Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 3-майы № 22
Калба айыл аймагынын чыгыш тарабындагы жаңы көчөгө расмий ысым ыйгаруу жөнундө
“Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнундө” жана “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары жөнундө мыйзамдарына ылайык, Калба айылынын чыгыш тарабындагы жаңы тилинип, ысым берилбеген көчөгө, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, эмгек ардагери Изабай уулу Чиркей атанын атын ыйгаруу боюнча Калба айылынын тургундарынын кайрылуусун карап, Калба айылдык аймактык Кеңешинин, талкуулап чыгып,
1.Калба айылынын чыгыш тарабындагы мурда расмий ысым берилбеген жаны кочого Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, эмгек ардагери Изабай уулу Чиркей атындагы көчө болуп аталсын жана чиймеси тиркелсин.
2.Көчөнү атоого байланышкан баардык чыгымдар Изабай уулу Чиркей атанын атын коюп берүү отунучу менен кайрылган тараптын эсебинен жүргүзүлсүн жана аталган көчөнүн инфраструктурасын жакшыртып карап туруу жагы Изабай уулу Чиркейдин баласы Изабаев Жылдызбекке жүктөлсүн.
3.Токтом каттоодон откөрүлсүн жана КР укуктук ченем актыларынын Мамлекеттик каттоого киргизуу учун КР юстиция министрлигинин Талас областтык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Н.Эстебесовго милдеттендирилсин.
Калба айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Ф.Ашыралиев |