Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25- декабры № 141
2014-жылга Ош шаарында үй жанындагы
короо жай жана багбанчылык жер участокторун,
калктуу конуштардын жана айыл чарба багытында
эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык
салуунун зоналдык коэффициенттерин бекитүү
жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2013-жылдын 12-октябрындагы №032/5061-Кыргыз Республикасынынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2014-жылдын 1-январынан тартып айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу укугу үчүн жер салыгынын 1,2,3,4,5,6,7, аймактарына короо жай жана багбанчылык үчүн пайдалануучу жер участокторуна жергиликтүү Кеңештер тарабынан коюлуучу коэффициенттерди бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 13-ноябрындагы №19-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Ош шаарында үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участокторун, калктуу конуштардын жана айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун зоналдык коэффициенттери төмөндөгүдөй болуп, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет):
Биринчи зонанын коэффициенти -1,2
Экинчи зонанын коэффициенти -1,1
Үчүнчү зонанын коэффициенти -1,0
Төртүнчү зонанын коэффициенти -0,9
Бешинчи зонанын коэффициенти -0,8
Алтынчы зонанын коэффициенти –0,7
Жетинчи зонанын коэффициенти -0,3.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына (Ж. Бакиров) жогорудагы салык түрлөрү боюнча шаардык массалык маалымат каражаттары аркылуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана «Ош шамы гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XII сессиясынын №141-токтомуна №1-тиркеме |
Ош шаарында 2014-жылга колдонулуучу нарктык зоналар жана зоналоонун коэффиценттери
Зона | Кварталдар | Сүрөттөлүшү | Калктуу конуш жана Айыл чарба багытындагы эмес жерлерге | Короо жай жана багбанчылык жер участогунун коэффициенттери |
I | 47,48,49,50,51,52,53,54,55,68,69,70,71,72,73, 74,195,196,197,198,210,211,212,213,214,216, 97,98,99,100,101,102,111,112,120,121,161,162, 163,164,165,170,171,172,173,174,175,176,177, 178,179,180,181,182,183,184,185,186,188,215, 231,232. 1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,15,16,17,18,19, 20,21,22,23,24,25,26,27,28,29,30,31,32,33,34, 35,36,37,38,39,40,41,42,43,44,45,46,56,57,58,59,61
189,190,191,192,193,194,199,200,201,202,203,204, 205,206,207,208,209,217,218,219,220,221,222,223, 227,228,229,230,233,234,235,236,237,238,329
1005
| Шаардын борбордук аймагы. Түндүк тараптан Джим көчөсү; Чыгыш тараптан Як-Калик каналы, А. Шакиров көчөсү; Түштүк тараптан Нурматов көчөсү, М. Али-Джинн көчөсү; Батыш тараптан Ашхабад көчөсү, Молдониязов көчөсү, К-Датка көчөсү “Алай” мейманканасына чейин, Ленин көчөсү менен Шайит-Төбөгө чейин борбордук базарды кесип өтөт, Яшлар көчөсү аркылуу андан ары Джим көчөсүнө чейин.
Геологдор шаарчасы Фрунзе базары. Резиденция. Түндүк тараптан Мамыров көчөсү, Ашхабад көчөсү аркылуу М.Али-Джинн көчөсүнө өтөт, Ак-Буура дарыясы ”Жеткинчек” лагерине чейин; Түштүк тараптан ”Жеткинчек” лагеринен Ак-Буура- Араван каналына чейин, каналды бойлоп Учар айылына чейин; Батыш тарабы Папан айылдык округунун аймагы менен чектешет.
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы, мурдагы Жибек комбинатынын аймагы Түндүк тараптан Гүлчө көчөсү; Чыгыш тараптан “Шарк” айылдык округу; Түштүк тараптан Ташкент көчөсү; Батыш тараптан Ак-Буура дарыясы Нурматов көчөсүнө чейин, Шакиров көчөсү, Исанов көчөсү, Исанов тар көчөсү |
1,2 |
1,2
|
II
|
62,63,64,65,66,67,75,76,77,78,79,80,81,82,83, 84, 85, 86,87,88,89,90,91,92,93,94,95,96,103,104,105,106,107,108,109,110.
239,240,241,242,243,244,245,246,247,248.
113,114,115,116,117,118,119,122,123,124,125,126, 127,128,129,130,131,132,133,134,135,136,137,138,139,140,141,142,143,144,145,146,147,148,149,155,156,157,158,159,160. | “Черемушки” аймагы Түндүк тараптан “Сулайман-Тоо”; Чыгыш тараптан Молдониязов көчөсү, Түштүк тараптан Мамыров көчөсү Ферган көчөсүнө чейин андан ары Төлөйкөн айылдык округунун аймагы менен чектешет; Батыш тараптан “Төлөйкөн”, “Анар” кичи райондору. Түштүк - чыгыш району, Түндүк тараптан Ташкент көчөсү; Чыгыш тараптан “Муян” каналы; Түштүк тараптан Озгур айылы менен чектешет; Батыш тараптан Ак-Буура дарыясы. Шайит-Төбө аймагы Түндүк тараптан “Достук” бажыканасы, Өзбекстан Республикасынын жерлери; Чыгыш тараптан Ак-Буура дарыясы; Батыш тараптан Кызыл-Кыштак айылы 8-март көчөсүнө чейин; Түштүк тараптан Сулайман тоо, Ак-тилек кичи району
|
1,1
|
1,1
|
III |
325,326,327,330 | “Анар”,”Төлөйкөн”, Кулатов кичи райондору
|
1 |
1 |
IV |
150,151,152,153,154,166,167,168,169,187,332 | Манас-Ата жана өнөржай зонасы Түндүк тараптан мурдагы текстиль комбинаты жана ТЭЦ; Батыш тараптан магистралдык трубопровод Нариман айылы округунун жерлери менен областтык балдар клиникалык ооруканасына чейин; Түштүк тараптан Джим көчөсү жана Беш-Көпүрө көчөсү; Чыгыш тараптан Привокзальная көчөсү, темир жол жана Керме-Тоо кичи району.
|
0,9
|
0,9 |
V |
249,250,251,252,253,254 320га чейин, 322,331
| Түштүк ,“Туран”кичи райондору. Түндүк-чыгыш-батыш тараптан Араван-Ак-Буура каналы; Түштүк тараптан Папан айылдык округунун ”Керме-Тоо”айылы. Түндүк тараптан Айтиев көчөсү; Чыгыш тараптан Батыш көчөсү; Түштүк тараптан Төлөйкөн айылдык округу менен чектешет; Батыштараптан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы менен чектешет.
Калинин массиви Түштүк тараптан “Южный” каналы; Чыгыш жана батыш тараптан Шарк айылдык округунун жерлери менен чектешет.
|
0,8 |
0,8
|
VI |
328,323,324
| Аэропорт аймагы ТүштүктөнНариман айылдык округунун жерлери; Түндүктөн Кашкар-Кыштак айылдык округу.
Амир-Тимур аймагы Түндүктөн “Южный” каналы, Чыгыштан “Шарк”айылдык округунун жерлери; Батыштан“Муян” каналы, СМУ-ТТ аймагы.
|
0,7 |
0,7 |
VII | 1001,1002,1003,1004,1006,1009,1010,1011, 1012,1013,60,335
| Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн, Озгур айылдары.
Түштүк тараптан Төлөйкөн айылдык округунун жерлери; Түндүк тараптан Ош шаарынын жерлери Ленин көчөсү; Батыш тараптан Араван-Ак-Буура каналы; Чыгыштан Ак-Буура дарыясы.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы. Чыгыштан Төлөйкөн айылдык округунун,Папан айылдык округунун жана Ош шаарынын жерлери; Түштүктөн Ноокат районун жерлери менен чектешет; Батыштан Араван районунун жерлери менен чектешет, Түндүктөн атайын багыттагы жерлер чектешет. |
0,3
|
0,3 |
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |