Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 23-январы № 01-01/73
«Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Б.Артыковдун, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бөлүштүрүү боюнча докладын угуп, талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 3-главасынын 3.6-беренесине ылайык
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Артыков Базаркулдун билдирүүсү жактырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлеринин кызматтык милдеттери № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлеринин кызматтык милдеттери № 1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Б.Артыков |
| Кочкор-Ата шаардык Кеңештин XXVI чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын № 01-01/73 токтому менен бекитилген Кочкор-Ата шаардык Кеңештин төрагасы __________ Б.Артыков. 2014-жылдын 23-январы № 1 тиркеме |
1). Шаардык Кеңештин төрагасы туруктуу саясий административдик муниципалдык кызматчы болуп саналат, шаардык кеңешти жана шаардык кеңештин аппаратын жетектейт.
2). Шаардык кеңештин сессиясын чакырат, сессияга төрагалык кылат, токтомдорго, протоколдорго жана шаардык кеңештин башка документтерине кол коёт, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3). Шаардык кеңештин туруктуу, убактылуу жана башка комиссияларынын ишин координациялайт.
4). Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүндө коомдук ой пикирлерди жана маалымдуулукту камсыз кылат.
5). Шаардык кеңештин жана коомдук аймактык башкаруу органдарынын иш аракетин уюштурат.
6). Эгерде коомдук аймактык башкаруу органдары тарабынан тийиштүү аймакта жашаган жашоочунун укугу, эркиндиги, мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулса, анда соттун чечими чыкканга чейин алардын иш аракетин токтотууга укуктуу.
7). Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
8). Шаардын татыктуу тургундарына, белгилүү инсандарга мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
9). Кеңештин Регламентинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
10). Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын көрсөтөт жана сунуштайт.
11). «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана укуктук ченем актыларына ылайык өзүнүн буйругу менен жооптуу катчыны жана башкы, жетектөөчү адистерди кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
12). Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде кеңештин компетенциясына кирген дагы башка маселелерди чечет.
13). Шаардык кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттардын биринчи сессиясына чейин өзүнүн кызматын аткарат.
14). Кеңештин атынан мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мамиледе боло алат.
15). Бюджетте бекитилген чыгым сметасына ылайык шаардык кеңештин каражатын башкарат.
16). Шаардык кеңештин чыгым сметасынын долбоорунун даярдалышын жана бюджеттик жылдын аякташына үч айдан кем эмес убакта шаардык кеңештин сессиясына алып чыгат.
17). Бюджеттик жылдын бүтүшү менен, эки айдан кем эмес убакта шаардык Кеңештин сессиясына өткөн жыл боюнча шаардык кеңешке бекитилген чыгым сметасына ылайык каражаттардын сарпталышы боюнча жазуу түрүндө кеңейтилген маалыматты кароого коёт.
18). Шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин сессиясында жылына бир жолудан кем эмес отчёт берет.
19). Депутаттардын укук-ыйгарымдары жана милдеттери иш жүзүнө ашуусуна көмөктөшөт.
20). Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын, депутаттардын жана аппарат кызматкелеринин аброюн жана кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт.
21). Маселени алдын ала кароо, даярдоо боюнча убактылуу комиссияларды же жумушчу топту түзүү боюнча жана башка өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат жана ага кол коёт.
1). Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасынын сунуштамасы боюнча депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, ачык добуш берүү жолу менен шайланат жана өздөрүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
2). Шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт жана шаардык кеңештин иш кагаздарына кол коёт.
3). Шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмасы менен жарандарды кабыл алат, келип түшкөн арыздарды, даттанууларды жана кайрылууларды карайт.
4). Депутаттык фракциялар менен өз ара аракеттенет.
5). Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары менен түздөн-түз иш алып барат жана алардын бир жылдык иш-пландарынын аткарылышын көзөмөлдөйт.
6). Шаардык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары төмөндөгү туруктуу комиссиялардын ишин көзөмөлдөйт:
- каржы-экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча.
- өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар маселелери боюнча;
- муниципалдык менчик жана инвестиция тартуу маселелри боюнча;
7). Шаардык Кеңештин төрагасынын экинчи орун басары төмөндөгү туруктуу комиссиялардын ишин көзөмөлдөйт:
- социалдык маселелер боюнча;
- мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча;
- жерге укук берүү жана шаар куру маселелери боюнча.
8). Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөйт.
1). Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппаратын, шаардык кеңештин жооптуу
катчысы жетектейт жана ишин уюштурат. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы мындан ары аппарат жетекчи туруктуу административдик муниципалдык кызматчы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
2). Шаардык Кеңештин жооптуу катчы-аппарат жетекчи, кезектеги чакырылышта ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аяктоосу менен өз ишин токтотпойт. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
3). Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда депутаттарды тийиштүү маалымат менен камсыздайт.
4). Шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган келечектүү иш планын аткарууну камсыздайт.
5). Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен өз ара иш алып барат.
6). Шаардык Кеңешке келип түшкөн иш-кагаздарын эсебин жүргүзөт жана аткарылышына көзөмөлгө алат.
7). Шаардык Кеңештин сессиясында карала турган материалдарды сессига даярдайт жана аларды депутаттарга жеткирүүнү көзөмөл кылат.
8). Шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган буйруктарды жана токтомдорду аткарылышын көзөмөлдөөнү жана текшерүүнү уюштурат.
9). Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырууну уюштурат.
10). Керектүү учурда иш кагаздарды мамлекеттик тилге которууну уюштурат.
1). Шаардык кеңештин башкы адиси туруктуу административдик муниципалдык кызматчы болуп саналат. Шаардык кеңештин башкы адиси Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
Шаардык Кеңештин бюджет жана салык боюнча, өнөр-жай жана жерге укук берүү боюнча туруктуу комиссияларына көмөктөшөт жана комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин жана Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышынын көзөмөлгө алуусуна жардам берет.
2). Кеңешмелерди, семинарларды, шаардык кеңештин сессияларын жана башка ушул сыяктуу иш чараларды уюштурууда уюштуруу техникалык даярдыктарды аткарат.
3). Шаардык кеңештин төрагасынын көрсөтмөсү менен татыктуу шаардын тургундарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоодо жана ардактуу наамдарды ыйгаруу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдайт.
4). Шаардык Кеңештин депутаттары шайлоочулардын алдында маалымат берүүсү үчүн көмөктөшөт жана сын-пикирлерди, эскертүүлөрдү чогултат, тийиштүү кызматкерлерге аларды аткаруу үчүн жөнөтөт жана өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алат.
5). Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылуулурын карайт.
6). Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча көзөмөлдөөгө туруктуу комиссияларга жардам берет, маалыматты топтойт жана токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты аппарат жетекчиге жеткирет.
7). Керектүү учурда шаардык кеңештин сессиясында каралуучу материалдарды даярдайт жана сессияга даярдалган материалдарды депутаттарга таркатып берет.
8). Туруктуу комиссиялардын отурумунун, семинарлардын жана башка ушул сыяктуулардын протоколдорун түзөт.
9). Шаардык кеңештин депутаттарынын ар кандай багыттагы окууларын уюштурат.
10). Шаардык Кеңештин токтомдорун расмий жарыялоого берет жана Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн иш-кагаздарын тапшырат.
11). Кыргыз Республикасында кабыл алынган майрам күндөрдү белгилөөнү уюштурат.
12). Шаардык Кеңештин сессияларынын стенограммага түшүрөт.
1). Шаардык кеңештин жетектөөчү адиси туруктуу административдик муниципалдык кызматчы болуп саналат. Шаардык кеңештин жетектөөчү адиси Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
Шаардык кеңештин социалдык, мыйзамдуулук жана этика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиялардын ишине көмөктөшөт жана комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин жана сунуштардын аткарылышын көзөмөлгө алуусуна жардам берет.
2). Шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган буйруктардын аткарылышын камсыз кылат жана аткарууга милдеттүү болгон жетекчилерге жеткирет.
3). Семинарларды, шаардык кеңештин сессияларын жана башка ушул сыяктуу иш чараларды уюштурууда уюштуруу техникалык даярдыктарды аткарат.
4). Шаардык кеңешке келип түшкөн укуктук-нормативдик актыларды иреттейт, алардын сакталышын камсыз кылат.
5). Шаардык кеңештин сессиясына даярдалган материалдарды депутаттарга таркатып берет.
6). Жарандардан, мекеме уюмдардан түшкөн арыз, кайрылууларды иреттейт жана алардын өз убагында аткарылуусун камсыз кылат.
7). Шаардык кеңештин чыгыш каттарын каттоого алат жана зарыл учурда аларды мекемелерге жеткирет.
8). Шаардык кеңешке келип түшкөн иш-кагаздарын эсебин жүргүзөт.
9). Шаардык кеңештин аппаратын концелярдык керектүү зарыл материалдар менен камсыз кылат.
1). Шаардык кеңештин кызматтык иш кагаздарын иш жүргүзүүчү инструкцияларына ылайык оперативдүү, сабаттуу, мамлекеттик тилде жана компьютердик басмада камсыз кылат.
2). Компьютердин жана башка техникалардын техникалык абалын, кабинеттердин тазалыгын карайт жана жооп берет.
3). Шаардык кеңештин төрагасынын ишин камсыз кылуу жана тейлөө боюнча техникалык функцияларды аткарат.
4). Кабылдамада тартипти сактайт, кабылдамага келген жарандарды кабыл алууга төраганын жана аппарат жетекчинин уруксаты менен киргизет.
5). Төраганын жана аппарат жетекчинин тапшырмасы менен тийиштүү жетекчилерди чакырат, соңунда төрагага жана аппарат жетекчиге маалымат берүү менен телефонограммаларды кабыл алат жана жөнөтөт, төрага жок учурунда телефон кабарларын жазып калат.
6). Шаардык Кеңештин төрагасынын жана аппарат жетечинин тапшырмасы менен шаардык Кеңештин депутаттарына сессияда каралуучу материалдарды, жарандардан түшкөн арыздарды жана башка иш кагаздарды жеткирип берет.
7). Жетекчи жагымдуу шартта иштөөсү үчүн жетекчинин ордун камсыз кылат.
8). Жыйындар залын сессияга даярдайт.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси: |
М.Мадосмонов |