Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги ХII - сессия
2014-жылдын 4-февралы №8
Жалал-Абад шаарындагы жаңы көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2023-жылдын 23-августундагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Усеновдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2023-жылдын 23-августундагы № 1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Жалал-Абад шаарындагы жаңы көчөлөрдүн бирине Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты, тарыхый инсан маркум Эгембердиев Култектин ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаарындагы жаңы көчөлөрдүн бирине тарыхый инсан, атактуу төкмө акын маркум Коргоол Досуевдин ысымы ыйгарылсын.
4. Жалал-Абад шаарындагы жаңы көчөлөрдүн бирине «Эрдик» медалынын ээси, Баткен согушушун катышучусу, маркум Рахматуллаев Абдурасул Гаипжановичтин ысымы ыйгарылсын.
5. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө шаардагы аты жок көчөлөрдүн тизмесин тактап берүү жагы милдеттендирилсин.
6. Жаңы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (А.Нуркулов) милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (К.Усенов) жүктөлсүн.
8. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |