Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5 апрели № № 7
Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобосуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө
“Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобосуна өзгөртүү толуктоо киргизүү боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын-пикирлерин угуп Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобосуна өзгөртүү толуктоо киргизүү боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Конкобаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXV- чакырылышынын 17-декабрь 2010-жылдагы кезектеги 15-сессиясынын № 9-токтому менен бекитилген “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-бөлүмдүн 2.3-пунктундагы “шаардын экономикасын, социалдык-маданий денгээлин көтөрүүгө, элдин жашоо турмушун жакшыртууга өзгөчө көрүнүктүү үлүшүн кошсо” деген 4-пунктчасы алынып салынсын.
2) 2-бөлүмдүн 2.3-пунктундагы “Афган согушунун катышуучулары” деген 8-пунктчасына кошумча “өзгөчө эрдик көрсөткөн каармандыгы үчүн сыйланган орден же медалдардын ээлерине” жана “жергиликтүү Кеңештерге 3 ирет депутат болуп шайланса” деген пунктчага “Жогорку Кеңештин депутаты” деген сөздөр кошулуп жазылсын.
3) 3-бөлүмүндөгү 3.1-пунктуна кошумча “атуулдардын иштеген жамааттарынан, жогорку инстанциялардан” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул өзгөртүүлөрдү жобого киргизүү, тактоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзадуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Конкобаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы |
Кулдышев М.С. |
| «Бекитилди» Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын № 7 –токтому 05-апрель 2013-жыл |
Шаар мыйзамына ылайык шаар мыйзамынын бардык таламдарын үлгүлүү аткарган, коомдук ишке активдүү катышкан, кадыр-барктуу адамдарды, шаардын экономикалык, социалдык-маданий жактан өнүгүшүнө, элдин жашоо турмушунун жакшырышына, укук. эмгек тартиптеринин чыңалышына, элдин биримдигин, достугун бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон жарандарга эмгегине баа берүү. ыраазычылык билдирүү максатында жана эмгек жолунан, коомдук ишмердүүлүгүнөн жаш муундардын таалим алуусун көздөп шаардык Кеңештин сессиясы «Шаардын ардактуу атуулу» деген наам ыйгаруу жөнүндө жабык добуш берүүнүн натыйжасында чечим кабыл алат.
2.1. «Шаардын ардактуу атуулу» деген наам ыйгаруу шаар мыйзамынын (Уставынын) XIX бөлүмүнүн экинчи жана үчүнчү пункттарын жетекчиликке алып жана шаардык Кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилген «шаардын ардактуу атуулу» деген наам ушул жобонун негизинде жүргүзүлөт.
2.2. «Шаардын ардактуу атуулу» деген наамды эл алдында көрүнүктүү эмгек сиңирген жарандар алууга укуктуу.
2.3. «Шаардын ардактуу атуулу» деген наамын ыйгарууда төмөнкү өзгөчөлүктөр эске алынат:
Кыргыз Республикасынын батыры;
Кыргыз Республикасынын "Манас" орденинин же "Данк" медалынын ээси;
"Элдик", "Эмгек сиңирген" наамдарына татыктуу болгондор;
Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү Кеңештерге үч ирет депутат болуп шайланса;
СССРдин мезгилинде жогорку сыйлыктарга жана наамдарга ээ болгондор;
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
_ Афган согушунун катышуучулары, өзгөчө эрдик көрсөткөн каармандыгы үчүн
сыйланган орден же медалдардын ээлери.
- Чернобаль апаатынын катышуучулары.
2.4. Өзгөчө баатырдык, эрдик көрсөткөн, көп жылдар бою иштеп, шаардын экономикалык, социалдык-маданий жактан өнүгүшүнө, жаш муундарды тарбиялоого өзгөчө эмгек сиңирип, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге да шаардык Кенештин сессиясынын чечими менен «Шаардын ардактуу атуулу» деген наам жабык добуш берүүнүн натыйжасында ыйгарылат.
3.1. «Шаардын ардактуу атуулу» деген наамга сунуштарды көчөнүн, шаардын жалпы жыйындарында, коомдук уюмдардын отурумдарында, атуулдардын иштеген жамааттарынын, жогорку инстанцияларынын жана шаардын мэринин, шаардык Кенештин туруктуу комиссияларынын сунуштары шаардык Кенештин сессиясында депутаттарынын кароосуна жылына бир жолу Шаардын күнүнө карата коюлат.
Шаардык Кенештин сессиясы түшкөн материалдарды кылдаттык менен талдап, депутаттардын сунушунун негизинде тиешелүү талапкерлерге «Шаардын ардактуу атуулу» деген наам ыйгаруу тууралуу жабык добуш берүүнүн натыйжасында чечим кабыл алат.
3.2. «Шаардын ардактуу атуулу» деген наамга татыктуу болгон жамааттын мүчөсүнө «Шаардын ардактуу атуулу» деген жазуу жазылган лента, төш белги, күбөлүк жана мактоо грамотасы тапшырылат.
4.1. Шаар ичинде өткөрүлүүчү жыйындарда ардактуу президиумга көрсөтүүлүгө.
4.2. Шаардын мэринин сунушу менен, жергиликтүү бюджетттин мүмкүнчүлүгүнө жараша электр энергиясын пайдалануудан 50 пайызга чейин жеңилдик алууга.
4.3. Жергиликтүү бюджетттин мүмкүнчүлүгүнө жараша акы төлөп кызмат көрсөтүүдөгү коммуналдык кызмат көрсөтүүдөн бошотулууга.
4.4.Медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдө кезексиз тейленүүгө.