Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-августу № 2
Шаардык кеңештин ачык сессияларын өткөрүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын шаардык кеңештин сессияларына катышуу эрежелерин аныктоо максатында депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин ачык сессияларды өткөрүү боюнча Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеңештин аппаратына ачык сессияларды өткөрүүдө кабыл алынган Жобону жетекчиликке алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Тагаев |
| Шаардык кеңештин 20.08.2013-жылдагы № 2 IX сессиясынын токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын өткөрүү тууралуу ЖОБО
I. Жалпы Жоболор;
II. Жер-жерлерде ачык сессияларын өткөрүү жол-жоболору;
III. Ачык сессиялар тууралуу маалыматтарды жайылтуу;
Бул Типтүү жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентине ылайык иштелип чыкты жана жер-жерлерде жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын даярдоо, өткөрүү жана ачык сессиялар тууралуу маалыматты таркатуу жол-жоболорун жөнгө салат.
1. Бул жобо жергиликтүү кеңеш тарабынан өзгөртүүлөр жана кошумчалар менен өзүнчө документ катары кабыл алынат.
2. Жергиликтүү кеңештин ишмердигинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп сессия эсептелет.
3. Жергиликтүү кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болот. Ар бир жаран жергиликтүү кеңеш бекиткен регламентке ылайык сессияларга катышканга укуктуу.
4. Жергиликтуү кеңеш сессиянын болор күнү, анын күн тартиби тууралуу жарандарга алдын ала маалымдоо, аларды сессияга катышуусуна шарт түзүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарды жергиликтүү коомчулукка жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдетүү.
5. Жабык сессияларда каралган маселелер мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тиешелүү болгон учурда өткөрүлөт.
6. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыкдар тараптарды сессиянын ишине катышуу үчүн чакырууну уюштурууну жетектейт.
7. Аталган жактарды чакырууну түздөн түз уюштуруу менен жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары, тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары жана депутаттары алектенет.
8. Жергилктүү кеңештин төрагасы өткөрүлүп жаткан сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат.
9. Өткөрүлө турган сессия тууралуу маалымат сессия өткөрүү күнүнө 10 күн калганга чейин эл көп чогулган жайларга илинет, жергиликтүү кеңештин сайтында жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
10. Ошондой эле тиешелүү жактар үчүн атайын чакыруулар жөнөтүлүшү, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн атайын баракчалар таркатылышы мүмкүн.
11. Жергиликтүү кеңеш өткөрүлө турган сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.
12. Конок катары ачык сессияга катышып жаткандар үчүн атайын жай аныкталат жана даярдалат, алардын катышуусу үчүн тиешелүү шарт түзүлөт.
13. Катышуучулардан үчүн даярдалган орундан көп адам келген учурда, төрага катышуучулар бата турган башка жайды уюштурат же катышуучулардын сессиянын өтүшү менен таанышуусуна шарт түзөт. Орунду ырастоодо жергиликтүү кеңешке анын аткаруу органы жана анын бөлүмдөрү жардам берет.
14. Конок катары катышып жаткандарды жооптуу катчы каттайт.
15. Сессияны ачар алдында кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) катышуучуларды жергилктүү кеңештин сессиясына катышуунун жалпы эрежелери менен тааныштырат.
16. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын учурунда катышуучулардын сессиянын жүрүшүнө кийлигишүүгө же тоскооолдук кылууга укугу жок. Ачык сессияларга катышуучуларга сөз депутаттардын макулдугу менен берилет.
17. Тоскоолдук кылган учурда кеңештин төрагасы (төрагалык кылучуу) мындай катышуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.
18. Өткөрүлгөн сессия, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат жергиликтүү кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
19. Жергиликтүү кеңеш бул маалыматты жергиликтүү коомчулук үчүн эл көп чогулган жерлерге жайгаштыра алат.
20. Ошондой эле жергиликтүү кеңеш сессиянын жыйынтыктарын өзүнчө басылма түрүндө чыгара алат.
21. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалыматтын айрым депутаттардын, коалициялардын, фракциялардын жана кеңештин отчеттору аркылуу калкка жеткирилишине көмөк көрсөтөт.
22. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардан өкүлдөрүнөн сурана алат.
23. Депутаттар өткөрүлгөн сессиялардын чечимдерин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда калкка жеткире алат.
24. Кызыкдар тараптар, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалымат алууга укуктуу.
25. Жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын даярдоо, өткөрүү, ошондой эле маалымат таркатуу менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчы |
Б. Беркбаева |