Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-ноябры № 2
Жалал-Абад шаар аймагындагы муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн алынуучу ижара акылардын тарифин көтөрүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 2013-жылдын 17-апрель № 240 сандуу каттын негизинде шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 01-январынан тартып муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн алынуучу ижара акылардын бир айлык тарифи 50% пайызга жогорулатуу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын калкына массалык маалымат каражаттарынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Иш кагаздарды даярдоо жана өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомду жетекчилике алуу жагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасы |
М. Тагаев |
| Шаардык кеңештин «16» ноябрь 2013 ж. XI- сессиясынын № ___ токтомуна 1-тиркеме |
1-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 11,25 сом *3 =33,75 сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
2-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 10,5 сом *3 =31,5 сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
3-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 9,75 сом *3 =29,25 сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
4-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 9,0 сом *3 =27,0 сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
5-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 7,5 сом *3 =22,5 сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
6-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 5,25 сом *3 =15,75 сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
7-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 3,75 сом *3 =11,25 сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы |
Б. Беркбаева |