Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27 – февралы № 3/2
Ынтымак айылдык кеңешинин аймагындагы “Ак – Сай - Цемент” жана “Тешик - Таш” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн жана Ынтымак айыл өкмөтүнө тиешелүү салыктарды төлөөсүн, аймакка каттоого туруусун текшерүү иштерин жүргүзүү боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги “Ынтымак айылдык кеңешинин аймагындагы “Ак – Сай - Цемент” жана “Тешик - Таш” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн жана Ынтымак айыл өкмөтүнө тиешелүү салыктарды төлөөсүн, аймакка каттоого туруусун текшерүү иштерин жүргүзүү боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө” маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык кеңешинин аймагындагы “Ак – Сай - Цемент” жана “Тешик - Таш” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн жана Ынтымак айыл өкмөтүнө тиешелүү салыктарды төлөөсүн, аймакка каттоого туруусу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүчү убактылуу комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет.)
2. Жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгын сессиянын кароосуна сунуштоо жагы түзүлгөн убактылуу комиссия курамына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.
Ынтымак айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Усонов. |
| Ынтымак айылдык кеңешинин 2013 – жылдын 27 – февралындагы № 3/2 токтомуна тиркеме |
1. Д.Раимбердиев - Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты,
убактылуу комиссия курамынын төрагасы.
2. К.Матраимов - Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты,
убактылуу комиссия курамынын төрагасынын орун басары.
Мүчөлөрү:
1. А.Гульматов - Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты.
2. А.Бердикулов Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты.
3. Р.Төрөбеков - Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты.
4. А.Кенжебаев Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты.
5. А.Абдыразаков - Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты.
6. Э.Касымов - Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адиси.
7. А.Сейдалиев “Ынтымак” жайыт комитетинин төрагасы.
8. А.Таджибаев Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты.
9. А.Ботобаева - Ынтымак айыл өкмөтүнүн каржы
экономика бөлүмүнүн башчысынын
убактылуу милдетин аткаруучу.
10. А.Абдикулов Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы.
11. А.Салиев - Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты.
Ынтымак айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Усонов. |