Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-октябры № 149 "Шайлоо жана референдум өткөрүүдөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу |
Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана коргоо, жарандардын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылуулары, арыздары жана даттануулары менен иштөөнү натыйжалуу жана ыкчам уюштуруу, шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга, саясий партиялардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоонун башка катышуучуларына шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу маселелер боюнча юридикалык, консультативдик-усулдук жардам көрсөтүү үчүн жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Шайлоо жана референдум өткөрүүдөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө" жобо бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 90 жобону бекитүү тууралуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов |