Редакцияот 16.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш кезексиз XI-сессия

2013-жылдын 16-ноябры № 1

Шаардагы билим берүүнүн, атайын кесиптик окуу жайлардын жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инспекциясынын абалы жөнүндө

Жалал-Абад шаардык кеңештин 2013-жылга карата келечектүү иш планына ылайык 11.11.2013-жылдагы тактамасынын негизинде, комиссиянын төрагасынын орун басары З.Абидованын баяндамасын угуп, депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, шаардык кеңештин кезексиз XI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар жана кыймылдар менен байланышуу боюнча туруктуу комиссиясынын «Шаардагы билим берүүнүн, атайын кесиптик окуу жайлардын жана жашы жете электердин инспекциясынын абалы жөнүндө» тактамасы эске алынсын.

2. Шаардагы орто билим берүү мекемелери боюнча тактамада көрсөтүлгөн кемчиликтерди кыскартуу, жылуулук сезонуна карата даярдыгын толугу менен бүтүрүү, окуучуларга билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүнөн иш алып баруу Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыгына (Ч.Дооронов) милдеттендирилсин.

3. Шаардагы атайын кесиптик окуу жайлардагы окуутуунун сапаты, студенттердин жатаканаларына тийиштүү шарт түзүүнүн үстүнөн иштөө, материалдык техникалык базаларын чыңдоо жагы шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэрине (А.Раматиллаева) жана атайын кесиптик окуу жайларынын директорлоруна милдеттендирилсин.

4. Шаардагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту азайтуу боюнча шаардагы орто билим берүү мекемелеринде лекция түрүндө түшүндүрүү иштерин жандандыруу жагы шаардык ички иштер бөлүмүнө (Н.Насыркулов) милдеттендирилсин.

5. Шаардагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукка жол бербөө максатында алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кварталдык комитеттер, аксакалдар соту аркылуу жеринде маселени чечүүнү шаардын аймактык башкармалыктарына жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инспекциясына милдеттендирилсин.

6. Жалал-Абад Үнү гезитинин редакциясына, жергиликтүү телеканалдардан профилактикалык иретте жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу, ичкиликтин зыяны, бангиликке каршы телеберүү, баян, макалаларды чагылдыруу милдеттендирилсин.

7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кенештин социалдык-укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар жана кыймылдар менен байланышуу боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.

9. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жалал-Абад шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

М. Тагаев

 

Шаардагы билим берүүнүн, атайын кесиптик окуу жайлардын жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инспекциясынын абалы жөнүндө ТАКТАМА

 

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2013-жылдын 1-июлунда №431 буйругу чыгарылып, иш-чара түзүлгөн. Иш-чаранын негизинде 7 адамдан турган штаб түзүлүп, бул буйрук бардык билим берүү мекемелерине жеткирилди.

Мектеп, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү мекемелерин күз - кыш мезгилине өз учурунда даярдоо боюнча төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды:

- көмүр менен жылытылуучу – 13 (5-мектеп, 8-бала бакча);

- өздүк электр менен жылытылуучу – 18 (10-мектеп, 6-бала бакча, 2-мектептен

 сырткаркы билим берүү мекемеси);

-борборлоштурулган – 14 (5-мектеп а.и. 2-мектепти көмүр менен жылытууга өткөрүүлүүдө, 7-бала бакча, 2- мектептен сырткаркы билим берүү мекемеси);

- газ менен – 4 (2-бала бакча, 2-үйбүлө тибиндеги балдар үйү);

- №1, №4 – спорт мектептер электр энергиясы аркылуу жылытылат;

- отканаларды, ички, сырткы жылуулук берүүчү системаны (трубаларды) текшерип, тазалоо жүргүзүлүп, сынак текшерүү жүргүзүлдү, өздүк электр менен жылуулук берүүгө “аристон”, “автомат”, “резетка” камдалды жана электр зымдарын атайын адистер менен текшерилип пайдаланууга даярдалган.(

Шаардык билим берүү башкармалыгында 2013-жылдын 22-июлунда көмүр даярдоого тендер өткөрүлүп, тендердик комиссиянын чечими менен 615 тонна көмүрдун ЖЧК “Ала-Фараби” камсыз кылуу аныкталып, тендердин шарты боюнча 625,81 тонна көмүр керектелсе, бүгүнкү күнгө көмүрдүн 611,550 тоннасы ташылып, ал эми 2012-2013-окуу жылында 14,260 тонна көмүр калдык болгондуктан ошону менен 615 тонна көмүр толук жеткирилди. Ал эми лимит боюнча электр энергиясы бир жылга 3 747 200,0 сом каралса, учурда 2 288 856,63 сом, газ бир жылга 202 100,0 сом каралса, учурда 91 611,17 сом акча каражаты сарпталган.

 Шаардагы Р.Санатбаев атындагы №9 мектеп-гимназиясынын жана №4 мектеп – гимназиясынын от казандарынын курулушу ОсОО “Асыл” жана “Суу-Курулуш” фирмаларына тендер боюнча берилген.

2013-2014-окуужылына карата 20 жалпы орто билим берүүчү мектептерде 596 класс менен 16590 окуучу комплектиленген. Класстагы балдардын орточо толукталышы 28 окуучуну түздү. Бул окуучуларга 909 мугалим билим тарбия беришүүдө. Мугалимдердин сапаттык курамы төмөндөгүдөй:

Аял мугалимдер- 794

Пенсия жашындагылар – 92

Билими жогорку- 34

Атайын орто – 78

КРнын Эмгек сиңирген мугалими – 5

КРнын билим берүүсүнүн отличниги - 397 .

Жумушка кабыл алынган жаш адистер – 26

Мектептен тышкаркы мекемелер -5 . Аларда 1322 окуучу кошумча билим алып жатышат.

1-4- класстар үчүн шашке чайы уюштурулат. 7878 окуучуга шашке чайын ичүүгө шарттар түзүлгөн.

Бардык мектептер компьютерлештирилген. Компьютер менен камсыздоо 75,8%.

Окуу китептер менен камсыз болуусу шаар боюнча 97% түзөт. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 109%

Орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 63,3%

өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 119%.

 Мектепке чейинки 21 билим берүү мекемелеринде 4184 балага 121 группа комплектиленген. Анын ичинен 10 сааттык режимде 3256 балага 91 группа, 12 сааттык режимде 896 балага 28 группа,24 сааттык режимде 32 балага 2 группа түзүлгөн.

 Текшерүү учурунда №№1,2,3,4,5,8,10,13-орто мектептер жана №№10,14,19,31 балдар-бакчалары каралды.

 Мектептерде мектеп окуучуларынын күзгү каникулу (2013-жылдын 2-ноябрынан тартып.10 –ноябрына чейин) болгондуктан мектепте окуучулар жок, бирок окуучулардын бош убактыларын туура пайдалануу максатын көздөп, мектеп окуучуларынын предметтер боюнча олимпиадасынын 5-11-класстар үчүн мектептик туру өткөрүлүп жаткандыгына күбө болдук. Мугалимдер баары жумуш ордунда. Бул мектептерде терезелердин сынган айнектери жаңыланып, жел кирген өткөөлдөр атайын кленкалар менен жабылып, жылууланган. Жылуулук системаларында жарактан чыккан түтүкчөлөр алмаштырылып, сыноодон өткөрүлгөн.

 М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында бул окуу жылында 45 класс менен 1503 окуучу комплектиленип, ал окуучуларга 65 мугалим сабак берет. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. Мектеп жаңы типтеги гимназия мектеби болгондуктан англис тили, математика, химия-биология сабактары тереңдетилип окутулат.2013-жылдын октябрь айында КРнын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мамлекеттик аттецстациялоо бөлүмү тарабынан кезектеги аттестациялоодон ийгиликтүү өтүшүп, мектептин гимназия статусу 5 жылга бекемделди. Мектеп кыш мезгилине даяр. Электр энергиясы аркылуу жылытылат.

 К.Закиров атындагы № 2 орто мектебинде 32 класс менен 907 окуучу комплектиленген. 46 мугалим эмгектенет. Окутуу жогорку класстарда өзбек тилинде ,башталгыч класстарда 13 класста орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мектеп жалпы орто билим берүүчү статуска ээ. Бул окуу жылдын 2013-жылдын октябрь айында гимназия мектебинин статусун алуу үчүн КРнын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мамлекеттик аттецстациялоо бөлүмү тарабынан атайын аттестациялоо тапшырып, анын жыйынтыгын күтүүдө. Жылуулук тармагы электр энергиясы аркылуу (автономдук, аристон) жылытылат.

 Ж. Бакиев атындагы № 3 орто мектебинде 40 класс менен 1340 окуучу комплектиленген. 54 мугалим эмгектенет. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. Мектеп жалпы орто билим берүүчү статуска ээ. Жылуулук тармагы электр энергиясы аркылуу жылытылат (откана, тен). Мектепте окуучулардын саны көптүгүнө байланыштуу башталгыч класстарда окуу бөлмөлөрү жетишсиз.

 №4 мектеп-гимназиясы гимназиясында бул окуу жылында 36 класс менен 919 окуучу комплектиленип, ал окуучуларга 63 мугалим сабак берет. Окутуу кыргыз тилинде, ал эми 6 башталгыч класстарда орус тилинде жүргүзүлөт. Мектеп жаңы типтеги гимназия мектеби болгондуктан англис тили, математика сабактары тереңдетилип окутулат.2013-жылдын октябрь айында КРнын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мамлекеттик аттецстациялоо бөлүмү тарабынан кезектеги аттестациялоодон ийгиликтүү өтүшүп, мектептин гимназия статусу 5 жылга бекемделди. Мектеп кыш мезгилине даяр. Борборлоштурулган жылуулук аркылуу жылытылат. Учурда көмүр менен жылытууга өткөрүү үчүн курулуш жумуштары жүрүүдө. Анын курулушу ушул жылдын 15-ноябрына карата аяктайт.

 Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясы гимназиясында бул окуу жылында 55 класс менен 1792 окуучу комплектиленип, ал окуучуларга 86 мугалим сабак берет. Окутуу кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мектеп жаңы типтеги гимназия мектеби болгондуктан англис тили, математика сабактары тереңдетилип окутулат.2013-жылдын октябрь айында КРнын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мамлекеттик аттестациялоо бөлүмү тарабынан кезектеги аттестациялоодон ийгиликтүү өтүшүп, мектептин гимназия статусу 5 жылга бекемделди. Мектеп кыш мезгилине даяр.

 Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинде бул окуу жылында 50 класс менен 1441 окуучу комплектиленип, ал окуучуларга 73 мугалим сабак берет. Окутуу кыргыз,орус,өзбек тилинде жүргүзүлөт. Мектеп кыш мезгилине даяр. Борборлоштурулган жылуулук аркылуу жылытылат.

 А.Навойи №8 орто мектебинде 25 класста 676 окуучу комплектиленген. 40 мугалим эмгектенет. Окутуу өзбек тилинде, ал эми башталгыч класстарда 3 класста окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. Мектеп кыш мезгилине даяр. Жылуулук электр энергиясы( автономдук, аристон) аркылуу жылытылат.

 №22 негизги орто мектебинде бул окуу жылында 8 класс менен 105 окуучу комплектиленип, ал окуучуларга 13 мугалим сабак берет. Окутуу озбек тилинде жүргүзүлөт.. Мектеп кыш мезгилине даяр. Жылуулук электр энергиясы( автономдук, аристон) аркылуу жылытылат.

 “Ак-тилек” №14 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде группа менен бала комплектиленген. Текшерүү учурунда наристелердин балдар-бакчасына келүүсү 100% болду. Менюда көрсөтүлгөн тамак-аш уюштурулган. Бул күнү шаар боюнча балдар бакчаларында эмгектенип жаткан музыка мугалимдери үчүн семинар өткөрүлүп жатканына күбө болдук. Бакча жылуу. Жылуулук электр энергиясы( автономдук, аристон) аркылуу жылытылат. Терезелери атайын кленкалар менен жабылып, жылууланган. Жылуулук системаларында жарактан чыккан түтүкчөлөр алмаштырылып, сыноодон өткөрүлгөн.

 “Барчын” .№ 10 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 6 группа менен 190 бала комплектиленген. Текшерүү учурунда наристелердин балдар-бакчасына келүүсү 100% болду. Менюда көрсөтүлгөн тамак-аш уюштурулган. Бакчанын тазалыгы санитардык талапка жооп берет. Бакча кыш мезгилине даяр. Борборлоштурулган жылуулук аркылуу жылытылат. Терезелер атайын кленкалар менен жабылып, жылууланган. Жылуулук системаларында жарактан чыккан түтүкчөлөр алмаштырылып, сыноодон өткөрүлгөн.

Материалдык базаны толуктоо боюнча 2013-2014-окуу жылында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тарбиялануучуларга шарт жаратуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоосунун натыйжасында 1991-жылдан бери жабылып калган группалар №№17,19.33 балдар бакчаларында 12 группа (3360000 сом) ачылып, пайдаланууга берилди. Бул балдар бакчаларын керектүү инвентарлар менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен 1258000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

№2 орто мектептин жана №14 мектеп лицейинин сырткы, №13 орто мектептин алдынкы фасаддары толугу менен капиталдык ремонттон (1340800 сомго) жергиликтүү бюджеттин эсебинен өткөрүлдү. №4 орто мектептеин чатыры (1409000 сомго), №14 мектеп лицейинин экинчи корпусунун чатыры каттуу шамалда учуп жараксыз болгондуктан аны тиникеге (185000 сомго) жергиликтүү бюджеттин эсебинен алмаштырылды.

 “Курманбек” кичи районунда №3 “Алтын Бешик” 150 орунга ылайыкташтырылган балдар бакчасынын имараты жергиликтүү бюджеттин эсебинен (27 млн сом) бүткөрүлүп, 1-октябрдан пайдаланууга берилди. Аталган балдар бакчасын инвентарлар менен камсыз кылуу учун жергиликтүү бюджеттен 1182000 сом акча бөлүнүп берилген. Достук” к\р 50 орунга ылайыкташтырылган балдар бакчасынын (5 млн сомдук) курулушу пландаштырылууда.

 2013-2014-окуу жылында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 450 кошумча орун пайда болду.

 “Арис” программасы менен “Жеңиш” к\р жайгашкан №17 орто мектебине кошумча 3 класстык бөлмө, ашкана, актовый зал, “Көк-Арт” к\р балдардын билим берүү борборунун филиалы куруу пландаштырылып, бул курулуштарга 19 млн 200 миң сом акча каражаты тартылды.

 “Мэрсико” долбоору менен Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинин 5 класстык бөлмөсүнүн линолиумдары жыгач полдорго (262295 сомго) алмаштырылды. Ошондой эле бул мектептин сырткы алдынкы фасады жергиликтүү бюджеттин эсебинен (530000 сомго) капиталдык ремонт жүргүзүлдү. “Мэрсико” долбоору аркылуу ”Ак-Бермет” балдар үйүнүн мончосу (189825 сомго) толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү.Ал эми №6- орто мектепке (199012 сомдук) жана №9 мектеп-гимназиясына (74800 сомдук) ашканага эмеректерди тартууга жетишти. Ж.Болотов атындагы №21 орто мектеби “Юзеф” долбоору менен бир (үч кызматы бириктирилген компьютер 55000 сомдук) комплек техникалык жабдуу алышты жана 120000 сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен класстардагы чириген полдору алмаштырылды.

Жалпы Эл аралык уюмдар тарабынан тартылган инвестициялар-29774020 сом.

Жогоруда көрсөтүлгөн ийгиликтер менен кошо шаардык билим берүү бөлүмүндө төмөнкүдөй проблемалар бар:

1. Мектептерди китеп менен камсыздоо:

     - кыргыз класстары 69,76%

     - орус класстары 51,93%

     - өзбек класстары 59,58%

2. Авариялык абалдагы №6 орто мектепке 6 млн сомдук жумуш аткаруу зарыл.

3. Мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын саны жылдан жылга өсүүдө 2004-жылдан бери жаъы мектеп курулбаган (быйылкы окуу жылында 1000 окуучуга көбөйдү) ошого байланыштуу шаарга Ч. Айтматов атындагы аймактык башкаруусуна 350 орундуу жаъы мектеп жана “Достук” аймактык башкаруусуна 150 орундуу балдар бакчасын куруу зарылдыгы бар.

 

Жалал-Абад шарындагы №1 кесиптик лицейи

Жалал-Абад шаарыдык №1кесиптик лицейи СССРдин жер комисариатынын буйругу менен механизаторлорду даятдоочу курс болуп 1938жылы уюшулган.

25000ден ашуун квалификациялык кадрлар даярдалган, алардын

8 бүтүрүүчүсү Социалистик эмгектин баатыры, бирөө советтер союзунун баатыры, 2000ден ашуун бүтүрүүчүсү жогорку өкмөттүк сыйлыктарга ээ болушкан.

Учурда төмөнкү адистерге даярдоо жүргүзүлүүдө.

9-класстын базасында

1. Айыл чарба өндүрүшүнун устаты (Фермер) окуу мөөнөтү 3жыл

2. Устат-механик окуу мөөнөтү 3жыл

3. Тигүүчү окуу мөөнөтү 3 жыл

11-класстын базасында окуу мөөнөтү 1жыл.

1. Электр жана газ менен ширетүүчү

2. Тигүүчү

3. Авто-механик

4. Электро монтер

5. Устат механик

6. Чач тарач

Жумушсуздарды кайрадан окутуу контрактык негизде окутуу боюнча . мөөнөтү 3 ай

1. Электр газ менен ширетүүчү

2. Чач тарач

3. Авто унаа айдоочуу

4. Муздатуу системаларын ондоочу

5. Тигүүчү

6. Электромонтер

7. Ашпозчу

8. Кургак курулуш иштеринин устаты

Окуу материалдык база

Окуу корпусу 600 орун

Жатакана 400 орун

Аш кана 200 орун

Актовый зал 240 орун

Спорт зал 200 орун

Окуу өндүрүштүк өнөркана 200 орун

Техника

Автомобильдер 6 даана

Тракторлор 6 даана

Ширетуу цех 3 даана

Токардык цех 1 даана

Вулканизациялык цех 1 даана

Развал жана схождения цехи 1 даана

Проектер менен иштөөдө .

1. дүнүйөлук банк менен - 6.0 млн сом.

2. АБР менен - 17.0 млн сом

3. Мерсико - 600 000 сом.

4. Евросоюз менен – 870000 сом.

Кадрлар.

1. Окуу жайда 60 инженердик –педогогикалык кадрлар иштешет. Алардын 2 Республиканын эмгек сиңирген мугалими. 20 дан ашуусу кесиптик –техникалык билим берүүнүн отличниги эмгектенип жатышат.

Проблемалар.

1. Окуу жайдын 2- окуу корпусунун чатырынан тамчы агат.

2. Окуу жайга психонаркологиялык борбор жакын жайгашкан. Бул борбордо жаткан бейтаптар окуужайдын аймагына келген окуучуларды коркуткан учурлары бар.

3. Окуу жайы пайдаланып жаткан электр энергиясы үчүн убагында акча которо албайт.

4. Заманбап тигүүчү машиналар бар болуп, кездеменин жетишсиздиги бар.

№75-кесиптик лицей

Лицей туптолгондон бери квалификациялуу эмгек кадрларын даярдап куруучуларды ондурушко керектелуучу кесип ээлерин даярдоого о.э. женил онор жай мекемелерине даярдоодо. 62 адамдар турган стабилдуу инженердик-педагогикалык коллектив тандалып алынган. Алардын ичинен 21 жогорку билимдуу педагогдор, атайын орто билимдуу 6 жана атайын техникалык орто билимдуу 14 педагогикалык состав, баары 41 адам.

1. №75-КЛ томондогучо курамды камтыйт:

- 375 орундук окуу корпусу;

- 105 орундуу жатакана;

- 100 орундуу ашкана;

- ар бир кесип боюнча 60 орундуу ондуруштук окуу кааналары (цехтер, ЛПЗ);

- 16 комплектуу компьютер каанасы;

- спорт зал жана спорттук аянтча керектуу спорт жабдыктары менен;

- 30 орундуу газоэлектрширетуу каанасы;

- библиотекалык фонд;

- окуу-ондуруштук полигону менен.

Окуу корпусунда квалификациялык кадрларды даярдоо учун 3 автомобиль бар, алардын ичинен бироо Ланос маркасындагы, Портер-хундай жана Зил-130 автомашиналары жумушчу абалда.

Китепканадагы китеп фонду 24403 китепти тузот.

Алардын ичинен:

- атайын предметтер боюнча 1970;

- усулдук, техникалык, саясий жана корком адабияттар;

- предметтик сабактар боюнча 3899;

- усулдук брошюра ж.б.

2013-2014-окуу жылында 385 окуучу окуйт. Орто мектептин базасы 78, толук эмес орто мектеп базасы 307. Жалал-Абад шаарындагы №75-КЛ башталгыч кесипке билим берууну томондогу кесиптер боюнча даярдоодо:

- электргаз менен ширетуучу, «ВС» категориясындагы айдоочу;

- ашпозчу-кондитер;

- курулушка кургак буюмдарды пайдалануу боюнча уста;

- электр жабдууларын ондоочу электромонтер, «ВС» категориясындагы айдоочу;

11-класстын базасында.

- электр газ менен ширетуучу, «ВС» категориясындагы айдоочу;

- - ашпозчу-кондитер;

-офис-менеджер;

Ошондой эле жумушсуз жарандарды кайрадан кесипке даярдоо учун 3 айлык кыска мооноттогу кундузгу жана кечки курстар:

- электр газ менен ширетуучу;

- чач тарач;

- ашпозчу-кондитер;

- персоналдык компьютердин оператору;

- радио жана телевизор ондоочу;

- столяр-плотник;

- «ВС» категориясындагы айдоочу.

Окуу жайда 385 окуучу окуйт, бутуруучу 201.

Бардык кесиптер боюнча кесиптик техникалык билим беруу мамлекеттик агенствосу тарабынан бекитилген.

№75-кесиптик лицейдеги көйгөйлүү маселелер

1. №75-КЛдин окуучулар учун жатаканасы курулгандан бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес.

2. Жатаканадагы төшөнчү-жамынуучу буюмдардын, эмеректердин (темир кровать, стол, стул, шкаф, тумбочка), полго төшөлгөн тактайлардын, эшик рамалардын, шыпка кадалган фанералардын эскилиги жетип калган.

3. Спорттук залдын, цехтердин жана китепкананын чатырларынын шиферлеринин эскилиги жеткен абалда.

4. Окуучуларды окутууга талапка жараша жаны үлгүдөгү китептер, көрсөтмө куралдар, электрондук доскалар, куйүүчү жана майлоочу майлар жетишсиз.

Жалал-Абад медициналык колледжи

Түштүк Кыргызстандагы алгачкы окуу жайлардын бири болуп Жалал-Абад медициналык колледжи саналат.

Учурда окуу жайында 1492 ден ашык студенттер бюджеттик жана контрактык негизде төмөнкү факультетттерде

- сестралык иш

- дарылоо иши

- акушердик иш

- медико-профилактикалык иш

- лабораториялык диагностика

- фармация.

- тиш дарыгери

- тиш техниги адистиктер боюнча билим алушууда.

Окуу жайдын директорунун демилгеси менен ашар жолу аркылуу сырткы туалет курулуп, ишке киргизилди.

Көйгөйлүү маселелер:

1. Студенттердин көптүгүнө байланыштуу дене тарбия сабагын өтүүдө спорт аянтчасы жетишпей жатат.

2. Окуу практика базасынын чатырынан тамчы өтүп жаткандыгына байланыштуу чатырын алмаштыруу

3. ДКБга жылытуу системасын орнотуу

4. Жалал-Абад медициналык колледжинин балансындагы студенттер үчүн курулган эски мончону (авариялык абалда турат) кайрадан куруу.

5. Жатакананын жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү.

6. Жатакананын II блогунун 2,3,4-кабаттарын капиталдык ремонттон өткөрүү.

7. Кышкы убактарды электр энергиясынын жана суунун үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу (медициналык колледж жайгашкан аймакта тез-тез өчүрүлөт).

Жалал-Абад педагогикалык колледжи жөнүндө маалымат.

Жалал-Абад педагогикалык колледжи 1995-жылы мурунку А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайдын уландысы катары ачылган.

     Окуу жай башталгыч класстардын мугалимдерин даярдайт. Күндүзгү жана сырткы окуу бөлүмдөрү бар.Окуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.

     Студенттерге билим берүүдө 16 мугалим эмгектенет.Алардын ичинен 12 мугалим эл агартуу мыктысы.

     Жогорку категория-11 мугалим

     1-категория – 2 мугалим

 Категориясы жок-3 мугалим

     Быйылкы окуу жылында күндүзгү бөлүмдө-217, сыртан окуу бөлүмүндө -244 студент окуп билим алууда.

     Күндүзгү бөлүмдө окуган группалар үчүн кабинеттер толук жасалгаланган.

     Китепканабыз бар. Бардык предметтер үчүн окуу китептер камсыз болгон. Б.а. педагогика, психология усулдук колдонмолор жетишээрлик деңгээлде.

     Компьютердик кабинетибиз жаңы компьютерлер менен жабдылган.

     Окуу жай кышкы сезонго даяр.

     Ар бир кабинетке арестон коюлган, терезелер кленкалар менен тосулду.

     Кыш мезгилинде мектеп менен келишим түзүлүп, спорт аянтчасында дене тарбия сабагы өтүлөт.

     Жалпы окуу жай жай мезгилинде ремонттолду.

     Окуу жайдын негизги проблемалары:

Келечекте окуу жайдын материалдык- техникалык базасын чыңдоо.

Мезгилге ылайык сапаттуу адистерди даярдоо.

 

Жалал-Абад маданият техникуму

Жалал-Абад маданият техникуму 29.10.1979-жылы №519 Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин токтомунун негизинде 1980-жылы түзүлгөн.

Техникумда ар жылына 100 талапкер кабыл алуу планы бекитилип, алгачкы учурда «Китепкана иши» жана «Клубдук » бөлүмдөрү ачылып ишке киргизилген.

1987-жылдан баштап сырттан окуу «Китепкана иши» бөлүмү ачылып , иш жүргүзгөн болсо, 1992-жылдан тарта сырттан окуу «Клубдук» бөлүмү ачылып ишке киргизилген.

Жалал-Абад маданият техникумунда учурдагы талапка ылайык заманбап түзүлгөн окуу планы жана окуу программаларынын негизинде иш алып бару менен 2012-2013-окуу жылында төмөндөгү адистиктерди даярдап чыкты.

1. 0518- «Социалдык маданий ишмердиги жана элдик көркөм чыгармачылыгы», музыка сабагынын мугалими.

2. 0517- «Китепкана иш жүргүзүүчү, архив кызматкери».

Техникумда «Социалдык маданий ишмердиги жана элдик көркөм чыгармачылыгы» бөлүмүндө төмөндөгү адистерди даярдайт.

1. Кыргыз эл аспаптар оркестринин жетекчиси, музыка сабагынын Мугалими

2. Хор коллективинин жетекчиси, музыка сабагынын мугалими.

3. Эстрада ансамбль тобунун жетекчиси.

Ошондой эле, «Китепкана иш жүргүзүү» бөлүмүндө: Китепканачы, иш жүргүзүүчү, архив кызматкери адистери боюнча даярдайт.

Бүгүнкү күндө техникумда 182 студент билим алууда. Техникумда жалпысынан 31 окутуучу эмгектенет анын ичинен 22 окутуучу негизги мугалим 9 окутуучу чектелген саат менен иштегендер.

Техникумду бүгүнкү бүтүрүчүүлөрдүн 80%га жакыны өз кесиптерине орношуп иш жүргүзүп келет. Республиканын, областыбыздын бардык аймагында дагы да кадрлар жетишсиз, ошондуктан техникум областыбыздын ар бир райондорунан окутууга кадрларды жөнөтүүнү талап кылып байланышып турат.

Эстрада сабагын өтүү үчүн музыкалык аппаратура, ямаха, 5 дааны комуз, кыяк 3 даана сатылып алынды.

 Ошого карабай кээ бир музыкалык инструменттер жетишпейт (чоор,чопо, блок флейта,гитара) жана компьютердик класс ачуу үчүн 10 даана компьютер керек. Ошондой эле окуу корпусу косметикалык ремонттон өткөрүлдү. ПРООН дун жардамы менен эки этаждын коридорлору, бирин экин класстар капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Маданият техникумунун имараты эски, класс каналары , жатаканасы , окуу корпусу толугу менен ремонтко муктаж.

Техникумдун студенттери 2013 жылдын март айынан бери стипендия берилбей келет.

Жалал-Абад шаарынын аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында тартип бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө маалымат

 Жалал-Абад шаары боюнча ЖЖОИнын кызматкерлери, социалдык өнүгүү башкармалыгы, үй-бүлөнү жана балдары колдоо бөлүмү, мектеп парламенти, ата-энелер комитети менен биргеликте «Мектеп күзөтү» 8 жолу, «Жайкы балдар» 1 жолу, «Түнкү өспүрүм» 1 жолу, «Лидер» 1 жолу, «Анти Рэкет» 2 жолу, «Камкордук» 2 жолу сыяктуу рейддер өткөрүлүп жатты.

     Рейддер убагында Жалал-Абад ШИИБнүн имаратына 210 жаш өспүрүм алынып келинип, алардын ата-энелери жана аларды алмаштырган башка адамдар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

     Рейддер убагында Жалал-Абад шаарында жайгашкан № 1, 2, 3, 4, 17, 7, 8, 9 орто мектептерде атайын даярдалган видеороликтер көрсөтүлдү. Андан сырткары жогорудагы орто мектептерге Жалал-Абад ШИИБнүн, мэриянын кызматкерлери, шаардык прокуратуранын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан арылтты жана болтурбоо боюнча иш чаралар жүргүзүлүп, кеңири темада сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Андан сырткары Жалал-Абад шаарында жайгашкан ар бир орто мектептеринде «алдын алуу» кеңештери түзүлүп, азыркы күндө өз ишмердүүлүгүн улантышып иш алып барышууда.

     Коомдук жайда тартип бузган 24 өспүрүмдүн ата-энелерине Кыргыз Республикасынын административдик кодексинин 65 беренесинин негизинде 24 протокол түзүлүп, айып төлөмдөр салынды.

     Кылмыштуулук боюнча Жалал-Абад шаары боюнча 16 кылмыш иши Жалал-Абад ШИИБнүн КККне катталып алардын 12 кылмыш иши тергелип соттун кароосуна жөнөтүлдү жана алар төмөнкүлөр болду:

Каракчылык 1, уурулук 5, тоноо 2, денеге залал келтирүү 3, башка кылмыштар 2, аларга 12 өспүрүм катышкан.

Жалал-Абад шаары 4 административдик аймакка бөлүнүп, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу, баңгиликке, аракечтикке каршы күрөшүү боюнча шаар аймагында жайгашкан орто мектептерде 60 жолу лекция жана чогулуштар өткөрүлүп, профилактикалык иш чаралар жүргүзүлүүдө.

 Жаш өспүрүмдөр менен кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында ЖЖОИнын кызматкерлери 210 жолу ар кандай лекция жана беседаларды өтүштү.

     Жалал-Абад шаарында жайгашкан Ак Жол балдарды реабилитациялоо борборуна 16 жаш өспүрүм көчөдө селсаяктык кылып жүргөндүгү үчүн акт түзүлүп тапшырылды.

 Жалал-Абад ШИИБнүн ЖЖОИнын участкалык инспекторлору тарабынан өткөрүлгөн профилактикалык рейддер убагында Жалал-Абад шаарынын аймагында көчөдө ар кайсы жактан келип селсаяктык кылып жана коомго жат көрүнүштөрдү жасап жүрүшкөн жаш өспүрүмдөрдүн үстүнөн топтолгон 32 материал жеринде чечүү үчүн республиканын ар кайсы ШИИБдөрүнө жөнөтүлдү жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Ак-Жол» балдарды реабилитациялоо борборуна 16 жаш өспүрүм көчөдө селсаяктык кылып жүргөндүгү үчүн акт түзүлүп тапшырылды.

     Азыркы убакта Жалал-Абад ШИИБнүн ЖЖОИнын профилактикалык учётунда 58 жаш өспүрүм каттоодо турат. Алардын ичинен 6 жогорку жана атайын орто окуу жайлардан, 19 мектептерден, калганы эч жерде окубаган балдар. Бул эч жерде иштебеген балдар жакынкы райондордон келген балдар.

        

 

 Азыркы күндө Жалал-Абад ШИИБнүн ЖЖОИнын алдын алуу катоосунда турган балдар төмөнкү мектептердеги окуучулар:

 

№ 9 мектептен 4 окуучу,                                    № 19 мектептен 3 окуучу,

№ 21 мектептен 1 окуучу,                                  № 5 мектептен 2 окуучу,

№ 4 мектептен 1 окуучу,                                    № 6 мектептен 8 окуучу