ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезексиз XI-сессия
2013-жылдын 16-ноябры № 3
Жалал-Абад шаарындагы соода борборлордун жана калкка кызмат көрсөтүүчү коомдук тамактануучу жайлардын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү» мыйзамынын 53-беренесине ылайык, Жалал-Абад шардык кеңешинин 2013-жылга карата иш мерчемине негизинде өнөр-жай, соода, айыл чарба жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 11.11.2013-жылдагы №7-чечимине ылайык жана шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шардык кеңешинин өнөр-жай, соода, айыл чарба жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасы эске алынсын.
2. Шаардагы баардык базарлардын санитардык гигиеналык абалдарын жакшыртуу жана сатуучуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү жагы базар ээлерине жана аны көзөмөлгө алуу жагы керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине милдеттендирилсин.
3. Шаардагы базар ээлерине базарда иштетип жаткан таразаларды талапка жооп бере турган көзөмөлдөөчү таразалар менен иштөөнү тез арада камсыз кылуу, таразаларды Жалал-Абад областы боюнча мамлекеттик метрология көзөмөлдө инспекциясынын кароосунан өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы мэриянын керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине милдеттендирилсин
4. Шаардагы жалпы базарларда өрт өчүрүүчү шаймандарды, өрттүк калкандарды талапка ылайык деңгээлде базарга орнотуу иштери жүргүзүлсүн жана өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча түшүндүүрү иштери ар бир базар жетекчиси менен Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматына милдеттендирилсин.
5. Шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын санитардык-гигиеналык нормаларын жакшыртуу, азык түлүктөрдү сактоо эрежелерин камсыздоо, сапаттуу азык-түлүктөр менен тамак-аш жасоо, санитардык-гигиеналык нормаларын сактоо жагы коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине, көзөмөлдөө жагы мэриянын керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине милдеттендирилсин.
6. Шаардагы маркеттердеги, соода борборлорундагы, кичи дүкөндөрдөгү сатылуучу азык түлүктөрдүн сактоо мөнөтү көзөмөлгө алынсын жана көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн сатылышына тыюу салуу жагы Жалал-Абад шаардык орулардын алдын алуу жана экспертиза борборуна милдеттендирилсин.
7. Тактамада көрсөтүлгөн кемчиликтерди кетирген жетекчилерге мыйзам чегинде чара көрүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өнөр-жай, соода, айыл чарба жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Т.Осмонов) милдеттендирилсин.
10. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Тагаев |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын ТАКТАМАСЫ
2013-жылдын 9-октябры
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кенешинин 2013-жылга карата келечектүү иш мерчеминин негизинде, шаардагы соода борборлордун абалы жөнүндө жана шаардагы тейлөө кызмат көрсөтүүчү мекемелердин санитардык абалы жөнүндө жеринде барып иликтеп, таанышуу иштери жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды:
Жалал-Абад шаарындагы Ленин, Пушкин көчөлөрүндөгү жана Спутник, Курманбек аймактык башкармалыгындагы ошондой эле борбордук базарлардын ичиндеги обьектилер текшерилип чыкты.
(Текшерилген соода борборлордун жана шаардагы тейлөө кызмат көрсөтүүчү мекемелердин тизмеси тиркелет)
Текшерүүнүн жыйынтыгында Жалал-Абад облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Жалал-Абад шаардык орулардын алдын алуу жана экспертиза борбору тарабынан төмөндөгүдөй иш чаралар аткарылды.
Шаардагы соода борборлордун жана тейлөө кызмат көрсөтүүчү мекемелердин санитардык абалы жөнүндө:
Бүгүнкү күндө шаарыбызда коомдук тамактануучу жайлардын саны 161 ден ашуун ал эми соода түйүндөрү 284 кө жакын. Шаардык санитардык көзөмөлдөө борбору тарабынан баардыгы болуп 483 объект текшерилди, алардын ичинен 186 коомдук тамактануучу жайлар жана 297 соода түйүндөрү. Текшерүү учурунда кемчилдиктерди жою боюнча актылар түзүлдү, 84 санитардык көрсөтмөлөр берилди. Санитардык эрежелерди одоно бузган ашканалардын жана соода түйүндөрүнүн жетекчилерине айыптар салынды, айып саны 188 жооптуу кишилерге 92,0 (токсон эки миң) сом салынды. Убактылуу текшерүү учурунда санитардык эрежелерди одоно бузган 75 коомдук ашканалар, соода түйүндөрү убактылуу жабылды. Мындан сырткары 1 иш шаардык прокуратурага берилди. Медициналык кароодон убагында өтпөгөн 11 жумушчу убактылуу иштен четтетилди.
Областык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы даарыгердин орун басары текшерүү учурунда базарлардын аймагын таза суу менен камсыздоо жана кол жуучу жайларды уюштуруу, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышына катуу көзөмөл жүргүзүү, тейлөө маданиятын жогорлатуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барды жана ар бир азык түлүк базарларында, дүкөндөрдө, кичи маркеттердин ичинде сүлгү, кол жуучу жайлар болуу талабын койду.
Ушул эле маселе боюнча Жалал-Абад шаардык салык бакшармалыгы да текшерүү учурунда катышты. Аталаган иш кананын берген маалыматына ылайык, шаардагы ар бир соода борборлордун жана тейлөө кызмат көрсөтүүчү объектер салыктарды өз убагында толук кандуу төлөп жаткандыгы боюнча билдирди. Ошондой эле салык төлөчү мекемелерге өздөрүнүн кеп-кеңештерин беришти.
Борбордук базар:
Борбордук базарда 478 соода түйүн керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине караштуу ал эми 124 менчик соода түйүндөрү жайгашкан. Борбордук базарда соода түйүндөрү өтө тыгыз жайгашкан, бирок өрт коопсуздугуна каршы өрт өчүрүү жана пайдалануу үчүн суу түтүкчөлөрү киргизилбеген.
Базарларда жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде керектөөчүлөрдүн укугунун бузулушуна жол берилгендиги аныкталды. Базарларда көпчүлүк сатуучулар соода –сатыка атайын колдонулуучу таразалар менен базар ээлери толук камсыз болушкан эмес. Базарлардын башчылары таразаларды жана анын таштарын текшерүүнү 100 пайызга камсыз кылып бере алышпайт жана таразаларын текшерүүдөн жана текшерүүгө төлөнүүчү акыларды төлөгөндөн сатуучулар баш тартышкан учурлар кездешет, соода операцияларында колдонууга мүмкүн болбогон (тыюу салынган) үй-тиричилигинде колдонулуучу пружиналуу таразалар дагы да болсо колдонулуп келе жатат.
Соода түйүндөрүндө негизинен тамак-аш продукталарынын шайкештик сертификаты жок сатылууда, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругун 30.12.2005 ж. №639 “Милдеттүү түрдө сертификатциялануучу продукциялардын тизмесин” бузгандык болуп эсептелинет. Тамак-аш продукталарынын сатууда товардык коңшулук сакталбаган.
Чоң жолдун болйлорунда товарларды тизип алып сатуу фактылары көп жана соодага уруксат берилбеген жерлерде соода жүргүзүшүүдө. Ошондой эле жашы 18 чыкпаган жаш балдар –кыздар соода кылууда. Базарлардын толук менчиктештирилгендигине байланыштуу көп жайларды кардарлар өтүүчү жана соода кылуучу жолдор тарып, эркин басып соода жүргүзүүгө мүмкүн эмес жана өрт коопсуздугу сакталган эмес. Бул көрүнүштөр кардарлардын нааразычылыгын туудурууда.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын чечими:
1. Шаардагы баардык базарлардын санитардык гигиеналык абалдарын жакшыртуу жана стауучуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү жагы базар ээлерине жана аны көзөмөлгө алуу жагы мэриянын керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине милдеттендирилсин.
2. Шаардагы базар ээлерине базарда иштетип жаткан таразаларды талапка жооп бере турган көзөмөлдөчү таразалар менен иштөөнү тез арада камсыз кылуу, таразаларды Жалал-Абад областы боюнча мамлекеттик метрология көзөмөлдө инспекциясынын кароосунан өткөрүлсүн, көзөмөлгө алуу жагы мэриянын керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине милдеттендирилсин
3. Шаардагы жалпы базарларда өрт өчүрүүчү шаймандарды, өрттүк калкандарды талапка ылайык деңгээлде базарга орнотуу иштери жүргүзүлсүн жана өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча түшүндүүрү иштери ар бир базар жетекчиси менен Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматына милдеттендирилсин.
4. Шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын санитардык-гигиеналык нормаларын жакшыртуу, азык түлүктөрдү сактоо эрежелерин камсыздоо, сапаттуу азык-түлүктөр менен тамак-аш жасоо, санитардык-гигиеналык нормаларын сактоо жагы коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине, көзөмөлдөө жагы мэриянын керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине милдеттендирилсин.
5. Шаардагы маркеттердеги, соода борборлорундагы, кичи дүкөндөрдөгү сатылуучу азык түлүктөрдүн сактоо мөнөтү көзөмөлгө алынсын жана көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн сатылышына тыюу салуу жагы Жалал-Абад шаардык орулардын алдын алуу жана экспертиза борборуна милдеттендирилсин.
6. Комиссиянын тактамасы шаардык кеңештин сессиясында талкууга алынсын.