Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябры № 34/9-6
Шаардык кеңештин 14.06.2013-жылдагы №18/6-6-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин шаардык кеңешке жолдогон 15.08.13-ж №06-4/1233 катындагы: “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгын өткөрүүгө кошумча керектелүүчү 150,0миң сомдук каражатты шаардык кеңештин 14.06.13-ж №18/6-6 токтомунун 1-пунктунун №5-тиркемесиндеги: “Токтогул ГЭС Каскады тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарына акы төлөөгө” каралган 1178,5миң сомдун эсебинен каржылап берүү боюнча кайрылуусун, бул маселе боюнча шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин шаардык кеңештин 14.06.13-ж. №18/6-6 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгын өткөрүүгө кошумча керектелүүчү 150,0 миң сомдук каражатты шаардык кеңештин 14.06.13-ж №18/6-6 токтомунун 1-бөлүмүнүн №5-тиркемесиндеги: “Токтогул ГЭС Каскады тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарына акы төлөөгө” каралган 1178,5миң сомдун эсебинен каржылап берүү боюнча шаардык кеңештин 14.06.13-ж №18/6-6 токтомуна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомдун 2-бөлүмүнө ылайык шаардык кеңештин 14.06.13-ж №18/6-6 токтомунун 1-бөлүмүнүн №5-тиркемесиндеги: “Токтогул ГЭС Каскады тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарына акы төлөөгө” каралган 1178,5 миң сомдун эсебинен 150,0 миң сомду ШММБнын тиешелүү беренесинен жылдыруу жолу менен шаардык маданият бөлүмү аркылуу каржылап, шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тиешелүү тактоо (уточнение) киргизсин.
4. Бул токтомдун 3-бөлүмүндөгү каржылануучу 150,0 миң сомдук каражат убактылуу экендиги белгиленсин жана бул каражатты 2013-жылга бекитилген планды ашыкча аткаруу жолу менен ордун толуктоо, 2013-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңешке отчёт берүүсү Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевге сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (М.Д.Койчиев), шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |