Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 58/9-6
«Талас шаарынын 2013-жылдын
жергиликтүү бюджетинин пландарына
өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Талас шаардык каржы бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Талас шаарынын 2013-жылдын ичинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөр киргендигин карап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2013-жыл ичинде жергиликтүү бюджетке 1-4 класстардын тамак ашы учун 1289,2 мин сом, мектептердин учурдагы ремонт иштери учун 764,8 мин сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акылары көбөйгөндүгү учун 1304,5 мин сом акча каражаттары республикалык бюджеттен келип тушкондугу белгиленсин. Ошондой эле жергиликтуу бюджетте каралган категориалдык гранттын планы-33087,8 мин сомго, салык кирешелери жана салык эмес кирешелеринин пландары-2428,0 мин сомго азайгандыгы,ал эми атайын каражаттын планы 4549,0 мин сомго көбөйгөндүгүнө байланыштуу бюджеттин чыгаша болугуно өзгөртүүлөр киргизилсин (1,2 тиркеме тиркелет) .
2. а) Кыргыз Республикасынын Өкмотунун № 302 30-май 2013 жылдагы Токтомунун негизинде 1-августан баштап, билим беруу тармагындагы бюджеттик мекеме уюмдардын айлык акылары (категориалдык грант ) республикалык бюджеттен билим беруу жана илим Министрлиги тарабынан каржылана тургандыгы эске алынсын. Ошол себептен, шаардык билим беруу болумунон-28413,5 мин сом , балдарга билим беруу борборунан (ДОЦ)-755,1 мин сом, жаш оспурум балдар курош мектебинен-1339,2 мин сом, жаш оспурум балдар футбол мектебинен–582,7 мин сом , шаардык жаш оспурум балдар спорт мектебинен-1212,9 мин сом жана чет тилдер багытындагы лицей мектебинен-784,4 мин сом айлык акы жана соц.фонддук толомдордон жалпы-33087,8 мин сомго (категориалдык гранттан) азайтылсын.
б)Талас шаардык коммуналдык кызмат корсотуу муниципалдык ишканасынан уном болгон ст.22156900 ар кандай чыгымдардан-2428,0 мин сом азайтылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акыны толоонун шарттары жонундо» токтомунун негизинде эмгек акылардын кобойгондугуно байланыштуу, жыл ичинде уном болгон айлык акы жана соц.фонддук толомдордон: мэриядан-124,9 мин сом, шаардык кенештен-27,2 мин сом, муниципалдык менчик башкармалыгынан (УМС)-89,4 мин сом азайтылсын, ал эми муниципалдык салык кызматкерлерине- 114,3 мин сом жана шаардык муниципалдык ветеринардык болумго-127,2 мин сом айлык акылары жана соц.фонддун толомдору учун кошумча берилсин. Талас шаардык билим беруу болумуно болунгон тамак аш беренесинен 150,0 мин сом Талас облустук чет тилдер багытындагы лицей-комплексине тамак аш беренесине жылдырылсын. Талас шаардык каржы болумуно ар кандай чыгымдар беренесине болунгон 50,0 мин сомду эмеректерди алуу беренесине жылдырылсын.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык «Жаны багыт» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |