Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылы 5-марты № 7-7-2
«Ичүүчү суунун, суу калдыктарын алып
(канализация) чыгуу жана тазалоо
тарифтерин бекитүү жөнүндө».
Майлуу-Суу шаардык «Сууканал» мекемесинин 2014ж. 27.02. №01-07/60 «Ичүүчү суунун, суу калдыктарын алып (канализация) чыгуу жана тазалоо тарифтерин бекитүү боюнча» катын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн 2014ж. 26 февраль №18 «Майлуу-Суу шаардык «Сууканал» мекемесинин 2014 жылга акы алып коммуналдык кызматынын наркына макулдук берүү жөнүндө» буйругун угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин сессиясы,
1.Майлуу-Суу шаардык «Сууканал» мекемесинин 2014ж. 27.02. №01-07/60 «Ичүүчү суунун, суу калдыктарын алып (канализация) чыгуу жана тазалоо тарифтерин бекитүү боюнча» каты жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн 2014ж. 26 февраль №18 «Майлуу-Суу шаардык «Сууканал» мекемесинин 2014 жылга акы алып коммуналдык кызматынын наркына макулдук берүү жөнүндө» буйругу, депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Шаардык «Сууканал» мекемесинин ичүүчү суунун, суу калдыктарын алып (канализация) чыгуу жана тазалоо жаңы тарифтери бекитилсин. (№1 Тиркеме).
3.Шаардык Кеңештин ХХХ кезектеги сессияда (IV чакырылыштагы) 2008 жылы № 30-4-4 кабыл алынган токтому жокко чыгарылсын.
4. Шаардык «Cууканал» мекемеси тарабынан (Маматов Н.А.) 2014 ж. 8 мартка чейин Кыргыз Республикасынын +кмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусунун болүмүнө берилсин.
5. Шаардык «Cууканал» мекемеси тарабынан (Маматов Н.А.) таза сууну колдонуу жана суу калдыктарын алып чыгуу эрежелерин, жана типтүү келишимдердин долбоорун кэлерки туруктуу комиссиянын отурумуна жана сессияга бекитүү үчүн алып чыксын.
6. Шаардык «Cууканал» мекемеси (Маматов Н.А.) ылайка суу жана суу жок болгон убакыттарда, муздак сууга калктын жана мекемелердин акы төлөмдөрү дифференттүү (айырма, өзгөчүлүк) болуп эсептелсин.
7. Шаардык «Cууканал» мекемеси тарабынан (Маматов Н.А.) кыска мөөнөттө массалык маалымат каражат аркылуу, калкка жаңы тарифтер боюнча маалымат жеткирилсин.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майлуу-Суу шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары ( Токтоназаров К.Ю.), шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына (Бакалаев Р.К., Асанов А.С., Суйумбаев К.У.) жүктөлсүн.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Шадманов К.Т. |
| №1 Тиркеме VII кезексиз сессиясында № 7-7-2 Токтому менен 2014 ж. 5 март «Бекитилди» Шаардык Кеңештин төрагасы Шадманов К.Т. |
- «Муздак суу»: 5 сом 41тыйын НДСы жок.
- калкка- 1 куб.м. - 4 сом 61тыйын НДСы жок.
- мекемелерге- 1 куб.м. -5 сом 69 тыйын НДСы жок.
-«Канализация»: 8 сом 50 тыйын НДСы жок.
- калкка- 1 куб.м. - 6 сом 15 тыйын НДСы жок.
- мекемелерге- 1 куб.м. -11сом 52 тыйын НДСы жок.
Шаардык Кеңештин Аппарат жетекчиси |
Батыров А.А. |