Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 302
Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 745, 2015-жылдын 8-майындагы № 281, 2015-жылдын 13-июлундагы № 482, 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 586, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843, 2018-жылдын 24-июлундагы № 342, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 30-мартындагы №181, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 29-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине ылайык, жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдеринин негизинде билим берүү секторунда мамлекеттик чыгымдарды башкаруу тутумун андан ары өркүндөтүү жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарын кошпогондо, айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия процесстерин камсыздоого чыгымдарды каржылоо 2013-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтериялары аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которулсун.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын типтүү штаттары;
- (үчүнчү абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 34 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (төрчүнчү абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 34 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы № 281 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын тизмеги.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315, 2015-жылдын 8-майындагы № 281, 2018-жылдын 24-июлундагы № 342 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы N 563 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун жан башына принцибине которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышында жана бүткүл текст боюнча "жан башына" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
1-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары 2013-жылдын 1-августунан тартып күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча "жан башына" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоонун жан башына принцибине которуу графигинде:
аталышында "жан башына" деген сөздөр "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
3 жана 4-пункттарындагы "2012" цифралары "2013" цифраларына алмаштырылсын.
6. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен төмөнкүлөр каржыланат:
коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, имараттарды жана жайларды күтүүгө чыгымдардан тышкары мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын чыгымдары:
райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы борбордоштурулган бухгалтерияларынын райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) жана методикалык иштердин чыгымдары;
мектепке чейинки, мектептен тышкары жана башка билим берүү уюмдарынын эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгымдары;
- мектепке чейинки, мектептен тышкаркы жана башка билим берүү уюмдарынын эмгек акысын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдөн башка жалпы билим берүүчү уюмдардын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн жана имараттар менен жайларды күтүү чыгымдарын, ошондой эле бардык чыгымдарын каржылоо функциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сакталат;
- ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун тартиби 2013-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирээри;
- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 342 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин кийинки жылдарга кабыл алууга чейин ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун стандарттарынын шкаласы колдонулаары;
- ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеги Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдик принцибине которууга жараша толукталаары;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына жана райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларына киргизилген кызмат орундарын кармоого финансылык чыгымдар "Билим берүү" бөлүмү боюнча каралган каражаттардын, ошондой эле ушул токтомдун 3-пунктуна ылайык республикалык бюджеттин трансферттеринин эсебинен кармалган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кыскартуунун натыйжасында бошотулуучу кызмат орундарынын чегинде ишке ашырылаары.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 745, 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 586, 2018-жылдын 24-июлундагы № 342 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
61. Республикалык бюджеттен дотация албаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин каражаттарын мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды каржылоого, анын ичинде айлык акы фонду боюнча чыгымдарга жумшоо сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
а) 2013-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
- ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилүүчү Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын типтүү штаттарына ылайык райондук (шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын штаттык саны бекитилсин:
б) 2013-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларын комплектесин;
в) 2013-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө билим берүү уюмдарын каржылоо маселелерине райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) кызматкерлерин окутсун;
г) ушул токтомдон келип чыккан уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын аткаруу органдарына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунушталсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы N 302 токтому менен бекитилген |
Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомунун редакциясына ылайык)
| Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык кызмат орундарынын санынын ченемдери |
1 | Башкы бухгалтер | Ар бир борбордоштурулган бухгалтерияга 1 кызмат орду |
2 | Экономист | Уюмдарды тейлөөчү 2000 кызматкерге 1 кызмат орду эсебинде киргизилет, бирок борбордоштурулган бухгалтерияга 1 кызмат ордунан кем эмес |
3 | Бухгалтер | Уюмдарды тейлөөчү 200 кызматкерге 1 кызмат орду эсебинде киргизилет, эки же андан көп бухгалтер болгон учурда, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча адистин милдеттери бир бухгалтерге жүктөлөт. |
4 | Мектептерди каржылоо боюнча өз алдынча эсеп жүргүзгөн бухгалтер | Ар бир 10 мектепке өз алдынча эсеп жүргүзүүчү 1 кызмат орду эсебинде киргизилет |
5 | Кассалык операциялар боюнча адис | Ар бир борбордоштурулган бухгалтерияга 1 кызмат орду |
Эскертүү:
1. Борбордоштурулган бухгалтериялардын кызматкерлеринин чектик штаттык саны ушул штаттык ченемдерге жараша эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет.
Эгерде тейленүүчү уюмдарда кызматкерлердин саны белгиленген ченемдерден көп же аз болсо, анда борборлоштурулган бухгалтериялардын штаттык кызмат орундарынын саны пропорционалдуу түрдө көбөйтүлөт же азайтылат. Мында, борборлоштурулган бухгалтериянын штаттык санын эсептөө бүтүн сандын 0,25ке(1) эселүү болгон жүздүк үлүштөгү маанисине чейин тегеректөө эрежеси менен жүргүзүлөт.
1-мисал. Райондун билим берүү уюмдарында 1759 адам иштейт. Бул учурда бухгалтерлердин штаттык кызмат ордунун санын эсептөө төмөнкү түрдө жүргүзүлөт:
1759
------- = 8,795 ≈ 8,75 кызмат орду.
200
2-мисал. Шаардын билим берүү уюмдарында 868 адам иштейт. Бухгалтерия кызматкерлеринин саны:
868
----- = 4,340 ≈ 4,25 кызмат орду.
200
2. Борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлеринин штаттык саны 25 кызмат ордунан ашпашы керек.
2-1. Кароолчунун кызматы борбордоштурулган бухгалтериялардын жумуш убагын кошпогондо сменада 1 бирдик эсебинде дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишин эске алуу менен киргизилет.
2-2. Жеңил автомобиль айдоочунун штаты жеңил автомобили бар болсо киргизилет.
2-3. Кызматтык жайларды тазалоочу жана от жагуучу штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 "Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет.
3. Тейлөөчү уюмдардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен борбордоштурулган бухгалтериялардын кызматкерлеринин жалпы санынын чегинде кызмат орундарынын аталышы өзгөрүшү мүмкүн.
4. Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан билим берүү уюмдарынын чыгымдарын каржылоо жүктөлгөн шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын штатына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жалпы билим берүүчү уюмдардын 130 класска 1 кызмат эсебинде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 22 топко 1 кызмат эсебинде бухгалтерлердин штаттык кызматы кошумча киргизилиши мүмкүн.
(1) 3 бирдик, 3,25 бирдик, 3,75 бирдик ж.б.у.с.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы N 302 токтому менен бекитилген |
2013-жылдын шарттарында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласы (коммуналдык чыгымдарсыз)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 342 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы N 302 токтому менен бекитилген |
Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы № 281, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Райондордун (шаарлардын) аталышы | Айыл аймактарынын аталышы | Мектептердин аталышы |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Кемин | Ак-Түз | Ак-Түз айылынын орто мектеби |
2 | Кемин | Кара-Булак | Кара-Булак айылынын орто мектеби |
3 | Кемин | Кара-Булак | Алтымыш айылынын негизги мектеби |
4 | Кемин | Чоң-Кемин | Тар-Суу айылынын орто мектеби |
5 | Кемин | Чоң-Кемин | Калмак-Ашуу айылынын негизги мектеби |
6 | Кемин | Алмалуу | Алмалуу айылынын орто мектеби |
7 | Кемин | Чым-Коргон | Ак-Тилек айылынын орто мектеби |
8 | Кемин | Кызыл-Октябрь | Ак-Бекет айылынын орто мектеби |
9 | Кемин | Ильич | Ильич айылынын орто мектеби |
10 | Кемин | Кемин шаары | № 2 орто мектеп |
11 | Кемин | Кемин шаары | Нур айылынын орто мектеби |
12 | Кемин | Орловка | Подгорное айылынын орто мектеби |
13 | Жайыл | Кара-Суу | Кара-Суу айылынын орто мектеби |
14 | Жайыл | Полтавка | Малтабар айылынын орто мектеби |
15 | Жайыл | Сары-Коо | Ийри-Суу айылынын негизги мектеби |
16 | Жайыл | Сары-Коо | Эрктүү айылынын орто мектеби |
17 | Жайыл | Сары-Коо | Жон-Арык айылынын орто мектеби |
18 | Жайыл | Талды-Булак | Бекитай айылынын орто мектеби |
19 | Панфилов | Курама | С.Молдокулов атындагы орто мектеп |
20 | Панфилов | Курама | А.Раимкулов атындагы орто мектеп |
21 | Панфилов | Курама | А.Телекеев атындагы орто мектеп |
22 | Панфилов | Күрпүлдөк | Ж.Болотбеков атындагы орто мектеп |
23 | Панфилов | Күрпүлдөк | Ровное айылынын орто мектеби |
24 | Панфилов | Фрунзе | Чолок-Арык айылынын башталгыч мектеби |
25 | Ысык-Ата | Юрьевка | "Ысык-Ата" курортунун негизги мектеби |
26 | Ысык-Ата | Ысык-Ата | О.Жакишев атындагы орто мектеп |
27 | Чүй | Кегети | А.Токоев атындагы орто мектеп |
28 | Чүй | Он-Бир-Жылга | Б.Маленов атындагы башталгыч мектеп |
29 | Чүй | Шамшы | Чоң-Жар айылынын негизги мектеби |
30 | Чүй | Ибраимов | Ж.Саадаев атындагы негизги мектеп |
31 | Москва | Ак-Суу | С.Усубалиев атындагы орто мектеп |
32 | Москва | Ак-Суу | В.И.Ленин атындагы орто мектеп |
33 | Москва | Сретенск | Т.Арыков атындагы орто мектеп |
34 | Москва | Петровка | "Кызыл-Туу" башталгыч мектеби |
35 | Москва | Чапаев | "Кызыл дыйкан" негизги мектеби |
36 | Москва | Чапаев | Спартак айылынын орто мектеби |
37 | Москва | Предтеченск | Ш.Баялиев атындагы орто мектеп |
38 | Москва | Целинный | Кыз-Моло айылынын орто мектеби |
39 | Ак-Суу | Эңилчек | Эңилчек айылынын негизги мектеби |
40 | Ак-Суу | Жыргалаң шахтасы | Т.Асанбаев атындагы орто мектеп |
41 | Жети-Өгүз | Ак-Шыйрак | Негизги мектеп-интернат |
42 | Тоң | Улахол | Сагынтай атындагы орто мектеп |
43 | Түп | Санташ | Каркыра айылынын негизги мектеби |
44 | Кадамжай | Көтөрмө | Кара-Шоро айылынын башталгыч мектеби |
45 | Кадамжай | Кадамжай | Кадамжай райондук лицейи |
46 | Баткен | Кыштут | А.Топчуев атындагы орто мектеп |
47 | Баткен | Ак-Татыр | Ж.Момунов атындагы орто мектеп |
48 | Баткен | Суу-Башы | Айгүл-Таш айылынын башталгыч мектеби |
49 | Лейлек | Ак-Суу | А.Шаматов атындагы орто мектеп |
50 | Лейлек | Катран | Астидобут айылынын башталгыч мектеби |
51 | Лейлек | Маргун | Г.Усенов атындагы башталгыч мектеп |
52 | Лейлек | Сумбула | Дейнөө айылынын негизги мектеби |
53 | Лейлек | Исфана шаары | Ак-Булак айылынын негизги мектеби |
54 | Лейлек | Исфана шаары | "Ысык-Көл" орто мектеби |
55 | Сүлүктү шаары | Сүлүктү шаары. | № 6 А.Кайымкулов атындагы орто мектеп |
56 | Сүлүктү шаары | Сүлүктү шаары | № 8 И.Бектемиров атындагы орто мектеп |
57 | Аксы | Ак-Жол | А.Жуманазаров атындагы башталгыч мектеп |
58 | Аксы | Ак-Жол | Ж.Орозалиев атындагы негизги мектеп |
59 | Аксы | Кара-Суу | К.Кулназаров атындагы орто мектеп |
60 | Аксы | Жерге-Тал | Алтынай айылынын орто мектеби |
61 | Аксы | Кербен шаары | К.Өмүралиев атындагы негизги мектеп |
62 | Аксы | Кербен шаары | Мамай атындагы негизги мектеп |
63 | Аксы | Үч-Коргон | Н.Рыскулов атындагы негизги мектеп |
64 | Базар-Коргон | Акман | Б.Абдрахманова атындагы башталгыч мектеп |
65 | Базар-Коргон | Сайдыкум | Дукур айылынын башталгыч мектеби |
66 | Ноокен | Достук | № 41 А.Осмонов атындагы негизги мектеп |
67 | Ноокен | Сакалды | Бобуй айылынын башталгыч мектеби |
68 | Сузак | Кыз-Көл | О.Сейдакматов атындагы орто мектеп |
69 | Сузак | Кызыл-Туу | Акчалуу айылынын башталгыч мектеби |
70 | Сузак | Сузак | А.Сабитов атындагы негизги мектеп |
71 | Сузак | Багыш | Багыш айылынын негизги мектеби |
72 | Сузак | Барпы | О.Садырбаев атындагы башталгыч мектеп |
73 | Тогуз-Торо | Каргалык | М.Жаңыбаев атындагы орто мектеп |
77 | Тогуз-Торо | Тогуз-Торо | Ы.Кадыркулов атындагы орто мектеп |
75 | Тогуз-Торо | Тогуз-Торо | Аскалуу айылынын башталгыч мектеби |
76 | Токтогул | Үч-Терек | Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектеп |
77 | Токтогул | Чолпон-Ата | Ж.Тоялиев атындагы башталгыч мектеп |
78 | Чаткал | Чаткал | Б.Шерматов атындагы башталгыч мектеп |
79 | Чаткал | Каныш-Кыя | Чакмак-Суу айылынын негизги мектеби |
80 | Чаткал | Каныш-Кыя | А.Айымбетов атындагы негизги мектеп |
81 | Чаткал | Каныш-Кыя | Башкы-Терек айылынын орто мектеби |
82 | Чаткал | Каныш-Кыя | К.Акназаров атындагы орто мектеп |
83 | Чаткал | Каныш-Кыя | Кайың-Суу айылынын орто мектеби |
84 | Чаткал | Каныш-Кыя | А.Баймырзаев атындагы орто мектеп |
85 | Чаткал | Чаткал | К.Усупбеков атындагы орто мектеп |
86 | Чаткал | Чаткал | С.Мырзалиев атындагы орто мектеп |
87 | Кара-Көл шаары | Кара-Көл шаары | № 7 Б.Мамытов атындагы башталгыч мектеп |
88 | Кара-Көл шаары | Кара-Көл шаары | Б.Кыдыралиев атындагы № 8 башталгыч мектеп |
89 | Ала-Бука | Көк-Таш | У.Азимов атындагы башталгыч мектеп |
90 | Ала-Бука | Көк-Серек | У.Тойчубеков атындагы башталгыч мектеп |
91 | Ала-Бука | Биринчи май | Э.Бакиев атындагы башталгыч мектеп |
92 | Ала-Бука | Көк-Серек | Т.Мизираимов атындагы башталгыч мектеп |
93 | Жумгал | Жумгал | Лама айылынын орто мектеби |
94 | Жумгал | Түгөл-Сай | А.Садырбаев атындагы орто мектеп |
95 | Жумгал | Көк-Ой | Б.Кожоналиев атындагы орто мектеп |
96 | Жумгал | Кабак | Кызыл-Октябрь айылынын негизги мектеби |
97 | Кочкор | Ак-Кыя | Т.Темирова атындагы орто мектеп |
98 | Кочкор | Кара-Суу | А.Абдыкеримов атындагы орто мектеп |
99 | Кочкор | Семиз-Бел | Арсы айылынын орто мектеби |
100 | Кочкор | Сары-Булак | У.Бейшеев атындагы орто мектеп |
101 | Кочкор | Сары-Булак | Сары-Булак айылынын Шамен атындагы негизги мектеби |
102 | Кочкор | Чолпон | Ак-Чий айылынын негизги мектеби |
103 | Нарын | Орток | А.Алсеитов атындагы орто мектеп |
104 | Нарын | Орток | М.Кенжакунов атындагы орто мектеп |
105 | Нарын | Дөбөлү | Алыш айылынын орто мектеби |
106 | Нарын | Дөбөлү | К.Абиров атындагы орто мектеп |
107 | Нарын | Чет-Нура | К.Күчүков атындагы башталгыч мектеп |
108 | Нарын | Чет-Нура | Төш-Булак айылынын башталгыч мектеби |
109 | Нарын | Ак-Кудук | С.Мамбетов атындагы орто мектеп |
110 | Нарын | Достук | Достук айылынын орто мектеби |
111 | Ак-Талаа | Баетов | Б.Мүсүралиев атындагы орто мектеп |
112 | Ак-Талаа | Ак-Чий | М.Балбаков атындагы орто мектеп |
113 | Ак-Талаа | Ак-Чий | С.Жусупбаев атындагы орто мектеп |
114 | Ак-Талаа | Жерге-Тал | И.Молдобаев атындагы орто мектеп |
115 | Ак-Талаа | Үгүт | Т.Оторов атындагы орто мектеп |
116 | Алай | Талды-Суу | № 44 Арча-Булак айылынын негизги мектеби |
117 | Алай | Алай | № 14 Ленин атындагы орто мектеби |
118 | Алай | Алай | № 49 Таргалак айылынын башталгыч мектеби |
119 | Алай | Алай | № 51 М.Абдыразаков атындагы башталгыч мектеби |
120 | Алай | Будалык | № 32 Кум-Шоро айылынын орто мектеби |
121 | Алай | Будалык | № 48 Будалык айылынын башталгыч мектеби |
122 | Алай | Бүлөлү | № 36 Б.Нарматов атындагы орто мектеби |
123 | Алай | Бүлөлү | № 37 А.Арзиев атындагы орто мектеби |
124 | Алай | Бүлөлү | № 38 Ж.Исаев атындагы орто мектеби |
125 | Алай | Кабылан-Көл | № 52 Күңгөй айылынын башталгыч мектеби |
126 | Алай | Ленин | № 47 Төө-Ашкан айылынын башталгыч мектеби |
127 | Алай | Жошолу | № 22 С.Торошев атындагы орто мектеби |
128 | Кара-Кулжа | Кара-Кулжа | К.Ормокеев атындагы орто мектеп |
129 | Кара-Кулжа | Кеңеш | Т.Сыдыков атындагы орто мектеп |
130 | Кара-Кулжа | Ылай-Талаа | Ж.Айтбаев атындагы негизги мектеп |
131 | Кара-Кулжа | Ылай-Талаа | Т.Назаров атындагы башталгыч мектеп |
132 | Кара-Кулжа | Ылай-Талаа | Ж.Ибраимов атындагы негизги мектеп |
133 | Кара-Кулжа | Сары-Булак | И.Орозалиев атындагы орто мектеп |
134 | Кара-Кулжа | Сары-Булак | Ж.Калматаев атындагы башталгыч мектеп |
135 | Кара-Кулжа | Капчыгай | Ничке-Суу айылынын негизги мектеби |
136 | Кара-Кулжа | Капчыгай | Ы.Жорокулов атындагы орто мектеп |
137 | Кара-Кулжа | Алайкуу | Бөрүтокой айылынын башталгыч мектеби |
138 | Кара-Суу | Ак-Таш | А.Сулайманов атындагы орто мектеп |
139 | Кара-Суу | Папан | № 135 Бөдөнө айылынын башталгыч мектеби |
140 | Кара-Суу | Сарай | Миялы айылынын негизги мектеби |
141 | Ноокат | Кеңеш | Ак-Терек айылынын башталгыч мектеби |
142 | Ноокат | Зулпуев | Кара-Кой айылынын башталгыч мектеби |
143 | Ноокат | Мирмахмудов | Капчыгай айылынын башталгыч мектеби |
144 | Ноокат | Найман | Улуу-Тоо айылынын негизги мектеби |
145 | Ноокат | Исанов | Кичикалай айылынын башталгыч мектеби |
146 | Ноокат | Кыргыз-Ата | Чоң-Кыштоо айылынын башталгыч мектеби |
147 | Ноокат | Көк-Жар | Дедек-Бүбү айылынын негизги мектеби |
148 | Өзгөн | Ийри-Суу | Октябрь Туусу айылынын башталгыч мектеби |
149 | Өзгөн | Ийри-Суу | № 2 Ийри-Суу айылынын башталгыч мектеби |
150 | Өзгөн | Кызыл-Октябрь | А.Жунусов атындагы негизги мектеп |
151 | Өзгөн | Куршаб | Ш.Эгемжаров атындагы орто мектеп |
152 | Өзгөн | Куршаб | Кайнар айылынын башталгыч мектеби |
153 | Чоң-Алай | Чоң-Алай | Кулчу айылынын негизги мектеби |
154 | Чоң-Алай | Кашка-Суу | Жайылма айылынын орто мектеби |
155 | Чоң-Алай | Жекенди | Ак-Суу айылынын орто мектеби |
156 | Талас | Осмонкулов | Ак-Коргон айылынын орто мектеби |
157 | Талас | Бекмолдо | Хан-Бүргө айылынын орто мектеби |
158 | Бакай-Ата | Акназаров | Т.Мүзүралиев атындагы негизги мектеп |
159 | Бакай-Ата | Акназаров | Үрмарал айылынын орто мектеби |
160 | Бакай-Ата | Бакай-Ата | Бердике уулу Нарикбай атындагы орто мектеп |
161 | Бакай-Ата | Бакай-Ата | Б.Жунусов атындагы орто мектеп |
162 | Манас | Үч-Коргон | Б.Миршакиров атындагы башталгыч мектеп |
163 | Бишкек шаары |
| Абдылда Каниметов атындагы № 1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернаты |
164 | Бишкек шаары |
| Т.Молдо атындагы № 71 жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн жалпы орто билим берүүчү интернат мектеп |
165 | Бишкек шаары |
| Герман Гмайнер атындагы SOS окуу тарбиялоо комплекси |
166 | Бишкек шаары |
| № 10 кечки (нөөмөттүү) жалпы билим берүүчү мектеп |
167 | Бишкек шаары |
| № 7 жумушчу жаштардын жалпы орто билим берүүчү мектеби |
168 | Бишкек шаары |
| № 22 атайын (көмөкчү) мектеп |
169 | Бишкек шаары |
| № 30 атайын (көмөкчү) мектеп |
170 | Бишкек шаары |
| № 34 атайын (көмөкчү) мектеп |