Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 66
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы № 57 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Ноокат районунун Көк-Бел, Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоого айылдык кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын 3/2си катышпагандыгына, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо катталган талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын зарыл болгон добуштарын албагандыгына жана Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин, Чүй районунун Кош-Коргон, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундары бош болуп калгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жана №424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр (мурда катоодон өткөн талапкерлер менен), Сары-Колот (жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен), Ноокат районунун Көк-Бел, Алай районунун Коңур-Дөбө (мурда катоодон өткөн талапкерлер менен) айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо 2015-жылдын 14-июлуна тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин, Чүй районунун Кош-Коргон, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2015-жылдын 17-июлунатиркемеге ылайык дайындалсын.
3. Кара-Суу, Ноокат, Алай, Токмок, Чүй, Ысык-Ата, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-июнундагы № 66 токтомуна тиркеме |
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы | Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы |
Ош облусу Кара-Суу району | ||
1. | Сары-Колот | 14.07.2015-ж., саат 9-00дөн 12-00 чейин |
2. | Отуз-Адыр | 14.07.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин |
Ноокат району | ||
3. | Көк-Бел | 14.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
Алай району | ||
4. | Коңур-Дөбө | 14.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
Чүй облусу | ||
5. | Токмок шаары | 17.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
Чүй району | ||
6. | Кош-Коргон | 17.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
Ысык-Ата району | ||
7. | Ысык-Ата | 17.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району | ||
8. | Тамга | 17.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |