Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15 апрели №97/14-3
Токмок ш. Коомдук алдын алуу борборлору (КААБ)
жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэринин 27.03.14-ж. чыг.№277/1-4 катынын жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин, укук тартиби, коргоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, Коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, Токмок ш. аймагында укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ИИБ менен өз ара байланышта иштөөнү бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Токмок ш. Коомдук алдын алуу борборлору жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” шаардык газетасына белгиленген тартипте чыгарылсын.
3.Токмок шаардык Кеңешинин аппараты тарабынан, ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, укук тартиби, коргоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Таманбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 15 апрель №97/14-3 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1.1.Коомдук алдын алуу борборлордун иш аракеттери мыйзамдуулуктун, ыктыярдуулуктун, керт башты сыйлоонун, мамлекеттик органдар, эмгек жамааттары жана калк менен бирдикте иштөөнүн принциптеринде түзүлөт жана анын катары: өзүнүн ден соолугу жана моралдык ишмердүүлүк сапаты боюнча жөндөмдүү, укук коргоо жана кылмышка каршы күрөшүү боюнча коюлган талапты аткара билген, туруктуу орунда жайгаштырылган базалык ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, согуштун жана эмгектин ардагерлеринен, кварталдык, турак үйлөрдүн комитетинин, кондоминиумдардын төрагаларынан, башка жарандардан, жаштардан жана студенттерден куралат. Коомдук алдын алуу борборлордун ишинде милициянын участкалык инспекторлору жана башка ИИБнын буйругу менен бекитилген кызматкерлер түздөн-түз катыша алышат.
1.2. Коомдук алдын алуу борборлордун иштери ар бир кварталга түзүлүп, Коомдук алдын алуу борборлордун Кеңешинин отурумунда бекитилген планга ылайык жүргүзүлөт. Коомдук алдын алуу борборлордун отурумдары квартал сайын бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана протокол менен таризделет.
1.3. Коомдук алдын алуу борборлор өздөрүнүн аткарган иштери боюнча мэриянын карамагындагы Токмок ш. укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча Координациялык кеңешменин көзөмөлүндө болот жана аткарган иштери жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес отчет берип турат.
1.4. Коомдук алдын алуу борборлор (КААБ) өздөрүнүн отурумдарында, коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн маселелери, ошондой эле коомдук алдын алуу борборлордун иштеринин зарыл шарттарын камсыз кылуу боюнча, өздөрү тейлеген участкаларда жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана коммерциялык структуралардын жетекчилери менен биргелешип карай алат.
1.5. Коомдук алдын алуу борборлор өздөрүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин нормативдик актыларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзүшөт.
2. Коомдук алдын алуу борборлорунун негизги маселелери.
Коомдук алдын алуу борборлор өздөрүнүн иш аракеттеринде төмөнкү милдеттерди аткарышат:
2.1. Тейлеген аймактагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын абалын, укук бузуу себептерин жана шарттарын талдайт жана ошонун негизинде, алардын алдын алуу жана жок кылуу боюнча иш чараларды жүргүзүшөт.
2.2. Участкадагы калк арасында ченемдик иш кагаздарын, укук коргоону үгүттөө боюнча түшүндүрүү иштерин алып барат, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери боюнча массалык маалымат каражаттарына чыгууну уюштурушат.
2.3. Көчөлөрдөгү , аянттардагы, сейилбактардагы жана башка коомдук жерлердеги коомдук тартипти сактоого, ошондой эле ар кыл массалык-маданий иш чаралардын өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти колдоого катышышат.
2.4. Бардык аныкталган укук бузуу фактыларын токтоосуз ИИБнө же милициянын участкалык инспекторлоруна маалымдайт жана милиция кызматкерлери келгиче, ушул Жободогу укуктарына ылайык, зарыл чараларды колдонушат.
2.5. Милиция кызматкерлери менен бирдикте, коомдук жерлерде жана жашоо тиричиликте укук бузууга баргандарды, спирттик ичимдиктерди көп ичкендерди, селсаяктык жана тилемчилик кылгандарды аныктап, байкоо жүргүзүү иштерин уюштурушат, көзөмөлсүз балдарды жана өспүрүмдөрдү табып, аларды тийиштүү мекемелерге жөнөтүү жөнүндө компетенттүү органдарга сунуштарды киргизишет.
2.6.Шаардык милиция бөлүмүндө, милиция бөлүмүнүн пункутунда, профилактикалык каттоодо турган, эркинен ажыратуудан эркиндикке чыккан адамдар менен алдын алуу иштерин жүргүзүшөт, алардын жумушка орношууларына көмөк көрсөтүшөт, алардын кайрадан кылмыш ишине барууларына жол бербөө максатында, ар кандай чараларды колдонушат, коомдук тартипти бузуучуларды жана коомго каршы иш аракеттерди жасаган өспүрүмдөрдү жана алардын ата-энелерин жоопко тартуу боюнча балдардын иштери боюнча комиссияга сунуш киргизишет.
2.7.Жарандарды кабыл алуу боюнча жана кечинде, тейленүүчү административдик аймактарда кайгуул ишин уюштурушат.
3. Коомдук алдын алуу борборлорунун ыйгарым укуктары
Коомдук алдын алуу борборлору өз иш аракеттеринде төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
3.1. Аксакалдар соту, мыйзамда каралган, эки тарапты элдештирүү жана мыйзамга каршы эмес башка чечим чыгаруу максатында материалдарды карай алат.
3.2. Өздөрүнүн отурумдарына, участкада коомдук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча чечим кабыл алуу үчүн, укук бузуучуларды, ишканалардан, мекемелерден, окуу жайлардан өкүлдөрдү чакырууга, ошондой эле коомдук тартипти бузган үй-бүлө мүчөлөрүн чакырууга укуктуу.
3.3. Коомдук тартипти одоно бузган же болбосо мүлккө зыян келтирген, жаранга же ишканага, мекемеге зыян келтирген адамдарга тийиштүү иш кагаздарын түзүп, андан ары аларга тийиштүү чараларды колдонуучу ИИБнө же болбосо башка инстанцияларга берүүгө укуктуу.
3.4. Кезмет учурунда, укук бузуп качып жүргөн адамды аңдуу, укук бузууга тыюу салуу үчүн, борбордун мүчөлөрү клубдарга, стадиондорго, кинотеатрларга жана башка коомдук жайларга кирүүгө, ошондой эле укук коргоо тартибин камсыз кылуу боюнча, бул жерлердин администрациясы менен коюлган талапты аткаруу үчүн макулдашууга укуктуу.
3.5. Мамлекеттик жана коомдук мүлктөрдү коргоону камсыз кылуу менен байланышкан маселелер боюнча, коммуналдык турак-жай ишканаларынын иш аракеттери жөнүндө жана жарандардын талаптагыдай жашоо тиричилигин уюштуруу жана башка маселелери боюнча тийиштүү инстанцияларга зарыл сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
3.6.Өздөрүнүн отурумдарында милициянын участкалык инспекторлорунун жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инпекциясынын инспекторлорунун ишин карап, ИИБнүн жетекчилигине, бул кызматкерлердин иш аракеттери жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
3.7.Укук коргоону чыңдоо боюнча иш чараларды өткөрүүдө, тейленүүчү участкалардын аймагындагы, Токмок шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 31-мартындагы №84/18-1 токтому менен бекитилген «Токмок шаарында коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндөгү» Жобого ылайык, башка коомдук уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
4. Коомдук алдын алуу борборунун жетектөөчү органдары, түзүмү жана карай турган маселелери
4.1. Укук тартибин коргоо боюнча коомдук Кеңеш, Токмок шаардык мэриясынын чечими менен түзүлөт.
4.2. Токмок шаарынын коомдук Кеңешин, бул Жобонун 4.6.пункутунда каралгандай тартипте, коомдук Кеңештин төрагасы жетектейт, ага ЫЭКтин штабынын башчысынын милдеттери жүктөлөт. Анын орун басары болуп, ИИБнын начальнигинин Токмок ш. Коомдук тартипти кайтаруу бөлүмүнүн кызматтары боюнча орун басары эсептелет.
4.3. Коомдук Кеңештин курамына, уюмдардын, мекемелердин, коомдук бирикмелердин жана окуу жайлардын, шаардык кеңештин жетекчилери, кондоминиумдардын, балдардын иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрү кире алышат.
4.4. Коомдук алдын алуу борборлорунун карамагында төмөнкү секциялар түзүлөт:
4.4.1.Аксакалдар соту менен өз ара аракеттенүү боюнча секциясы, соттун укукту пайдалануу практикасынын негизинде, кээ бир укук бузууларды жаратуу себептеринин жана шарттарынын бетин ачат жана четтетет, обьективдүү укук бузууга мүмкүн болгон же анын жеңилдетилген түрүн жок кылат.
4.4.2. Коомдук тартипти коргоо боюнча секциясы, милициянын участкалык инспекторлору, кайгуул-күзөт кызматы, коомдук инспекторлор, Токмок шаарынын ыктыярдуу элдик кошуундары, ошондой эле башка ИИБнүн көчөдө жана башка коомдук жайлар жайгашкан жерлерде коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча сырткы кызматы менен иш алып барат.
4.4.3. Каттоодо турган адамдар менен иштөө боюнча секциясы, тейленүүчү участкалардагы каттоодо турган адамдар менен жекече профилактикалык иштөө маселелери боюнча, милициянын участкалык инспекторлору жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча комиссиясы менен бирдикте иш алып барат
4.4.4. Жалпы профилактика жана калк менен байланышуу секциясы, участкадагы калк арасында ченемдик иш кагаздарды түшүндүрүү маселелери, ошондой эле тийиштүү укук бузууларды жана кылмыштарды жасоонун себептерин жана шарттарын аткаруу жана четтетүү боюнча иштерди уюштурат, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн актуалдуу маселелери боюнча массалык маалымат каражаттарына чыгууну уюштурат. Бир эле убакытта мамлекеттик жана коомдук мүлктөрдүн сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан маселелер, коммуналдык-турак жай мекемелериндеги жетишсиз иш аракеттери, жарандардын нормалдуу жашоо тиричилигин уюштуруу маселелери боюнча тийиштүү инстанцияларга сунуш киргизет.
4.5.Коомдук алдын алуу борборлорунун жана анын секцияларынын каралуучу маселелери, ишканалардын, уюмдардын, окуу жайлардын жетекчилери жана жарандар менен сөзсүз түрдө каралып, чечим менен таризделет.
4.6.Коомдук алдын алуу борборунун кеңешинин төрагасынын талапкерлиги, Токмок шаардык Кеңешинин чечими менен, ал эми секциянын жетекчилери жана анын мүчөлөрү - тейленүүчү участкадагы коомдук алдын алуу борборунун коомдук өкүлдөрүнүн жалпы чогулушунда бекитилет.
4.7.Жалпы жетекчилик Мэр жана Координациялык кеңешме аркылуу ишке ашырылат.
4.8.Коомдук алдын алуу борбору өз милдетин аткарууда, мамлекеттик коргоонун алдында болот. Алардын ар намысы жана кадыр баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен корголот.
4.9.ИИБнын Коомдук алдын алуу борборунун ишине ай сайын каттоо жүргүзөт, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт жана ишкана, мекеме жана уюмдардын жетекчилери менен тыгыз байланышта болот, алардын иш аракеттери жөнүндө мэрияга жана Координациялык кеңешмеге маалымдап турат.
4.10.Мекеме, ишкана жана уюм жетекчилери, коомдук алдын алуу борборунун ишинин спецификасын эсепке алуу менен, алар кечкисин бош болгондой кылып, материалдык жана моралдык жактан кызыктырып, эмгек акыга кошумча төлөп берүү, сыйлоо жана кошумча эмгек өргүү берүү менен ишти уюштуруусу керек.
5. Коомдук Кеңештин төрагасынын – ЫЭКтин штабынын начальнигинин ыйгарым укук мөөнөтү жана материалдык –техникалык жактан камсыздоо тартиби
5.1.Коомдук Кеңештин төрагасы – ЫЭКтин штабынын начальниги 2 жылдык мөөнөткө шайланат.
5.2.Коомдук Кеңештин төрагасын – ЫЭКтин штабынын начальнигин материалдык камсыздоо Токмок ш. ИИБ аркылуу чыгаша сметасына ылайык каралган акча каражаттардын эсебинен, келишим негизинде ишке ашат,
Жооптуу катчы: | Р.Кадыркулова |