Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-декабры № 5
«Эл депутаттарынын Момбеков айылдык
Кенешинин Регламентин бекитүү жөнүндө»
Эл депутаттарынын Момбеков айылдык Кенешинин төрагасы К. Мамыровдун билдируусун угуп Эл депутаттарынын Момбеков айылдык Кенешинин ХХУ1-чакырылышынын 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Момбеков айылдык Кенешинин төрагасы К Мамыровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Эл депутаттарынын Момбеков айылдык Кенешинин Регламенти бекитилсин (Регламент тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо менен аткаруу жагы Эл депутаттарынын Момбеков айылдык Кенешинин төрагасы К. Мамыровго жүктөлсүн.
Эл депутаттарынын Момбеков айылдык Кенешинин төрагасы: |
Мамыров К. |
| «БЕКИТИЛДИ» Эл депутаттарынын Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасы: Мамыров К. 04. 12. 2013-ж. |
Момбеков айылдык Кенешинин Регламенти
1-Глава Момбеков айылдык кеңеши
2-Глава Момбеков айылдык кеңешинин компетенциясы
3-Глава Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы
4-глава айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
5-Глава Момбеков айылдык кеңешинин катчысы
6-Глава Момбеков айылдык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
3 Бөлүк Айылдык кеңешинин иштешинин жалпы тартиби
7-Глава Момбеков айылдык кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
8-Глава Момбеков айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
Момбеков айылдык кенешинин Регламенти.
9-Глава Момбеков айылдык кенешинин Регламентине өзгөртүүлөдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык кенешинин иш аракет тартибин аныктайт
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава Момбеков айылдык кеңеши
1.1. Момбеков айылдык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат
1.2. Момбеков айылдык кеңешинин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Момбеков айылдык кенеши өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3.Момбеков айылдык кенеши 21 депутаттан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштуу аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана туз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Момбеков айылдык кенешинин уюштуруучу-укуктук иштоо формасынын негизи сессия болуп саналат
2-Глава Момбеков айылдык кенешинин компетенциясы
Момбеков айылдык кенешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө
2) Жергиликтүү бюджетти бекитүү жана аткарылышын очетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу.
3) Аймактарды социалдык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо програмаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу.
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде мунципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жүзөөгө ашыруу;
6) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) Депутаттардын жалпы санынын 3\2 добушу менен айыл Өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;
9) Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
10) Администрациялык – аймактын түзүлүү боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
11) Төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
12) Жергиликтүү кенештин Регламентин кабыл алуу;
13) Өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
14) Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айыл Өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
15) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
16) Айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- А\Кенештин депутаттары же бир эле депутаты айыл Өкмөтүнүн башчысына талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын акими тарабынан сунушталуучу талапкердин ичинен жашыруун добуш менен айылдык кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
- Депутат жана депутаттар тарабынан айыл Өкмөтүнүн башчысына көрсөтүлгөн талапкер шайлоо күнүнө 5 жумушчу күн калганга чейин аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди тапшыруу керек.
- Айыл Өкмөтүнүн башчысына талапкерди көрсөтүү боюнча айылдык Кенештин чечими
- Талапкердин макулдугу боюнча арызы
- Талапкердин өмүр баяны
- Талапкердин өздүк баракчасы сүрөтү менен
- Соттолбогондугу тууралуу тактама
- Эмгек китепчесинин натариус тарабынан тастыкталган нускасы
- Жогорку билими боюнча натариус тарабынан тастыкталган дипломдун көчүрмөсү
- Справка обьективка
17) Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын деференцияланган ставкаларын белгилөө;
18) Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
19) Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
1.1. Айылдык кенеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
1.2. Айылдык кенеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алынат.
3-Глава Айылдык кеңештин төрагасы.
3.1 Айылдык кеңешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин төрагалыгына депутаттар тарабынан жана ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык кеңешинин төрагасы
- Кеңештин сессиясына чакырат
- Сессияга төрагалык кылат
- Айылдык кеңештин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка кагаздарына кол коет
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2 Айылдык кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат
4-глава Айылдык кенешинин төрагасынын орун басары
Айылдык кенешинин төрагасынын орун басары талапкерди төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат.
Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
4.1. Кенештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдеттин аткарат.
4.2. Кенештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
4.3. Кенештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
5-Глава Айылдык кеңештин катчысы
5.1. Айылдык кенешинин катчысынын иштерин айыл Өкмөтүнүн же башкаруунун жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айылдык кеңештин катчысы:
· Айылдык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
· Айылдык кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
· Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
· Айылдык кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
· Айылдык кеңешинин сессиянын токтомдорун тариздейт жана кеңештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат,
· Айылдык кеңешинин сессиясынын токтомдорун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
6-Глава Айылдык кенешинин туруктуу комиссиялары
6.1. Айылдык кенешинин кенешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кенеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Айыл кенеши ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссиялар тизмеси алардын сандык курамын шайлоо айылдык кенешинин депутаттары тарабынан аныкталат.
6.2. Айылдык кенеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат.
Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
7-Глава Айылдык кеңешинин кеңештин сессиясынын өткөрүү тартиби
7.1 Айылдык кенешинин ишинин негизги уюштуруучулук – укуктук формасы болуп кенештин сессиясы болуп саналат.
Айылдык кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес депутаттардын жалпы санынын 1\3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен аныкталат.
7.2. Айылдык кенешинин депутаттары кенештин сессиясына катышууга милдеттүү. Эгерде сессияга себепсиз 3 жолу катышпаса депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жагы мыйзам чегинде каралат. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай калган учурларда алдын ала катчыга малымдоого тийиш.
7.3. Айылдык кеңешинин сессиясы ачык түрүндө жүргүзүлөт, айылдык сессиясы күн тартибиндеги маселелерге карата жабык өтүшү мүмкүн.
7.4. Айылдык кеңеши ар бир сессияда иштөө тартибин кабыл алат.
7.5. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
7.6. Айылдык кеңешинин сессиясына протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
7.7. Керек болгон учурларда айылдык кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырат.
8-глава Айылдык кеңешинин кеңештин токтом долбоорун кароо тартиби.
8.1. Айылдык кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кенештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
8.2. Айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
· Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
· Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш;
· Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
· Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
8.3. Айылдык кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кеңешинин кеңештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
8.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
8.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
8.7. Айылдык кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айылдык кеңешинин кеңештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
9-Глава Айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
9.1. Айылдык кеңешинин иш Регламентин типтүү Регламенттин негизинде Регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
9.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
9.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
9.4. Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.
Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Мамыров К. |