Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 14-июну № 25/6-6

Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын директору Т.М. Толубаевдин жарандарга аныктамаларды берүү боюнча кайрылуусу жөнүндө

(Кара Көл шаардык кеңешинин 2013-жылдын 18-октябрындагы № 35/9-6 токтомунун редакциясына ылайык)

Токтогул ГЭСтернин Каскадынын директору Т.М. Толубаевдин жарандарга аныктамаларды (тактамаларды) берүү боюнча кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин кезектеги сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Коммуналдык тейлөөгө болгон чыгымдар жылдан жылга өсүүдө. Көрсөтүлгөн коммуналдык кызматтардын төлөмдөрүн чогултуунун деңгээли төмөндөп, дебитордук карыздар өсүүдө. Мындай жагдай муниципалдык менчик башкармалыгынын кварталдык комитеттери тарабынан аныктамаларды берүүдө шаардын тургундарынын коммуналдык кызматка болгон карыздарын эсепке албагандыгынан келип чыгууда.

Коммуналдык ишканалар комбинаты бир канча жылдан бери батирлерде жашаган, жылуу суу колдонгон шаар тургундарына үй-бүлөнүн курамы жана жашагандыгы тууралуу аныктамаларды берип келген. Ал эми шаардын калган жашоочуларына жогорудагы аныктамаларды кварталдык комитет берип келген.

Үй-бүлөнүн курамы жана жашагандыгы тууралуу аныктама жана башка аныктамалар бир жерден берилүүсү зарыл.

Кварталдык комитеттер Коммуналдык ишканалар комбинатына шаар тургундарынын коммуналдык кызматтарга болгон карыздарын жыйууга көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Коммуналдык ишканалар комбинаты кварталдык комитеттерге дебитордук карыздары бар шаар тургундарынын тизмесин берүүсү зарыл.

ТГЭС Каскадынын Коммуналдык ишканалар комбинатына дебитордук карыздарын жыйноого көмөк көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык менчик башкармалыгына (К.Сарбалаев) коммуналдык тейлөөгө карызы бар шаар тургундарына үй-бүлөнүн курамы жана жашагандыгы тууралуу аныктамаларды берүүдө эске алынсын.

2. ТГЭС Каскадынын Коммуналдык ишканалар комбинатына ( О.С.Кыдырмаев) муниципалдык менчик башкармалыгына ар квартал сайын коммуналдык тейлөөгө карызы бар шаар тургундарынын тизмесин берип туруу милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар , партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссияcына ( Ж.Орунова) жүктөлсүн.

 

Кара-Көл шаардык

кеңешинин төрагасы

 

М.К. Женбеков