Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 11-октябрындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 90 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу |
Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана коргоо, жарандардын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылуулары, арыздары жана даттануулары менен иштөөнү натыйжалуу жана ыкчам уюштуруу, шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоонун башка катышуучуларына шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу маселелер боюнча юридикалык, консультативдик-усулдук жардам көрсөтүү үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2012-жылдын 4-октябрындагы №107 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу;
- 2011-жылдын 18-июлундагы №18 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу;
- 2009-жылдын 21-мартындагы №26 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу;
- 2008-жылдын 5-августундагы №35 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө”;
- 2004-жылдын 23-июлундагы №35 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын коомдук кабылдамалары жөнүндө”;
- 1999-жылдын 9-ноябрындагы №161 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө”.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Р.Б. Бекбасаровго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|