Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябры № 31/9-6
Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы К.С.Сарбалаевдин 2012-жылдын жана 2013-жылдын алты айындагы жер маселелери боюнча берген маалыматы жөнүндө
Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы 2012-жылдын жана 2013-жылдын алты айдагы аткарылган иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун” негизинде 2012-жылдын 15-октябрында “Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүү, сатуу жана жалпы жер маселелерин кароо боюнча комиссиясынын отурумунун” протоколу менен 1-маселеси боюнча 5974,0 чарчы метр жер тилкеси жеке менчикке берилгендиги кабыл алынган.
2013-жылдын 23-майында “Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүү, сатуу жана жалпы жер маселелерин кароо боюнча комиссиянын отурумунун ” 10- маселе жеке менчикке берүү жана 4- маселе ижарага берүү жөнүндө №1 протоколу менен кабыл алынган.
2013-жылдын 25-июнунда “Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүү, сатуу жана жалпы маселелерин кароо боюнча комиссиясынын отурумунун” 3-маселе жеке менчикке берүү жана 1-маселе ижарага берүү жөнүндө №2 протоколу менен кабыл алынган. Жалпысынан жеке менчикке 25702,0 чарчы метр берилди, ал эми ижарага жалпысы 36170,0 чарчы метр анын ичинен соода түйүндөргө 1166,0 чарчы метр, гараждарга 164,0 чарчы метр жана жашылдандырууга 34840,0 чарчы метр берилген.
Ал эми Кара-Көл шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын маалыматы боюнча турак жайга муктаж болгон жарандарды каттоодо мэриядан 2011-жылдын 19-апрелинде №164-б сандуу буйруктун негизинде дайындалган комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майында №177 сандуу чыккан токтому менен бекитилген “Жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн тартиби” жөнүндөгү жобонун негизинде иш алып барылып, 2011-жылдын эсебинен тизмеге турган жалпысынан жарандардын саны 108 адам. 2012-жылдын эсебинен жалпысынан 228 адам жана 2013-жылдын 6 айынын ичинде 256 жаран катталган.
Жогорудагы Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2012-жылдын жана 2013-жылдын алты айындагы жер маселелери боюнча маалыматын карап, талкуулап чыгып, шаардык кеңештин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2012-жылдын жана 2013- жылдын алты айындагы жер маселелери боюнча берген маалыматы жөнүндө ШММБнын башчысы К.С.Сарбалаевдин маалыматы эске алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Муниципалдык менчик башкармалыгынын жер маселелери боюнча адистери тарабынан даярдалган маалыматынын так эместиги жана сапатсыздыгы белгиленсин.
3. “Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүү, сатуу жана жалпы жер маселелерин кароо боюнча комиссиясынын” отурумдарынын протоколдору атайын китепчеге катталсын. Ал эми сатылган жана ижарага берилген жер тилкелери боюнча реестр түзүлсүн. Бул кемчиликтерди жоюу милдети шаардын мэрине (М.Д.Койчиев), ШММБнын башчысына (К.С.Сарбалаев) жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (М.Д.Койчиев), муниципалдык менчик башкармалыгына (К.С.Сарбалаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш,архитектура, турак-жай,комуналдык чарба,муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |