Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-апрели № 35
2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тууралуу сунуштар боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 26–мартындагы № 4, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 29 чечимдеринин негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум Өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 2-апрели № 35 токтомуна тиркеме |
Нарын облусу
Жумгал району
Көк-Ой айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны – 1436, мандаттардын саны – 11
№ 1 - “Көк-Ой” шайлоо округу.
Борбору: Көк-Ой айылындагы С.Турусбеков атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1174, мандаттардын саны – 9.
Чек аралары: № 4121 – “Көк-Ой” шайлоо участкасы жайгашкан Көк-Ой айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - “Эмел-Арал” шайлоо округу.
Борбору: Арал айылындагы Б. Кожоналиева атындагы орто мектебинин имараты
Шайлоочулардын саны: 262, мандаттардын саны – 2.
Чек аралары: № 4122 “Кичи-Арал”, № 4123 – “Арал” шайлоо участкалары жайгашкан Кичи-Арал жана Арал айылынын аймактары толугу менен кирет.
Чүй облусу
Жайыл району
Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2153, мандаттардын саны – 11
№ 1 – “Петропавловка” шайлоо округу.
Борбору: Петропавловка айылы, маданият үйү.
Шайлоочулардын саны: 1390, мандаттардын саны 7.
Чек аралары: № 7322 шайлоо участогу, Петропавловка айылынын Д.Бедный, Луговая, Шевченко, Комсомол, Садовый, Совет, Ярова, Ключевая, Восток, Краснооктябрь, Крупская, Мир, Молодежный, Юбилейный, Фрунзе, Пограничный көчөлөрү, МТФ-1, МТФ-2 участоктору кирет.
№ 2 – “Кызыл-Дыйкан” шайлоо округу.
Борбору: Кызыл-Дыйкан айылы, Кызыл-Дыйкан атындагы орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 763, мандаттардын саны 4.
Чек аралары: № 7323 шайлоо участогу, Кызыл-Дыйкан айылындагы көчөлөрү С. Бөлөкбаев, У.Сарыбаев, Москва, Арчалуу, Багышан, Ак- Суу участогу кирет.