Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5 апрели № 14
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХV1- чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти тууралуу шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы М.Сариевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. 28.01.2013-жылдагы Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин ХХVI-чакырылышындагы II - кезексиз сессиясында кабыл алынган «Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти» жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 10.08.2012-жылдагы № 164 Мыйзамына ылайык Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти бекитилсин. /Регламент тиркелет/
4. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Ушул токтомду нормативдик - укуктук акт катары мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгынан суралсын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы |
Кулдышев М.С. |
| «Бекитилди» Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын № 14 токтому 05- апрель 2013-жыл. |
I. БӨЛҮК. ЖАЛПЫ ЖОБО
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ
II. БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН CТРУКТУРАСЫ ЖАНА АНЫН ОРГАНЫ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА Т Ө Р А Г А Н Ы Н ОРУН БАСАРЫ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖООПТУУ КАТЧЫСЫ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТУРУКТУУ ЖАНА УБАКТЫЛУУ КОМИССИЯЛАРЫ
БАП. ДЕПУТАТТЫК ФРАКЦИЯЛАР
БАП. ШААР МЭРИН ШАЙЛООНУН ТАРТИБИ
III.БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШТӨӨ ТАРТИБИ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН БИРИНЧИ СЕССИЯСЫ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН ПЛАНДАШТЫРУУ
БАП. СЕССИЯЛАРДЫ ДАЯРДООНУН ЖАНА МАСЕЛЕЛЕРДИ КАРООНУН ТАРТИБИ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СЕССИЯЛАРЫН ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ
БАП. СЕССИЯНЫН ТОКТОМДОРУНА ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СЕССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН ПРОТОКОЛУ ЖАНА СТЕНОГРАММАСЫ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН НОРМАТИВДИК - УКУКТУК АКТЫЛАРЫ
IV.БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИНЕ ӨЗГӨРТҮҮ,ТОЛУКТОО КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамына ылайык Таш-Көмүр шаардык Кеңеши - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку шайлануучу, өкүлчүлүктүү бийлик органы болуп эсептелет.Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши шаардын аймагындагы бирдиктүү шайлоо округдарынан жана тийиштүү аймакта жашаган жарандардан жашыруун добуш берүү менен жалпы, тен жана тике шайлоонун негизинде жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жана алардын статусу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте 4 жылга шайланган 31 депутаттан турат.
1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясына кирген жергиликтүү маанидеги бардык маселелерди өз алдынча чечет жана өзүнүн кабыл алган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, кабыл алынган чечимдеринин турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзөт жана юридикалык жак болуп саналат.
2. Шаардык Кеңештин өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык кабыл алган Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген чечимдерин шаардын аймагындагы баардык мекемелер, уюмдар менчиктин түрүнө карабастан жана шаардын аймагында жашаган жарандар жана жарандыгы жок атуулдар тарабынан тоскоолдуксуз жана милдеттүү түрдө аткарылат.
3. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишмердүүлүгүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана башка укуктук нормативдик актыларга, шаардын Уставына жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.
4. Шаардык Кеңештин шайланып келген депутаттары депутаттык фракцияларга (мындан ары- фракция) биригишет. Бир нече фракциялар коалиция түзүшү мүмкүн. Депутаттык мандаттын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы шаардык Кеңештеги көпчүлүк болуп эсептелет. . Шаардык Кеңеш фракциялар коалициясы түзүлгөндүгү тууралуу официалдуу маалымдайт. Ал эми коалицияга кирбей калган фракциялар шаардык Кеңештеги азчылык болуп эсептелет .Азчылыктын фракцияларына же фракциялардын коалициясына бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы берилет. Депутаттык фракциялар бирдей укукка ээ.Депутаттык фракция депутаттардын чечими боюнча түрдүү убакыттарда түзүлүшү мүмкүн. Фракция Шаардык Кеңештин төрагасына депутаттык фракция түзүү тууралуу аталышы ,курамы жана жетекчинин аты жөнүн көрсөтүү аркылуу арыз менен сунуштайт.Депутаттык фракция түзүү тууралуу арызга фракциянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.Фракцияны регистрациядан өткөрүү аны түзүү тууралуу кат түрүндө билдирүү келгенден баштап эки (2) жумуш күнүнөн кечиктирилбей каралат. Шаардык Кеңештин депутаты бир гана фракцияда болууга укуктуу.Фракция Регламентке ылайык регистациядан өтпөгөндө фракциянын укуктарынан пайдаланбайт.Фракциянын иштөө тартибин фракция өзү аныктайт. Фракция мэрдин кызматына талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
5. Шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп алардын сессиялары саналат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык, кварталына бир жолудан кем эмес жана шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.Шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу, ишмердүүлүгү, аны уюштуруу маселелери, сессияны чакыруу жана өткөрүү, шаардык Кеңештин органдарын түзүү, ошондой эле анын көзөмөлдөө ишмердигинин тартибин жана процедурасын шаардык Кеңештин регламенти аныктайт.
6. Жаныдан түзүлгөн шаардык Кеңештин биринчи сессиясын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан тиешелүү Кеңешке шайлоо күнүнөн тартып мурунку чакырылыштагы Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин депутаттары шайлангандан кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакырат.
7. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясын Кеңештин депутаттарынын курагы боюнча эн улуу депутаты ачат.
8. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кеңештин төрагасын жана анын орунбасарын шайлоо маселелери, Кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.
9. Кеңештин ишмердүүлүгү мыйзамдуу, коллегиялдуу, саясий көп кырдуу жана көп партиялуулук, ачык айкындуу, депутаттардын маселени талкууда эркин сүйлөө, чечим кабыл алуу принцибинде ишке ашырылат.
10. Мамлекеттик бийликтин, башкаруу органдарынын өкүлдөрү Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигише албайт.
11. Шаардын таламдарын көздөгөн маселелер боюнча Кеңеш өзүнүн сессиясына тийиштүү министрликтин, областтык комитеттердин, ведомостволордун жергиликтүү бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерин жана жергиликтүү администрация органдарынын өкүлдөрүн чакырып катыштыра алат.
12. Кеңеш мэрия менен өз-ара мамилеси боюнча өзүлөрүнө мүнөздүү, мыйзам тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын жана милдеттердин бөлүнүшүнүн негизинде түзүлөт.
13. Шаардык Кеңеш жергиликтүү бюджеттен каржыланган каржылоо булактарына жана мүлктүк укуктарга ээ боло алат. Ошондой эле штамп, мөөрү, символикалык белгилери бар баракчага ээ жана өзүнүн расчеттук эсеби бар.
14. Кеңештин регламенти сессияда кабыл алынат. Регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор төраганын, туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттык фракциялар коалициясынын демилгеси тарабынан киргизилет.
15. Шаардык Кеңештин депутаттары өздөрүнүн укук милдеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка мыйзамдарынын, КРнын укуктук - нормативдик актыларынын жана ушул регламенттин негизинде жүзөгө ашырат.
- Шаардык Кеңештин депутаттык кызматы саясий муниципалдык кызматка кирет.
- Шаардык Кеңештин депутаты бир эле мезгилде башка Кеңештин депутаты боло албайт.
- Шаардык Кеңештин депутаттары мамлекеттик кызматчы жана админстративдик муниципалдык кызматчы боло алышпайт.
- Шаардык Кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык ыйгарым укугу бар мезгилинде шаардык Кеңештин сессиясынын алдын ала макулдугусуз мекеме-ишкананын администрациясы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулууга, төмөнкү акы төлөнүүчү жумушка которулууга тыюу салынат.
2.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин аныктайт;
- Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет жана бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы боюнча маалыматты угат;
- Социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитет жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- Жергиликтүү салыктарды жыйымдарды киргизет жана аларга женилдиктерди берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык салыктардын ставкаларын аныктайт;
- Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн тартибин аныктайт, ошону менен бирге муниципалдык менчик обьектилерин менчиктештирүүнүн программасын бекитет жана муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөл жүргүзөт;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын ишмердүүлүгү боюнча отчетун угат;
- Мыйзамдарда белгиленген мезгилдерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;
- Шаардын Уставын бекитет;
- Административдик-аймактык түзүлүш боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга өзгөртүү киргизүү максатында сунуштарын иштеп чыгат;
- Шаардык Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлайт, аларды кызматынан бошотот жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келген шаардык Кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгарат;
- Шаардык Кеңештин Регламентин кабыл алат;
- Өзунун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
- Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдерге ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык бирдиктерин бекитет;
- муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитет;
- Ритуалдык иш-чараларды откоруу эрежесинде, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарын сатуу орду жана убактысы боюнча чектөөлөрдү киргизет;
- Үй жана үй алдындагы участкаларда ирригациондук түйүндөрдүн иреттүү жайгашуусун көзөмөлдөйт;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык башка маселелерди чечет;
2.2. Шаардык Кеңештин сессиясында кошумча төмөнкү маселелер чечилет:
- Шаардын мэрин шайлоо.
- Учурдагы мыйзамда каралган тартипте мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү
- Мыйзам менен белгиленген муниципалдык жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаардык муниципалдык жерлерге салыктын дифференцияланган ставкаларын аныктайт.
3.1. Шаардык Кеңештин төрагасы тиешелүү Кеңештин сессиясында депутаттын, көпчүлүк фракциялардын же көпчүлүк коалицияны түзгөн фракциялардан же өзүн–өзү көрсөтүү сунушу менен депутаттардын ичинен жашыруун жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу аркылуу сессияда Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Шаардык Кеңештин төрагалык кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Шаардык Кеңештин депутаты;
- көпчүлүк депутаттар фракциясы;
- көпчүлүктү түзгөн коалиция;
- өзүн-өзү көрсөтүү тартиби менен.
- туруктуу комиссиялардын же демилгечи топтун атынан көрсөтүлөт.
Шаардык Кеңештин төрагасы кызмат оордуна талапкер жабык добуш берүү үчүн бюллетенге, анын талапкерлиги киргизилгенге чейин өзүнүн талапкерлигин кайтарып алышы мүмкүн. Талапкерлигин кайтарып алуу колго салынбай кабыл алынат.
Уюштуруу маселесин караган сессияда ыйгарым укуктары бекитилген депутаттардын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышып, депутаттардын жалпы санынан жарымынан көбүнүн добушуна (50/1%) ээ болгон талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде төрагалыкка экиден ашык кандидатура көрсөтүлүп, алардын эч кимиси керектүү добушка ээ болбой калса, көбүрөөк добуш алган экөө кайталап добушка коюлат да, эсеп жогорудагыдай жүргүзүлөт.
Эгерде эки талапкер тен тийиштүү добушка ээ болбосо, анда кайрадан жаны талапкерлер жогорудагы тартипте көрсөтүлөт.
Шаардык Кеңештин төрагасынын шайланышы боюнча шаардык Кеңештин токтому кабыл алынат.
Шаардык Кеңештин төрагасы башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3.2. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен ыйгарым укук мөөнөтүнө шаардык Кеңештин төрагасынын сунушу менен ачык добуш берүү жолу менен шайланат.
Депутаттардын жалпы санынан жарымынан көбүнүн добушуна (50+1%) ээ болгон талапкер төраганын орун басары болуп шайланды деп эсептелет. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары коомдук башталышта иш алып барат.
3.3. Шаардык Кеңештин төрагасы жана орун басары шаардык Кеңештин сессиясында ээлеген кызматтарынан чакыртылып алынышы мүмкүн. Чакырып алуу маселеси депутаттык фракциялардын, туруктуу комиссиянын атынан же депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу менен киргизилиши мүмкүн. Чакырып алуу меселеси шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет.Шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу (50+1%) менен шаардык Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын чакырып алуу чечими кабыл алынат.
Ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси, шаардык Кеңештин төрагасынын жана орун басарынын өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде шаардык Кеңеш тарабынан сессияда ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
Эгерде шаардык Кеңештин төрагасы жана анын орун басарынын берген арыздары кабыл алынбаса, анда Кыргыз Республикасынын Эмгек жөнүндөгү Мыйзамында белгиленгендей, берилген ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө чейин аткарышат.
3.4. Кеңештин төрагасы:
- жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат;
- сессияларда төрагалык кылат;
- жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;
- жергиликтүү кеңеш жүктөгөн башка милдеттерди аткарат.
Шаардык Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын берүү жөнүндө өтүнүч кылат
3.5. Төраганын орун басары:
- Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Шаардык Кеңештин сессиясында жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат.
- Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат , ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордунда иштейт.
- Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан Шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
- Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта ишке ашырат.
Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
Жооптуу катчысы-аппарат жетекчиси ;
4.1. Депутаттарды өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
4.2. Шаардык Кеңештин перспективдүү иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
4.3. Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиянын иштерине көмөктөшөт.
4.4. Шаардык Кеңешке келген иш кагаздардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
4.5. Шаардык Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт жана алардын шаардык Кеңештин депутаттарына жеткирилишине көзөмөл жүргүзөт.
4.6. Сессиянын ишине депутаттарды, мекеме-ишкана жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкүлдөрүн жана башка адамдарды чакырууларды уюштурат.
4.7. Шаардык Кеңештин сессиясына материалдардын даярдалышын уюштурат, документтердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана текшерүү жүргүзөт.
4.8. Шаардык Кеңештин аппаратынын ишин уюштурат.
5.1. Шаардык Кеңештин туруктуу коммиссиялары Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн ошондой эле Кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, бул чечимдерди ага караштуу аймакта жайгашкан мекемелер менен уюмдардын аткарышына көзөмөлдүк кылуу үчүн түзүлөт .Кеңеш ошондой эле убактылуу коммиссияларды да түзө алат.
5.2. Коммиссиянын курамын,санын жана шайлоо тартибин шаардык Кеңеш аныктайт. Кеңештин сессиясы тарабынан ыйгарым укук мөөнөтүндө аныкталат жана бекитилет.Зарыл болгон учурда жаны туруктуу жана убактылуу комиссиялар түзүлүшү, туруктуу комиссиялар кайра бириктирилип түзүлүшү, алардын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилиши мумкун.
5.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт.Шаардык Кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына Кеңештин төрагасы жана анын орунбасары шайланбайт.
5.4. . Туруктуу комиссиялар төрагасын шайлайт. Комиссиялар өз ишинин негизги багыттары боюнча чакан комиссияларды түзө алат.
5.5.Кеңештин туруктуу комиссиясынын жана төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү Кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
5.6. Комиссиянын мүчөсүнөн ыйгарым укуктары анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өз милдеттерин аткарышына мүмкүнчүлүк бербеген кырдаалдарга байланыштуу Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
5.7.Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун жана ишинин тартиби ушул Мыйзам, шаардык Кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен аныкталат.
5.8.Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинө илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга укуктуу.
5.9.Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
5.10.Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары аларга караштуу аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
ТУРУКТУУ КОММИССИЯНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ
5.11. Шаардык Кеңештин туруктуу коммиссиясы
1) Шаардын аймагын экономикалык, социалдык жана улуттук-маданий өнүктүрүү менен байланышкан, Кеңештин кароосуна киргизүүгө маселелерди даярдоого катышат;
2) Шаардын аймагында социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, шаардын өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин чындоо маселелери боюнча сунуштарды Кеңешке киргизет;
3) өз аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн пландарынын жана бюджеттин долбоорлорун, пландарды аткаруу жана бюджетти аткаруу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык болгон учурда аларды Кеңешке сунуш кылат;
4) Шаардык Кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарын аткаруунун сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат;
5) аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү Кеңештин регламенти тарабынан берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
6.1. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАР ФРАКЦИЯЛАРЫ:
- Депутаттар Фракциясы (Мындан ары - фракция) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү структурасынын жана депутаттардын өз каалоолору менен бириккен бирикмеси болуп эсептелет.
- Шаардык Кеңештин депутаттары Кеңеште каралып жаткан маселелер боюнча бирдей позицияны иштеп чыгуу максатында, чогуу жана өз ара макулдашуунун негизинде фракцияларга биригишет.
- Фракция Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, шаардык Кеңештин Регламентинин жана башка укуктук актылардын негизинде иштейт.
- Фракциянын мүчөсү башка депутаттык фракцияга же топко кире албайт.
- Фракцияда мүчөлөрдүн түзүлүүсү депутаттын өзүнүн арызынын негизинде фракция мүчөлөрүнүн тизме түрүндө, жеке кол коюусу менен курамына кирүү тастыкталат. Андан кийинки фракциянын курамына кирүү фракция жыйынын чечими менен депутаттын арыз жазуусунун негизинде ишке ашат.
- Депутаттык фракцияны каттоо шаардык Кеңеште жүргүзүлөт.
- Депутаттык фракция өзүнүн атын, максатын, курамын жана фракциялар жетекчисин, катчысын көрсөтүү менен шаардык Кеңештин төрагасына жазуу түрүндө арыз менен кайрылат. Депутаттык фракция түзүү жөнүндөгү арызга депутаттык фракциялар бардык мүчөлөрү кол коет.
- Депутаттык фракцияны каттоо жөнүндөгү арыз түшкөн күндөн 2 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен каттоо жүргүзүлөт.
- Шаардык Кеңештин депутаты бир гана депутаттык фракция курамында болууга укуктуу жана өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде , депутаттык фракциядан чыгуусу же башка катталган депутаттык фракцияга которулуусу мүмкүн же депутаттык фракциянын көпчүлүк добушунун чечими менен ал, депутаттык фракциянын курамынан чыгарылышы мүмкүн. Жыл сайын бир айдын ичинде депутаттык фракциянын курамын тактап туруу максатында депутаттык фракция шаардык Кеңештин аппаратына өздөрүнүн курамынын тизмеси боюнча маалымат беришет.
- Депутаттык фракциялардын иштөө тартиби, депутаттык фракцияга кирүү же чыгаруу шарттары депутаттык фракциянын өздөрүнүн чечими менен аныкталат.
- Катталган депутаттык фракциялар жөнүндөгү маалыматтар, алардын курамынын өзгөрүлүшү шаардык Кеңештин аппараты тарабынан депутаттарга жайылтылат.
- Ар бир катталган депутаттык фракциялар шаардык Кеңештин жана анын органдарынын отурумдарында күн тартибиндеги баардык маселелер боюнча өздөрүнүн өкүлдөрүн сүйлөтүүгө укуктуу. Шаардык Кеңештин төрагасына, депутаттык фракциялардын жетекчилери же катчылары депутаттык фракциялардын атынан сүйлөөчүлөрдүн тизмесин сунуш кыла алат.
- Бир дагы депутаттык фракция Кыргыз Республикасынын элинин атынан, шаардык Кеңештин атынан сүйлөөгө укуксуз.
- Ушул регламентке ылайык катталбаган депутаттар жана депутаттык фракциялар формалдуу эмес депутаттык коалицияга биригип, өз ара эркин кызматташуусу мүмкүн.
- Депутаттык фракциялар өздөрүнүн отурумдарын ачык айкын өткөрө алышат.
- Депутаттык фракциянын чечими менен анын отуруму жабык түрүндө өткөрүлүшү мүмкүн.
- Депутаттык фракциялар шаардык Кеңештин төрагасына өздөрүнүн чечими туралуу
- билдирет.Депутаттык фракциянын ишмердүүлүгү ушул Регламентке ылайык ишке ашырылат.
6.2. ФРАКЦИЯНЫН МАКСАТЫ ЖАНА ТАПШЫРМАЛАРЫ
- Фракция өзүнүн максат жана тапшырмаларын өз алдынча жана шайлоочулардын наказдарына ылайык аныктайт жана шаардык Кеңештин өкүлчүлүктүү функциясын аткарууга багытталган, өзүнүн ишмердүүлүк Программасын түзөт
- Депутаттык фракциянын максаты КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо болуп эсептелет. Фракция республикалык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгууга жана кабыл алууга активдүү катышат.
6.3. ФРАКЦИЯНЫН УКУК ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
6.3.1. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
- Шаардык Кеңештин кароосундагы бардык маселелер боюнча пикир алмашууларды өткөрүүгө;
- Кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселени, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун нормативдик укуктук акты долбоорлорун жана шаардык Кеңештин токтомдорун, программаларын жана башка материалдарды талкулоого;
- Каралып жаткан маселе боюнча пикир алмашуунун жыйынтыгын жазуу формасында сунуштоо же сессияда фракциянын атынан чыгып сүйлөөгө фракция мүчөлөрүнүн бирине тапшыруу, белгиленген тартипте шаардык Кеңештин депутаттарынын арасына таратылып берилген материалдар менен макулдашууга;
- Шаардын мэрин шайлоодо алдын ала талкулоо, колдоо, жактырбоо жана ошондой эле шаардын мэрлик кызмат ордуна башка талапкер сунуштоого, шаардык Кеңештин ыйгарым укугуна кирген башка түрдүү кызматтарга адамдарды дайындоого же макулдук берүүгө;
- Сессиянын күн тартибине нормативдик укутук акты долбоорлорун алып чыгууга, кайрылууга, арызданууга, доклад менен чыгып сүйлөөгө, кабарлоого, сунуштоого жана маалымат суроого;
- Фракция өкүлүнө сессияда сөз берүүсүн төрагадан талап кылууга;
- Башка фракциялар менен чогуу биргелешкен заседаниелерге катышууга;
- Фракциянын демилгеси менен сунуштаган күн тартиби менен шаардык Кеңештин алдына кезексиз сессияны өткөрүү жөнүндө маселе коюуга;
- Фаркция мүчөсүн, түзүлгөн фракция мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган чечиминин негизинде фракция курамынан чыгарууга;
6.3.2. Фракция төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Шаардык Кеңештин Регламентинде фракциялар үчүн белгиленген талаптарды сактоого;
- КРнын мыйзамдарынын жана башка нормативдик укутук актыларынын негизинде иш алып барууга;
- Шаардык Кеңештин төрагасына кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымдап турууга;
- Шаардык Кеңештин депутаттык түзүмдөрү, туруктуу комиссиялар менен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары менен тыгыз байланышта иштөөгө;
6.4. ФРАКЦИЯ МҮЧӨСҮНҮН УКУК ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
6.4.1. Фракция мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Фракцияда каралып жаткан бардык маселелер боюнча талкууга катышууга жана анын ишмердүүлүгүнө тиешелүү жагдайда өзүнүн пикирин билдирүүгө;
- Документтердин долбоорлорун фракциянын кароосуна алып чыгууга, фракциянын атынан жана анын тапшыруусу боюнча шаардык Кеңештин сессиясында чыгып сүйлөөгө;
- Фракция өткөргөн бардык иш чараларына катышууга;
- Фракциянын чечими менен фракция мүчөсүнүн позициясы дал келбеген учурда депутаттык ыйгарым укуктарына таянууга укуктуу.
6.4.2. Фракция мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Фракциянын бардык жыйындарына катышууга;
- Белгиленген тартипте кабыл алынган фракциянын чечимдерин сыйлоого;
- Сессияда жана шаардык Кеңештин түзүмдөрүндө ошондой эле шайлоо округдарында фракциянын чечимдерин колдоого;
- Тигил же бул маселе боюнча фракциянын чечими менен фракция мүчөсүнүн позициясы карама каршы келгенин фракцияга, шаардык Кеңештин сессиясына же анын органдарынын отурумдарында билдирүүгө;
- Фракциянын же анын жетекчисинин тапшырган тапшырмаларын аткарууга.
6.5. ФРАКЦИЯНЫН ИШТӨӨ ТАРТИБИ
- Фракциянын ишмердүүлүгүн фракция мүчөлөрүнүн жалпы санынын көбүнүн добушун алып шайланган жетекчиси уюштурат;
- Фракциянын ишмердүүлүгү - сессияга сунушталган долбоорлорду терен анализдөө жана изилдөө жолу менен даярдоо, кабыл алынган чечимдерди реализациялоо, персоналдык тапшырмаларды аткаруу, фракциянын материалдарын шаардык Кеңештин сессиясына таратууу жана башка методдорду колдонуу менен нормативдик укуктук актылардын негизинде ишке ашырылат;
- Фракциянын заседаниеси зарыл болгон учурда жетекчинин чакыруусу, ошондой эле мүчөлөрдүн инициативасы менен өткөрүлөт;
- Заседание сессиянын мезгилинде жана шаардык Кеңештин сессиясынын мөөнөт аралыгында өтүүсү мүмкүн;
- Бардык маселелер фракциянын жыйынында катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет;
- Фракциянын заседаниесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилеринин өкүлдөрүн чакыра алат;
- Фракциянын негизги иштөө формасы фракция мүчөлөрүнүн мыйзамдуу жыйыны эсептелет. Эгерде фракция мүчөлөрүнүн жарымынан көбү чогулган учурда;
- Каралып жаткан маселе боюнча жыйын чечим кабыл алат. Чечим катышып жаткан фракция мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынды болуп эсептелинет.
7.1. Шаардын мэри, тиешелүү Кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүүлөрүнүн натыйжасында Кеңештин алардын чакырылган мөөнөтүнө шайланат.
7.2. Шаардын Мэри кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Шаардык Кеңештин депутаттык фракциялары;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри.
7.3. Шаардын мэринин кызматына жогорку билими бар, мамлекеттик жана мунициалдык кызматта 3 (үч) же билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субьектердин жетекчилик кызматтарында 5(беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болгон Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жараны боло алат.
7.4. Шаардын мэринин кызматына кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны шаар мэри боло албайт.
7.5. Шаардын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясы тарабынан жаңы шайланган шаардык Кеңештин биринси сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен дайындалат жана ал аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Шаардын мэри шаардык Кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабына жаңы шайланган шаардык Кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин шаардын мэрин шайлоо дайындалбайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн шаардын мэрин шайлоодо координациялоо жана байкоо максатында жөнөтүүгө укуктуу.
7.6. Шаардын мэрин шайлоо эгерде ага шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса болду деп эсептелинет.
7.7. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо:
1. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн шаардык Кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер – министри шайлоого чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү боюнча чечим;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;
3) талапкердин аты жөнү, туулган датасы, жумуш орду, ээлеген кызматы (ишинин түрү)
жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары;
4) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, шаардын мэрине көрсөтүлгөн талаптарды ырастаган тийиштүү документтер;
2. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып 3 календарлык күндүн ичинде шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келерин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимин кабыл алат.
3. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоого тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер алынгандан 24 саат ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн шаардык Кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аталган ылайык келбөөчүлүк туурасында кабарлоого милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн шаардык Кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кабарландырууну алган учурдан тартып 48 саат ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
4. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык Кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
5. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;
2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) талапкер башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;
4) талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субьектилер тарабынан (шаар кеңешинин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53 – беренесинин 1- бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди сунуш кылбагандык;
6. Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттоодон баш тартуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
7. Тиешелүү шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде шаардын мэрин шайлоону уюштурат.
8. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга акылуу. Бул учурда талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
9. Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаар Кеңешинин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакырып алууга укуктуу. Бул учурда шаардын мэринин кызмат ордуна тийиштүү талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.
7. 10. Шайлоону уюштуруу
10. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин аныктайт, алардын сакталышын камсыз кылат, өзүнүнүн жыйналыштарынын протоколун жүргүзүүнү уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
11. Шайлоо бюллетендери кыргыз жана орус тилдеринде компьютердик ыкма менен даярдалат жана аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен тастыкталып, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынан көпчүлүгүнүн кол тамгасы коюлат. Бюллетенге шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
7.11. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби
12. Шаардын мэрин шайлоо шаардык Кеңештин жыйындары үчүн жайда өткөрүлөт.
13. Добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкөктү орнотуу жана шайлоону өткөрүү менен байланышкан башка маселелерди чечүү жана анда зарыл болгон тартипти кармоо үчүн жоопкерчиликти шаардык мэриянын аппараты аткарууга милдеттүү.
14. Шаардык Кеңештин депутаттарынын келиши үчүн жоопкерчиликти шаардык кеңештин төрагасы тартат. Аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоонун башталышы үчүн кворумдун болушун белгилейт.
15. Добуш берүү жол-жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
16. Добуш берүүнүн алдынан добуш берүү үкөктөрүнө пломба коюлат жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен катчысынын кол тамгасы коюлуп, мөөр басылып бекитилет.
17. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Шайлоо бюллетенин алган депутат тизмеге кол коет, депутаттардын тизмеси аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт жана АШКнын мөөрү менен бекитилет.
18. Добуш берүүчү үкөктү ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептөө комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
19. Добуш берүүчү үкөктү ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат.
7.12. Шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби
20. Добуш берүү аяктагандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык жана айкын, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүүчү жайда тыныгуусуз өткөрүлөт.
21. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү пайдаланылбай калган бюллетендерди жокко чыгарышат жана бул туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазуу жазышат.
22. Жараксыз бюллетендер өз алдынча эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазуу жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү аймактык шайлоо комиссясынын мөөрү жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары жок болгон бюллетень же аныкталган формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
23. Добуш берүүчү үкөктөгү бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер үчүн берилген “макул” жана «бардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
24. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет.
25. Тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна (50+1 %) ээ болгон шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер шайланды деп эсептелинет.
- Эгерде:
- Катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-Эки талапкер катталса жана алардын бири да зарыл сандагы добуштарды албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча экинчи туру өткөрүлөт.Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-Экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунда талапкерлер депутаттардын тийиштүү добушун ала албай калса, анда добуш берүү 25-пунктунун 2-абзацы менен жөнгө салынат.
- Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санын теңин алса, добуштардын санын көбүрөөгүн алган бир талапкерлик боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн экинчи туру Жобонун негизинде жүргүзүлөт.
Эгерде депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса, же катталган талапкер шайлоодон баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат. Кайра шайлоо дайндалган күндөн тартып жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 15 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындалат, мындай учурда мурда катталган талапкерлер боюнча кайра шайлоо өткөрүлөт.
26. Протоколго кол койгондон кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы шаардык кеңештин депутаттарынын жана катышкандардын алдында добуш берүүнүн жыйынтыктарын токтоосуз жарыялайт.
27. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун 1 (биринчи) нускасы Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр шаардык Кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жөнөтөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын негизинде шаардык Кеңештин токтому кабыл алынат.
28. Шайланган шаардын мэрине аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тийиштүү күбөлүк берилет.
29. Шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
7.13. Шаардын мэринин шайланбай калуусунун кесепеттери
Тиешелүү шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти шаардык Кеңешти таратууну ишке ашырат жана шаардык Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Кыргыз Республикасынын Премьер – Министри тиешелүү шаардык Кеңештин жаңы курамы тарабынан мэр шайлаганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындайт.
8.1. Шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнүн негизги уюштуруучулук – укуктук формасы сессия болуп эсептелет. Сессиянын өткөрүү тартиби жана мөөнөттүүлүгү шаардык Кеңештин регламенти менен аныкталат.
8.2. Шаардык Кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот жана кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат.
8.3. Жаны шайланган шаардык Кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыккандан 2 жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясын жашы боюнча эн улуу шаардык Кеңештин депутаты ачат. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык Кеңештин регламентин бекитүү, шаардык Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана башка Кеңештин ишмердүүлүгүн уюштурууга байланышкан маселелер киргизилет.
8.4. Шаардык Кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес жана шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн биринен кем эмесинин талабы боюнча ачык өткөрүлөт.
9.1. Шаардык Кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык Кеңештин иш планынын долбоорун шаардык Кеңештин аппараты даярдайт.
9.2. Шаардык Кеңештин иш планына маселелерди киргизүүгө шаардык Кеңештин депутаты, туруктуу комиссиялар, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу. Бекитилген шаардык Кеңештин иш планындагы маселелерди ондоп түзөө, жаны маселелерди киргизүү же маселелерди алып таштоо шаардык Кеңештин сессиясынын токтому менен жүргүзүлөт.
9.3. Шаардык Кеңештин иш планын бекитип жаткан учурда ага киргизилип жаткан маселелердин документеринин долбоорлору керектелбейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда шаардык Кеңештин бекитилген иш планынан сырткары маселелер киргизилиши мүмкүн.
10.1. Ушул регламентте белгиленген тартипте шаардык Кеңештин кароосуна киргизилип жаткан документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- доклад жасоочусу көрсөтүлгөн, маселени даярдоого жооптуу адамдын колу коюлган коштоо каты. Эгер документ шаардык Кеңештин мурдагы токтомунун аткарылышы боюнча даярдалган болсо, анда коштоо катында ошол шаардык Кеңештин токтомуна негизделип жазылат.
Эгерде шаардык Кеңештин токтомунун долбоору сунуш иретинде берилсе анда тийиштүү расчеттор жана каржылоо булактарын көрсөтүү менен берилет.
10.2. Шаардык Кеңештин токтомунун долбоору шаардык Кеңештин аппараты тарабынан шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин токтомунун долбоорун алдын ала талкулоо үчүн бир же бир нече туруктуу комиссияларга сунуш кылат.
Шаардык Кеңештин сессиясында токтом долбоору каралганга чейин аны алдын ала талкулоо үчүн жалпы шаардык талкууга коюлушу же депутаттык угууларда талкууланышы мүмкүн.
10.3. Шаардык Кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги процедуралары:
- доклад, кошумча доклад регламентке ылайык
- доклад жасоочуга жана кошумча доклад жасоочуга суроолор жана аларга жооптор
- талкууланып жаткан маселелер боюнча жарыш сөздөр
- доклад жасоочунун жана кошумча доклад жасоочунун жыйынтыктоочу сөзү
- добуш берүүнүн мотивдери боюнча чыгып сүйлөөчүлөр
- документтин долбоорун негиз кылып кабыл алуу
- негиз кылып кабыл алынган документтин долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү
- документти толук кабыл алуу боюнча добуш берүү
10.4. Шаардык Кеңеш тарабынан каралып жаткан токтом долбоору боюнча анын негизги абалы аны кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат жана ага жалпы баа берилет.
10.5. Алдын ала жазылбастан сүйлөөгө шаардык Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана шаардын мэри укуктуу.
10.6. Сессияга төрагалык кылуучу, күн тартибиндеги каралып жаткан маселелер боюнча чыгып сүйлөгөндөрдүн маанисине, убактысына көзөмөл жүргүзөт жана чыгып сүйлөөчүгө эскертет.
10.7. Эгерде чыгып сүйлөөчү сессияга төрагалык кылуучунун эскертүүсүн четке какса, өзүнүн сөзүндө ашкере шылдын сөздөрдү пайдаланса төрагалык кылуучу аны тартипке чакырат же сөзүн токтотот.
Жарыш сөздөрдөн кийин доклад жасоочу жана кошумча доклад жасоочу корутунду сөзү менен чыгып сүйлөгөнгө укуктуу.
Добуш берүү мотиви боюнча сүйлөөчүлөр чыгат, андан кийин документин долбоорун негиз катары кабыл алуу маселеси добушка коюлат. Туруктуу комиссиялар жарыш сөздөрдүн жыйынтыгы менен документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизет жана шаардык Кеңештин сессиясына добуш бергенге чейин кабарлайт. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык Кеңештин сессиясы протоколдук чечим менен документтин долбоорун кабыл алуу маселесин кийинки сессияга калтырат.
10.8. Шаардык Кеңештин сессиясы документтин долбоорун негиз катары кабыл алганга чейин депутаттар документтин долбоорун жазуу жүзүндө же ооз эки жүзүндө кайтарып алууга укуктуу. Мындай учурда жарыш сөз токтотулат, сессия бул документтин долбоору боюнча андан ары иштөө тартибин аныктайт.
10.9. Токтомдун долбоорун талкулоонун жыйынтыгы менен шаардык Кеңеш төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) токтом долбоорун толук кабыл алат
2) токтом долбоорун талкулоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алат
3) токтом долбоорун айтылган сын пикирлерди эске алуу менен биринчи окууда кабыл алат .
10.10.Токтом долбоорун кароодо жана талкуулоодо бардык түшкөн сунуш пикирлер талкууланып, андан кийин добушка коюлат. Өтпөй калган сунуш пикирлер жооптуу туруктуу комиссияга кайрадан иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлөт.
Добушка биринчи депутаттардын сунуштары андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары добушка коюлат. Эгерде сунушталган варианттардын бири дагы колдоого алынбаса анда ал кайтарылды деп эсептелинет.
10.11. Токтомдо аны жүзөгө ашыруу тартиби аныкталат, атап айтканда:
1). Мөөнөтү такталат жана токтом толугу менен же анын пунктарын ишке ашыруу тартиби аныкталат.
2). Токтомду аткаруу, көзөмөлгө алуу жагы конкреттүү органдарга жана кызматтык адамдарга жүктөлөт.
10.12. Шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү боюнча маалымат угулгандан кийин шаардык Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- токтом аткарылды деп көзөмөлдөн алып таштоого
- токтомдун кээ бир пунктары аткарылды деп көзөмөлдөн алууга
- көзөмөлдүк ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартууга
- көзөмөлдүк ыйгарым укуктарды башка адамга же органга жүктөөгө
- токтомду жокко чыгарууга
- токтомду өзгөртүүгө же ага кошумча киргизүүгө
- кошумча токтом кабыл алууга
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча отчеттуулуктун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлүшү мүмкүн же шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан тийиштүү органга (адамга) шаардык Кеңештин сессиясына токтомдун аткарылышы боюнча билдирүү жасоону тапшырат.
10.13. Сессиянын протоколунда көрсөтүлөт:
- датасы, сессиянын өткөрүү орду, шаардык Кеңештин чакырылыш жылы жана сессиянын катар номери
- шаардык Кеңеште аныкталган депутаттардын саны, шаардык Кеңеште депутаттардын жалпы саны, сессияга катышкан депутаттардын саны
- сессиянын күн тартибиндеги коюлган маселе жана доклад жасоочунун фамилиясы (кошумча докладчы)
- сессияда чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмеси
- добуш берүүнүн жыйынтыгы
- сессиянын жүрүшүндө түшкөн кошумча материалдар
Депутаттардын фамилиясы, шайланган шайлоо округу жана башка адамдардын фамилиялары, иштеген жери, кызматы көрсөтүлүп жазылат.
10.14. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 3 күндүн аралыгында шаардык Кеңештин төрагасынын колу менен тастыкталат.
10.15. Сессиянын протоколуна төмөнкүлөр тиркелет:
- сессия тарабынан кабыл алынган баардык чечимдер:
- сессияга катышкан депутаттардын тизмеси:
- докладдардын жана кошумча докладдардын текстери:
- сессиянын стенограммасы:
- сессияда чыгып сүйлөө үчүн жазылган, бирок жарыш сөздөрдүн токтолушуна байланыштуу сөз ала албай калган депутаттардын сессияга, Кеңештин төрагасына берген кат жүзүндө сунуштары жана пикирлери ошондой эле сессияга депутаттардын жана катышуучулардын жана катышуучулардан келип түшкөн суроолордун баары:
- шаардык Кеңештин иш алып баруу маселелери боюнча (күн тартибин бекитүү жөнүндө, каршы сөздөрдү токтотуу тууралуу, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды, билдирүүлөрдү ж.б.у.с. эске алуу) жөнүндө.
10.16. Шаардык Кеңештин сессиясынын протоколу кол коюлгандан кийин, протоколдун биринчи турган нускасы шайланыштын ичинде шаардык Кеңештин делолорунда болот, андан сон такай сактоо үчүн мамлекеттик архивге өткөрүлөт.
10.17. Шаардык Кеңештин сессиясынын чечимдери Кеңештин туруктуу жана башка комиссияларына, депутаттарга, депутаттык фракцияларга жана Кеңешке отчет берүүчү органдарга, тиешелүү ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга ага кол коюлгандан кийин он (10) күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
10.18. Шаардык Кеңештин аймагында жайгашкан ишканалардын жана уюмдардын дарегине берилген сунуштар каалоолор ошол уюмдардын жетекчилери тарабынан каралууга жана алардын натыйжалары шаардык Кеңешке жана шаардык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
11.1. Шаардык Кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан чакыртылат. Шаардык Кеңештин сессиясынын чакырылышы боюнча билдирүү депутаттарга жана калкка сессиянын башталыш күнүнө бир жумадан кеч эмес кабарланат.
Сессиянын күн тартибине демилгечилер тобу тарабынан киргизилүүчү маселелер, сессиянын башталыш күнүнө чейин 20 күндөн кечиктирилбей даярдалып сунушталат.
Шаардык Кеңештин белгиленген мөөнөттөгү сессиясынын аралыгында кезексиз сессияларын өткөрүшү мүмүкүн.
Сессиянын кароосуна маселелерди киргизүүгө шаардык Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу.
Шаардык Кеңештин жабык сессиялары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык өткөрүлүшү мүмүкүн.
11.2. Жаны чакырылыштагы шаардык Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү“ мыйзамына ылайык өткөрөт.
11.3. Шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерлери шаардык Кеңештин сессиясын уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат:
- шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселелери боюнча документтердин долбоорлору жана башка маалыматтар менен депутаттарга сессиянын башталышына 10 (он)күндөн кеч эмес убакытта жеткирет.
- шаардык Кеңештин депутттарына шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилип жаткан маселелердин жана документтердин долбоорлорун жана аларга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча көмөктөшөт.
- шаардык Кеңештин депутаттарынын көрсөтмөсү менен сессиянын күн тартибинде каралып талкуулана турган маселелер боюнча тиешеси бар адамдарды чакырууну уюштурат.
- депутаттардын катышуусун каттайт.
- Сессияны өткөрүүдө төрагалык кылуучуга жардам көрсөтөт.
- шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган документтерди иреттеп, түзөйт жана анын чыгарылышын ишке ашырат.
11.4. Шаардык Кеңештин сессиясына материалдарды шаардык Кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын же сессияда төрагалык кылуучу депутаттын колу коюлган көрсөтмөсү менен жайылтылат.
11.5. Шаардык Кеңештин сессиясы (күн тартибиндеги өзгөчө маселе каралганда) жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн. Мындай абалда шаардык Кеңештин сессиясынын чечими кабыл алынат.
11.6. Шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын катышуусу табелдик каттоо боюнча жүргүзүлөт. Табелдик катоо ар бир сессиянын башталышынан жана аягына чейин жүргүзүлөт.
11.7. Протоколдук чечим менен шаардык Кеңештин сессисында депутаттардын ичинен жумушчу топ (катчы, счеттук комиссия ж.б.) түзүлүшү мүмкүн.
11.8. Шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартиби ошол күнгө сессиянын күн тартибиндеги кезектеги маселелерди жана аларды кароонун тартибин камтыйт.
11.9. Шаардык Кеңештин төрагасы жана аппарат тарабынан даярдалган кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоору шаардык Кеңештин депутаттарына таркатылат.
11.10. Шаардык Кеңештин аппаратынын берген сунушу боюнча жана шаардык Кеңештин регламентинин негизинде кезектеги сессиясынын күн тартиби сессиянын башталышына эки жума калганга чейин шаардык кеңештин аппараты аркылуу аныкталат.
Шаардык Кеңештин аппараты шаардык Кеңештин кезектеги сессиянын башталышына он күндөн кечиктирилбестен шаардык кеңештин депутаттарына сессиянын күн тартибинин долбоорлорун жана материалдарды кароого жеткирет.
Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелердин долбоорлору жана материалдары шаардык Кеңештин депутаттарына сессия күнү жана каттоо болуп жаткан мезгилде таркатылат.
11.11. Шаардык Кеңештин сессиясын шаардык Кеңештин төрагасы алып барат. Ал жок учурда анын орун басары же сессиянын чечими менен башка депутат төрагалык кылат.
Эгерде сессияга төрагалык кылуучу каралып жаткан маселе боюнча докладчы же кошумча докладчы болсо, анда ал сессиянын өтулуш тартибин анын орун басарына өткөрүп берет.
11.12. Шаардык Кеңештин сессиясына төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- Эгерде чыгып сүйлөөчү регламентти бузса, күн тартибинен сырткаркы маселелер боюнча сүйлөсө жана жүрүш-туруш этикасынын эрежелерин сактабаган учурда анын сөзүн токтотууга;
- Сессиянын өтүшүн камсыз кылуу үчүн шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерин чакырууга;
- Депутаттарга жана кызмат адамдарына тактама учун кайрылат.
- Пландаштырылбаган дебаттарды токтотууга;
- Депутатты тартипке чакырууга, шаардык Кеңешке ушул регламенттин эрежелерине ылайык депутатка эскертүү берүүнү сунуш кылууга;
- Сессиянын отуруму өтүп жаткан залда өзгөчө шарттар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулган учурда сессияны токтотууга;
11.13. Шаардык Кеңештин сессиясынын отурум учурунда сессияга төрагалык кылуучунун уруксатысыз, макулдугусуз бир дагы сессиянын катышуучусу сүйлөөгө укуксуз.
11.14. Шаардык Кеңештин сессиясына төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибинин тегерегинен чыкпоого;
- Сессияда депутаттардын укуктарын сактоону камсыз кылууга;
- Сессиянын отуруму өтүп жаткан залда тартипти камсыз кылууга;
- Чыгып сүйлөөчүлөрдүн регламентиндеги убактысын сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө жана чыгып сүйлөөчүгө белгиленген убактысы бүтүп жаткандыгын эскертип турууга;
- Бардык түшкөн сунуштарды эске алууга, аларды түшкөн тартиби боюнча добушка коюуга жана анын жыйынтыгы боюнча билдирип турууга;
- Кезектүүлүк тартибинде сөз берип турууга;
- Сессияны алып баруу тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угат (окуйт) жана жана ал боюнча өзүнүн альтернативдик сунушун добушка коюуга;
- Сессиянын катышуучуларына сылык мамиле көрсөтүүгө, жеке сын айтуудан, сессияда чыгып сүйлөөчүлөрдүн сөзөдөрүнө баа жана комментарий бергенден алыс болууга;
- Сессиянын эрежеси жана процедурасы боюнча айтылган билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү кабыл алууга;
12.1. Добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн регламентте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- шаардык Кеңештин депутаттарынын толук саны;
- каттоо убагында каттодон өткөн депутаттардын саны, сессияга катышкан депутаттардын саны.
12.2. Шаардык Кеңеш ачык жана жабык добуш менен чечим кабыл алат.
Шаардык Кеңеш ушул регламентте белгиленгендей добуш берүүнүн түрү боюнча шаардык Кеңештин жалпы депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен өзгөртүү киргизүү боюнча чечим кабыл алат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык Кеңештин жыйынынын протоколуна киргизилет.
12.3. Бир маселе боюнча добуш берүү убагында шаардык Кеңештин депутаты бир добушка ээ , “макул”, “каршы” же “калыс”.
12.4. Добуш берүүнүн алдында сессияга төрагалык кылуучу добушка канча сунуш коюлуп жаткандыгын, чечим кайсыл көпчүлүк добуш менен кабыл алынаары (шаардык Кеңештин жалпы депутаттарынын санынанбы же сессияга катышкан депутаттардын санынанбы) жөнүндө билдирет. Добуш берүү жарыялангандан кийин, аны эч ким бузууга укуксуз.
Сессияга төрагалык кылуучу добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин сессияга чечим кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы жөнүндө жарыялайт. Эгерде кворум жок болсо сессияга төрагалык кылуучу добуш берүүнү шаардык Кеңештин сессиясынын кийинки отурумуна калтырат.
12.5. Жабык добуш берүү КР Мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
Жабык добуш берүү бюллетендерди колдонуу менен жүргүзүлөт.
Жабык добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыгын аныктоо үчүн шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлануучу органынын курамына көрсөтүлүп жаткан депутаттар добуш берүү мезгилинде эсептөө комиссиясынын курамындагы ишмердүүлүгүн токтотот.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынын ичинен комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссиясы өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
Жабык добуш берүү бюллетени эсептөө комиссиясынын көзөмөлүндө, аларга сунушталган жана шаардык Кеңештин бекиткен чечимине ылайык даярдалат.
12.6. Шаардык Кеңештин депутаттарына депутаттардын тизмеси боюнча ар бир депутатка шаардык Кеңештин депутаты деген күбөлүгү көрсөтүлгөндөн кийин жабык добуш берүү бюллетени бирден берилет. Тизме боюнча ар бир депутат өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коет. Ар бир бюллетендин арт жагында эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу болуш керек.
Жабык добуш берүү бюллетени эсептөө комиссиясы тарабынан печатталган атайын ящике салынат.
Депутаттардын добушун эсептөөдө формага ылайык эмес деп белгиленген бюллетендер, ошондой эле депутаттардын добушун аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп эсептелет. Бюллетенге кошумчалангандар добуштарды саноодо эске алынбайт.
Эсептөө комиссиясы жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу менен протокол түзүлөт.Эсептөө комиссиясынын төрагасынын доклады менен сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алындыбы же жокпу айтылат.
Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык Кеңештин токтому менен бекитилет.
Жабык добуш берүү учурунда каталар кетирилген болсо, шаардык Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кайрадан добуш берүү жүргүзүлөт.
12.7. Эгерде ушул регламенте процедуралык маселелер боюнча башкача тартиби каралбаса анда добуш берүүгө катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
12.8. Сунуштар жана түзөтүүлөр добушка коюлуп жаткан учурда, анын демилгечиси аталуу менен ал сунуштар жана түзөтүүлөр жарыяланат.
13.1. Шаардык Кеңештин сессияларында протокол жүргүзулөт. Сессиялардын отурумдарынын протоколдору шаардык Кеңештин аппараты тарабынан иштелип чыгат.
Шаардык Кеңештин отурумдарынын протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат: отурумдун өткөрүлгөн күнү, убакыты жана орду; отурумга катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартиби; ошол отурумга депутаттардын арасында таркатылган документтердин аттары жана редакциясы, сессияга төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөгөндөрдүн аты жөну; бардык добуш берүүгө киргизилген маселелер жана сунуштар, алардын чечилиш жолу, добуш берүүнүн жыйынтыгы жана чечимдин кабыл алынышы. Протоколго сессиянын отурумуна төрагалык кылуучу кол коет.
13.2. Шаардык Кеңештин сессиясында стенограммалык жазуу жүргүзулөт. Стенограмма шаардык Кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Ачык сессиянынын отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыялоого жатат.
Сессиянын стенограммасы талкулоонун жүрүшүн жана чечимдердин кабыл алынышын, ошондой эле күнүн, убактысын жана сессиянын отурумунун өткөрүлүш ордун, сессияга төрагалык кылуучунун фамилиясын чагылдырат.
14.1. Шаардык Кеңештин нормативдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
14.2. Шаардык Кеңештин токтому шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14.3. Шаардык Кеңештин токтому шаардык Кеңештин төрагасынын колу менен тастыкталат. Эгерде шаардык Кеңештин төрагасы жок учурда токтом, арыз жана кайрылуулар шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары тарабынан кол коюлат.
14.4. Эгерде КР Мыйзамдарынын жана регламентте шаардык Кеңештин башка иштерин уюштуру маселелерин кароонун тартиби каралбаса, анда кароонун жыйынтыгы токтом менен аныкталат.
15.1.Шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен же туруктуу комиссиялар тарабынан шаардык Кеңештин регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү сунушу шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана кезексиз биринчи каралат.
15.2.Шаардык Кеңештин регламентинин жобосун түшүндүрүү жана анын сакталышына көзөмөлгө алып туруу жагы шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык Кеңештин регламентинин жобосуна түшүндүрмө шаардык Кеңештин сессиясында берилет, керек учурунда шаардык Кеңештин токтому менен бекитилет.
15.3.Шаардык Кеңештин регламентин бузуу жолу менен кабыл алынган чечим ал кабыл алынган учурдан баштап жараксыз деп эсептелинет.