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы № 46, Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 18-мартындагы № 2/3, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 69, Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 18-мартындагы № 6, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 18-мартындагы № 9 чечимдеринин негизинде округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча сунуштарына жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-мартындагы № 29 токтомуна тиркеме |
Баткен облусу
Баткен району
Ак-Татыр айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 3300, мандаттардын саны - 21
№ 1 - "Ак-Татыр" шайлоо округу.
Борбору: Ак-Татыр айылы. Т.Садыков атындагы орто мектептин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1682, мандаттардын саны - 11.
Чек аралары: № 8056 - Ак-Татыр шайлоо участкасы жайланышкан Ак-Татыр айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - "Рават" шайлоо округу.
Борбору: Рават айылы. Рават орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1109, мандаттардын саны - 7.
Чек аралары: № 8055 - Рават шайлоо участкасы жайланышкан Рават айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 3 - "Орто-Боз" шайлоо округу.
Борбору: Орто-Боз айылы. Ж.Момунов атындагы орто мектептин имараты.
Шайлоочулардын саны: 509, мандаттардын саны - 3.
Чек аралары: № 8061 - Орто-Боз шайлоо участкасы жайланышкан Орто-Боз айылынын аймактары толугу менен кирет.
Самаркандек айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 5753, мандаттардын саны - 21
№ 1 - "Самаркандек" шайлоо округу.
Борбору: Самаркандек айылы. М.Салихов атындагы орто мектептин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1900, мандаттардын саны - 7.
Чек аралары: № 8059 - Самаркандек шайлоо участкасы жайланышкан Самаркандек айылынын И.Разаков, Кишемиш, Чек, Маданият, Ак-Ордо, Алтын-Бешик, К.Шадыбеков, Ынтымак, Курулуш, Совет, Жибекчилик, Геологдор, Базар, Пролетар, Жумушчулар, М.Салихов, Ала-Тоо, Гараж, Курманбек баатыр, Т.Садыков, Сай бою, Алтын-Күрөк, Жакшылык, Керме-Тоо, Достук, Өзгөрүш, Өрүкзар, Суу-Башы, Топ-Терек, Ак-Жол, Орто-Көчө, Жайылма, Келечек көчөлөрү кирет.
№ 2 - "Орто-Сай" шайлоо округу.
Борбору: Самаркандек айылы. С.Кожобаев атындагы мектеп-гимназиясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 1472, мандаттардын саны - 6.
Чек аралары: № 8058 - Орто-Сай шайлоо участкасы жайланышкан Самаркандек айылынын Алма-Бак, Эркиндик, К.Садиров, Турат Полот, Н.Ботогозуев, Орто-Сай, Поликлиника, Ак-Тилек, Андиген, Тескей, Кызыл-Аскер, Жабылды, Сүт-Көл, МТФ, Адилет, Жаш-Тилек, Жаңы-Курулуш, Жаштык, А.Кенжебаев, Базар-Башы көчөлөрү кирет.
№ 3 - "Паскы-Арык" шайлоо округу.
Борбору: Паскы-Арык айылы. Муса Кадыр атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1461, мандаттардын саны - 5.
Чек аралары: № 8060 - Паскы-Арык шайлоо участкасы жайланышкан Паскы-Арык айылынын аймактары жана № 8186 - Миң-Орук шайлоо участкасы жайланышкан Миң-Орук айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 4 - "Жаңы-Бак" шайлоо округу.
Борбору: Жаны-Бак айылы. К.Тагаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 920, мандаттардын саны - 3.
Чек аралары: № 8057 - Жаны-Бак шайлоо участкасы жайланышкан Жаны-Бак айылынын аймактары толугу менен кирет.
Ак-Сай айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 3265, мандаттардын саны - 21
№ 1 - "Ак-Сай" шайлоо округу.
Борбору: Ак-Сай айылы. Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 967, мандаттардын саны - 6.
Чек аралары: № 8064 - Ак-Сай шайлоо участкасы жайланышкан Ак-Сай айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - "Көк-Таш" шайлоо округу.
Борбору: Көк-Таш айылы. Ш.Ганы атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1284, мандаттардын саны - 8.
Чек аралары: № 8063 - Көк-Таш шайлоо участкасы жайланышкан Көк-Таш айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 3 - "Үч-Дөбө" шайлоо округу.
Борбору: Үч-Дөбө айылы. Үч-Дөбө башталгыч мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 755, мандаттардын саны - 5.
Чек аралары: № 8062 - Үч-Дөбө шайлоо участкасы жайланышкан Үч-Дөбө айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 4 - "Таш-Тумшук" шайлоо округу.
Борбору: Таш-Тумшук айылы. Таш-Тумшук толук эмес орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 259, мандаттардын саны - 2.
Чек аралары: № 8198 - Таш-Тумшук шайлоо участкасы жайланышкан Таш-Тумшук айылынын аймактары толугу менен кирет.
Ош облусу
Ноокат району
Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 8123, мандаттардын саны - 21
№ 1 - "Чеч-Дөбө" шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны: 1422, мандаттардын саны - 4.
Борбору: А.Осмонов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5372, № 5487 - Чеч-Дөбө айылынын чыгыш тарабындагы Анаров Исраилдин үйүнөн баштап Шеркулов көчөсүндөгү А.Осмонов атындагы мектептин айланасындагы жашаган шайлоочулар, Кичи-Алай айылындагы Сарыкмол, Кашка-Суу кичи айылдары толугу менен кирет.
№ 2 - "Жар-Коргон" шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны: 1436, мандаттардын саны - 4.
Борбору: К.Жолдошов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5373 - Жар-Коргон айылындагы Күн чыгыш тарабы Артыков Нурландын үйүнөн төмөнкү жагы К.Абдыкалыков атындагы көчөсү толугу менен кирет.
№ 3 - "Кошчан" шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны: 2141, мандаттардын саны - 5.
Борбору: Кожоке атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5374 - Кожоке айылындагы Күн чыгыш тарабы Копкыштоо кичи айылындагы жашаган Сыдыков Маматалинин үйүнөн төмөнкү жагы Ш.Камалов атындагы көчөсүндө жашаган Исмаилов Алтынбектин үйүнө чейинки жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
№ 4 - "Жаңы Базар" шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны: 748, мандаттардын саны - 2.
Борбору: Айылдык маданият үйү.
Чек аралары: № 5375 - Жаңы-Базар айылындагы Күн чыгыш тарабы Дыйканов Раимжандын үйүнөн төмөнкү жагы Н.Исанов атындагы көчөсүнүн Байыш орто мектебине чейинки жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
№ 5 - "Күңгөй Кожоке" шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны: 2376, мандаттардын саны - 6.
Борбору: Алтын казык орто мектеби.
Чек аралары: № 5486 - Күңгөй Кожоке айылындагы Күн чыгыш тарабы Б.Алибаев атындагы көчөсүндөгү жашаган Эсеналиев Абдырахмандын үйүнөн төмөнкү жагы Ош көчөсүндөгү жашаган Торобаев Топчубайдын үйүнө чейинки аралыкта жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
Көк-Бел айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2865, мандаттардын саны - 21
№ 1 - "Көк-Бел" шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны: 1835, мандаттардын саны - 13.
Борбору: Кайыңды, Аблакимов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5370, № 5488 - Көк-Бел айылындагы Н.Исанов атындагы көчөсүнүн тургуну Жумабаев Манаптын үйүнөн Нуркеев Мамразакка чейин. Курук Тоголой, Комсомол, Ат-чабар, Бак, Мектеп, Дон, Алчалуу, Курганбаев Абдыш, Ч.Айтматов, Сулуу Тоголой, Тынчтык Достук көчөлөрүндөгү жашаган шайлоочулар жана Кайынды айылы толугу менен кирет.
№ 2 - "Н.Исанов" шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны: 1030, мандаттардын саны - 8.
Борбору: Исанов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5371 - Көк-Бел айылындагы Н.Исанов атындагы көчөсүнүн тургуну Дубанаев Абдираимдин үйүнөн Ормошов Мамажанга чейин, Ленин көчөсүнүн тургуну Коштаева Бегайдын үйүнөн Тажибаев Эркиндин үйүнө чейинки аралыктар, Ак-Булак, Шеркурбан, Тоголой, Жаштык, Тулпар, Алтын-Казык, Сейдалиев көчөсүнүн тургуну Ормошов Шабандан күн батыш тарабы, Ленин көчөсүнүн тургуну Тажибаев Эркиндин күн батыш тарабындагы жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
Кара-Кулжа району
Кеңеш айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 1518, мандаттардын саны – 11
№ 1 - "Ат-Келтир" шайлоо округу.
Борбору: Кеңеш айылы, Кеңеш айыл өкмөтүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 988, мандаттардын саны - 7.
Чек аралары: № 5016 - Кеңеш шайлоо участкасы жайгашкан Кеңеш айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - "Пор" шайлоо округу.
Борбору: Пор айылы, Т.Сыдыков атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 530, мандаттардын саны - 4.
Чек аралары: № 5471 - Пор шайлоо участкасы жайгашкан Пор айылынын аймактары толугу менен кирет.
Алай району
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2687, мандаттардын саны - 11
№ 1 - "Боз-Караган" шайлоо округу.
Борбору: Боз-Караган айылы, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1572, мандаттардын саны - 6.
Чек аралары: № 5141 - Боз-Караган шайлоо участкасы жайгашкан Боз-Караган, Шамаке, Жар-Кыштак, Кара-Шоро айылдарынын чеги кирет.
№ 2 - "Арпа-Тектир" шайлоо округу.
Борбору: Арпа-Тектир айылы, Арпа-Тектир айылдык маданият үйүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: - 1115, мандаттардын саны - 5.
Чек аралары: № 5142 - Арпа-Тектир шайлоо участкасы жайгашкан Арпа-Тектир, Кызыл-Ой айылдарынын чеги кирет.
Кабылан-Көл айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 1552, мандаттардын саны - 11
№ 1 - "Кабылан-Көл" шайлоо округу.
Борбору: Кабылан-Көл айылы, Кабылан-Көл айылдык маданият үйүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1178, мандаттардын саны - 8.
Чек аралары: № 5143 - Кабылан-Көл шайлоо участкасы жайгашкан Кабылан-Көл, Кары-Жыгач, Курулуш, Ак-Талаа айылдарынын чеги кирет.
№ 2 - "Күңгөй" шайлоо округу.
Борбор: Күңгөй айылы, Күңгөй башталгыч мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 374, мандаттардын саны - 3.
Чек аралары: № 5439 - Күңгөй шайлоо участкасы жайгашкан Күңгөй айылынын чеги толугу менен кирет.
Кара-Суу району
Отуз-Адыр айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 9104, мандаттардын саны - 21
№ 1 - "Борбордук" шайлоо округу.
Борбору: Отуз-Адыр айылы, № 75 М.Жаманкулов атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 3803, мандаттардын саны - 9.
Чек аралары: № 5184 Борбордук шайлоо участкасы жайгашкан Отуз-Адыр айылынын М.Тешебаев атындагы көчөсүнүн төмөн жагы толугу менен кирет, № 5446 Зымырык шайлоо участкасы жайгашкан Отуз-Адыр айылынын М.Тешебаев атындагы көчөсү, М.Тешебаев атындагы көчөсүнүн жогору жагындагы Отуз-Адыр айылынын бөлүгү, Ынтымак айылынын жана Мамажан участкасынын аймактары кирет.
№ 2 - "Кара-Дөбө" шайлоо округу.
Борбору: Кара-Дөбө айылы, № 9 М.Тешебаев атындагы орго мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1990, мандаттардын саны - 4.
Чек аралары: № 5185 Кара-Дөбө шайлоо участкасы жайгашкан Кара-Дөбө айылынын аймагы толугу менен кирет, № 5186 Кызыл-Абад шайлоо участкасы жайгашкан Кызыл-Абад айылынын аймагы толугу менен кирет.
№ 3 - "Кыш-Абад" шайлоо округу.
Борбору: Кыш-Абад айылы, Тешебаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 3311, мандаттардын саны - 8.
Чек аралары: № 5189 Кыш-Абад шайлоо участкасы жайгашкан Кыш-Абад айылы жана Казак-Маала участкаларынын аймагы толугу менен кирет, № 5190 Жаңы-Кызылсуу шайлоо участкасы жайгашкан Жаңы-Кызылсуу жана Беш-Кепе айылдарынын аймагы толугу менен кирет, № 5447 Чымчык-Жар участкасы жайгашкан Савай-Арык, Фархад айылдары, Кожом-Бак, Ош-3000 участкаларынын аймактары толугу менен кирет.
Сары-Колот айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 3971, мандаттардын саны - 21
№ 1 - "Сары-Колот" шайлоо округу.
Борбору: Сары-Колот айылы, К.Жантөшөв атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1581, мандаттардын саны - 9.
Чек аралары: № 5187 Сары-Колот шайлоо участкасы жайгашкан Сары-Колот айылынын аймагы толугу менен жана Ак-Колот айылындагы Пазылов Чырмашбайдын үйүнүн төмөн жагы кирет.
№ 2 - "Курбан-Кара" шайлоо округу.
Борбору: Курбан-Кара айылы, Н.Исаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1377, мандаттардын саны - 7.
Чек аралары: № 5188 Тынчтык шайлоо участкасы жайгашкан Курбан-Кара айылы (Түрк-Маала), Тынчтык айылдарынын аймактары толугу менен кирет, № 5545 Жаңы-Чек шайлоо участкасы жайгашкан Присавай айылынын аймагы толугу менен кирет.
№ 3 - "Шерали" шайлоо округу.
Борбору: Шерали айылы, А.Кулботоев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1013, мандаттардын саны - 5.
Чек аралары: № 5191 Шерали шайлоо участкасы жайгашкан Шерали айылы (Бөрүлүк, Торойчу) толугу менен жана Ак-Колот Пазылов Чырмашбайдын үйүнүн жогорку жагы толугу менен кирет.
Талас облусу
Кара-Буура району
Шекер айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2418, мандаттардын саны - 11
№ 1 - "Арчагул" шайлоо округу.
Борбору: Арчагул айылы, Дуйшен атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 642, мандаттардын саны - 3.
Чек аралары: № 6024 Арчагул шайлоо участкасы жайгашкан Арчагул айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - "Шекер" шайлоо округу.
Борбору: Шекер айылы, Маданият үйүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1776, мандаттардын саны - 8.
Чек аралары: № 6025 Шекер шайлоо участкасы жайгашкан Шекер айылынын аймактары толугу менен кирет.
Бейшеке айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2553, мандаттардын саны - 11
№ 1 - "Кара-Буура" шайлоо округу.
Борбору: Кара-Буура айылы, Умарбеков атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 584, мандаттардын саны - 2.
Чек аралары: № 6046 Кара-Буура шайлоо участкасы жайгашкан Кара-Буура айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - "Бейшеке" шайлоо округу.
Борбору: Бейшеке айылы. Айыл өкмөтүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 834, мандаттардын саны - 4.
Чек аралары: № 6047 Бейшеке шайлоо участкасы жайгашкан Бейшеке айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 3 - "Кара-Суу" шайлоо округу.
Борбору: Кара-Суу айылы. Айтпаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1135, мандаттардын саны - 5.
Чек аралары: № 6048 Кара-Суу шайлоо участкасы жайгашкан Кара-Суу айылынын аймактары толугу менен кирет.
Бакыян айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 1832, мандаттардын саны - 11
№ 1 - "Бакыян" шайлоо округу.
Борбору: Бакыян айылы. С.Эшеналиев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1832, мандаттардын саны - 11.
Чек аралары: № 6049 Бакыян шайлоо участкасы жайгашкан Бакыян жана Тамчы-Булак айылдарынын аймактары толугу менен кирет.