Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 97/10-6
“Курулуш куруу жана жер пайдалануу”
комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2014-жылдын 19 февралындагы №01-3\193 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23- сентябрындагы №571 сандуу токтомуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2005-жылдын 18 -апрелиндеги №36\6-24 сандуу токтомуна киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун негизинде Депутаттардын Талас шаардык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын курамы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт”газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
Төрага: | А.Джузупбеков |
| ТИРКЕМЕ 1. |
-Койчубеков Азат Күлчороевич – Талас шаарынын биринчи вице мэри, комиссиянын төрагасы;
-Киргабаков Тилек Сейдакматович – Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Мамбетов Расбек Мырзабекович – “Ата мекен” саясий фракциясынан Талас шаардык Кеңешинин депутаты;
-Үркүнбаев Жолдошаалы Дүйшөнович – “Республика” саясий фракциясынан Талас шаардык Кеңешинин депутаты;
-Кыдыралиев Эмил Аманович-Талас шаардык мэриясынын башкы адис-юристи
-Кенесариев Алиакбар Абдрахманович – Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;
-Шайдиев Жанболот Турдубекович – Шаар куруу жана архитектура боюнча Талас шаардык башкармалыгынын башчысы;
-Боронбаева Кенже Калыгуловна – Талас район аралык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун орун басары
-Мураталиев Марат Молдонович- ОсОО “Курулуш Арсенал БМ” директору
-Орунбаева Айнура Муктарбековна – “Замандаш”саясий фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты
-Молдогазиев Канат Жумабекович –Талас шаардык коомдук өз алдынча башкаруусунун координатору.
-Сарногоев Эсенбай Кондубаевич- “Ак шумкар” саясий фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты.
-Иманалиев Жолдош Жусупович- “СДПК” саясий фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты.
Ж.Боркеев- Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын адиси “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын катчысы.
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
А. Ж. Сариева |