КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябры № 35/9-6
“Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А.Мамажакыповдун “Каршылык билдирүү” катынын негизинде, Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.06.2013-ж № 25/6-6 сандуу токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги 6-сессиясында “Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын директору Т.М. Толубаевдин жарандарга аныктамаларды берүү боюнча кайрылуусу жөнүндө” 14.06.2013-ж № 25/6-6 сандуу токтом кабыл алынган, токтомдун 1-пункту мыйзам талаптарына карама-каршы келгендиктен төмөндөгү негиздерде жокко чыгарылууга жатат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-берен. ылайык, адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-бер. ылайык ар ким маалыматты эркин издөө , алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ экендигин белгилеп Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А.Мамажакыповдун 29.08.2013-ж 11/1-9-743-13 “Каршылык билдирүү” катынын негизинде, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып VI чакырылыштагы депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А.Мамажакыповдун “Каршылык билдирүү” катынын негизинде, Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.06.2013-ж № 25/6-6 сандуу токтомунун 1-пунктунун 3-сызыгындагы экинчи жана үчүнчү сөздөр төмөндөгү сөздөр менен алмаштырылсын: “Берүүдө эске алынсын”.
2. Бул токтомду Кара-Көл шаардык “Кара-Көл нуру” газетасына жарыялоо жана ченемдик укуктук актыларды каттоо реестрине өзгөртүлгөн токтомду каттого жөнөтүү шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |