Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5 апрели № 8
Таш-Көмүр шаарында географиялык аталыштарды ыйгаруунун жобосуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Таш-Көмүр шаарында географиялык аталыштарды ыйгаруунун жобосуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Т.Конкобаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин, алымча кошумчаларын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 4-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарында географиялык аталыштарды ыйгаруунун жобосуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарында географиялык аталыштарды ыйгаруунун жобосундагы “кыргыз элинин же шаар калкынын кызыкчылыгы үчүн өзгөчө баатырдык, эрдик көрсөткөндөр” деген 5-пункту алынып салынсын.
3. Таш-Көмүр шаарында географиялык аталыштарды ыйгаруунун жобосуна “Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары” жана “Афган согушунун катышуучулары, өзгөчө эрдик көрсөткөн каармандыгы үчүн сыйланган орден же медалдардын ээлери” деген пункттар менен кошулуп, толукталсын.
4. “Таш-Көмүр шаарында географиялык аталыштарды ыйгаруунун жобосу” массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Ушул токтомду нормативдик - укуктук акт катары мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгынан суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Конкобаевге) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы |
Кулдышев М.С. |
| «Бекитилди» Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI-чакырылшнынын кезектеги IV-сессиясынын № 8 -токтому 05-апрель 2013-жыл |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы № 467-токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү» жөнүндөгү жобого ылайык шаардагы жана шаардын аймагына кирген Шамалдуу-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларындагы проспектерге, аллеяларга, парктарга, бульварларга, көчөлөргө атуулдардын ысымдарын берүүнү жана өзгөртүүнү жергиликтүү Кеңештердин токтомунун негизинде өз алдынча башкаруу органдары жүзөөгө ашырат.
Таш-Көмүр шаарында аталыштарды берүүдү төмөнкү өзгөчөлүктөр эске алынат:
Кыргыз Республикасынын баатыры:
Кыргыз Республикасынын “Манас”орденинин же “Данк” медалынын ээси:
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары:
“Элдик”, “Эмгек синирген” наамдарына татыктуу болгондор:
Илимдин доктору - окумуштуу наамы барлар :
Афган согушунун катышуучулары, өзгөчө эрдик көрсөткөн каармандыгы үчүн сыйланган орден же медалдардын ээлери:
Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү Кеңештердин үч жолку чакырылышынын депутаттары :
Шаардын жана шаарчалардын ардактуу атуулдары :
Эскертуу: Мурдагы СССРдин жана Кыргыз ССРнин мезгилиндеги ушул эле өзгөчөлүктөр эске алынат.