Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 19-февралы №4 | Кара-Балта шаары |
“Кара-Балта шаарынын аймагында калкка тейлөө көрсөткөн соода-сатык объектилери жана чарба субъектилеринин жайгашкан жер участогуна ар жылы ижара төлөө боюнча наркын чыгаруу эсебинин зоналдык коэфицентин бекитүү жөнүндө” Кара-Балта шаардык Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык , муниципалдык менчикте болгон жер участкаларын, кыймылсыз мүлк объектилерин ижарага берүү тартибин ирээтке келтирүү ,ошондой эле шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү, “Кара-Балта шаарынын аймагында калкка тейлөө көрсөткөн соода-сатык объектилери жана чарба субъектилеринин жайгашкан жер участогуна ар жылы ижара төлөө боюнча наркын чыгаруу эсебинин зоналдык коэфицентин бекитүү жөнүндө” Кара-Балта шаардык Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”, шаардын муниципалдык менчигин башкаруусунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Кара-Балта шаарынын мэриясынын мүлккө муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.Б.Карагуловдун берген маалымдамасы жана сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Балта шаарынын мэриясынын мүлккө муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.Б.Карагуловдун берген маалымдамасы жана сунушу эске алынсын.
2.Тез арада жана (убактылуу) ижарага берилген жер участкалары үчүн ар жылы ижара төлөө наркына өзгөртүү киргизилсин.
а) коммерция боюнча колдонуу коэфиценти (К2) Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 6-беренесинин 339п/п на ылайык колдонулсун.
б) өзгөртүү киргизүү менен (К4) берилген жер участогунун жалпы аянтын аныктаган Коэффицент. (Тиркеме №1)
3.Бекитилсин:
Сунушталган тез арада жана (убактылуу) ижарага берилген жер участкалары үчүн ар жылы ижара төлөө наркына өзгөртүү жана кошумча тартибин ирээтке келтирүү
4.Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча башкармалыгы бул киргизилген Кара-Балта шаарынын аймагында калкка тейлөө көрсөткөн соода-сатык объектилери жана чарба субъектилери жайгашкан жер участогуна ар жылы ижара төлөө үчүн киргизилген жаңыча наркын ижара алгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирүү берсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети бюджет боюнча , мэриянын каржы жана экономика, муниципалдык менчик боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: п/к, КЭБ,ММБ,ММК,иш кагазына .
Шаардык Кеңештин Төрагасынын орун басары: |
А.Ниязова |
| Тиркеме №1 |
Тез арада жана (убактылуу) ижарага колдонууга алынган жер участкалары үчүн ар жылы ижара төлөө наркынын эсеп-кысап тартиби
Тез арада жана (убактылуу) ижарага колдонууга алынган жер участкалары үчүн ар жылы ижара төлөө наркы төмөнкү формула менен жүргүзүлсүн :
А__ С*S* К1* К2* К3* К4
Бир жылдык ижарага төлөмүнүн ставкасы –А болгондо;
КР.Салык Кодексине ылайык айыл чарбасы эмес жер салыгынын ставкасы-С
-S -жер участкасынын аянты;
-К1- аныкталган жерден жер аянты жайгашкан (зона) ;
-К2-коэффицент,коммерциялык колдонуу;
-К3- коэффицент ,тез арада(убактылуу) бөлүнүп колдонууга берилген жер участогунунун мөөнөтүнө жараша;
-К4- коэффицент , аныкталып берилген жердин жалпы жер аянты;
Коэффицент, К1- аныкталган жерден жер аянты жайгашкан (зона) ;
К1-6 коэффициент менен биринчи зона
Юридикалык дареги бар зонадагы участок объектилеринин чеги төмөнкү көчөлөр менен чектелет
- Батыш тарабынан – Владимиров көчөсүнөн Ж.Батыр көчөсүнө чейин
-Ломоносовадан .Комсомольскийге чейин
- Владимировадан К.Маркска чейин
- К.Маркстан Калининага чейин
- Түндүк тарабынан – Ж.Батырдан Ломоносовго чейин
- Комсомольскийден 8 Мартка чейин
-Чыгыш тарабынан- 8 Марттан .Фрунзенскийге чейин
-Октябрскийден Фрунзенскийге чейин
- Октябрскаядан Гвардейскаяга чейин
- Космонавтыдан Коммунистическаяга чейин
Түштүк тарабынан - Коммунистическаядан Калининага чейин
- Коммунистическаядан Космонавтыга чейин
К1-4 коэффициент менен экинчи зона
Юридикалык дареги бар зонадагы участок объектилери чеги төмөнкү көчөлөр менен чектелет
- Батыш тарабынан – Калинин көчөсүнөн К.Маркс көчөсүнө чейин
- кв.Западныйдан Владимировага чейин
- Фрунзенскийден - 8 Март- Ж.Батырга чейин
- Космонавтан – Мичурина – Гвардейскийге чейин
- Октябрскийден – Фрунзенскийге чейин
- түндүк тарабынан - .8 марттан –Ж.Батыр - Советскийге чейин
- Космонавтан – Гвардейский – Мичуринага чейин
- Владимировадан – К.Маркс - Калининага чейин
- чыгыш тарабынан– Ж.Батырдан -Советская – Фрунзенскийге чейин
- П.Тольяттиден – 40 лет Киргизия-Мичуринага чейин
- Калининадан – К.Маркска чейин
- түштүк тарабынан-.8 Марттан – Фрунзенская- Советскийге чейин
-.Мичуринадан – 40 лет Киргизияга чейин
- Владимировадан – кв.Западный – Калининага чейин
К1-3 коэффициент менен үчүнчү зона
Биринчи жана экинчи зонада көрсөтүлбөгөн жер аянттарына колдонулат
Коммерциялык колдонууга К2-коэффициенти
1.Ишкерлик жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу максатында Менчик ээсине тиешелүү болгон же болбосо мекемелердин жана жеке ишкерлердин,жеке тараптардын жекече ишкерлигин жүргүзүүгө жер участкаларын колдонгондугу үчүн төмөнкү өлчөмдө
коммерциялык колдонууга К2-коэффиценти бекитилет :
1)Дүкөндөр, киоскилер, ларёктор, ж.б жер аянтына көз каранды болгон соода түйүндөрү:
Аянты , кв.м. | 10го чейин | 10 дон 20га ичейин | 20дан 35ге чейин | 35тен 50гө чейин | 50 жана андан жогору |
мааниси К2 | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6 |
2)Чакан-базарлар, базарлар,соода-сатык комплекси-7,5;
3)Мал, базарлар-4,5
4)Тамак-аш азыктануу мекемеси-3
5)Мейманкана ишмердүүлүгү
6)Банктар, күрөөканалар, акча алмаштыруу пункуттары
7)Букмер конторасы жана тотализатор, дискотека ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруучу, мекемелер-7
8)Офистер, бизнес-центр, биржалар-2,5
9)Автомай куйуучу станциялар
10)Нефтебазалар-1,5
11)Көрнөк-жарнак жасалгалоо жайлары—50
12)Бул беренеде көрсөтүлгөн жеке тейлөөчү эс алуу, көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо жайлары-1,5
13)Административдик авто унаа, жүк ташуучу жайлар: аэро бекеттер, авто бекеттер, темир жол станциясы 1-5
14)Транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика,эркин экономикалык зона,эгерде бул беренеде каралбаган болсо- 0,5
15)Тоо кен чыгаруу мекемесинин, темир жол, аба жол жана жүк ташуучу транспортунун турак жайы, имараты-0,3
16)Кен казып чыгууну иштеп чыгуу, карьерлер, шахта-0,05
17)чалгындоо жана ищтеп табуу геолгиялык чалгындоо иштери-0,005
18)Аба жолдору менен байланыш жана электр жарыгын берүү-0,01
19)Илим-билим мекемелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мадаинй,балдардыын саламаттыгын сактоо-спорттук дене тарбия берүү мекемелери-0,3
20)Айыл чарба өндүрүш мекемелеринин турак жайы ( гараж, оңдоо мастерскойлору,кампалар, дан эгиндерин тазалоочу комплекстер, жашылча жер жемиштерин сактоочу , курулуш жанан чарбалык иштерди жүргүзүүчү , айыл чарбасына тиешелүү чарба жүргүзүү объектилери.-о,2
21)Коргонуу-спорттук-техникалык мекемелер-0,001
К3.- тез арада (убактылуу) берилген мөөнөтүнө көз каранды болгон жер участогун колдонууга коеффицентинин аныкталышы
К3=3- жерди колдонуу мөөнөтүндө 5 жылды кошкондо;
К3=4- жерди колдонуу мөөнөтүндө 5 тен 25ж чейин ;
Жер участогун узак жылдарга ижарага бергенде ( 50 жылга );
К3= 3- жерди колдонуу мөөнөтүндө биринчи 5 жыл ичинде ;
К3= 4- жерди колдонуу мөөнөтүндө 5 тен 25 жылга чейин;
К3= 2- жерди колдонуу мөөнөтүндө 25тен 50жылга жылга ;
К4 - жер участогунун жалпы аянтын аныктоочу-коффициент.
К4= 0,9 – дөн 9м2 ге чейин
К4= 1,0 – ден 9,1м2 ге чейин
К4= 1,1 – ден 12,1м2ге 20 м2 чейин
К4= 1,2 – ден 20,1м2ге 35 м2 чейин
К4 = 1,3 – төн 35,1 м2ге 50 м2 чейин
К4 = 1,4 – төн 50,1м2 ге 100м2 чейин
К4 = 1,5 – тен 100м2ге чейин жана жогору
МБНнүн башчысы | Т.Карагулов |
Макулдашылган: |
|
КЭБнүн башчысы: | М.Алымходжаев |