Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 142
Жергиликтүү бюджеттен
кошумча акча каражатын
бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 13-ноябрындагы №18- жана 2013-жылдын 24-декабрындагы №23-токтомдорун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 13-ноябрындагы отурумунун №18-токтомунун негизинде 1031000 сом акча каражаттарын бөлүп берүүгө №1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын борборлоштурулган эсепканасынын 3 штаттык бирдигин жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармоого 102,0 миң сом акча каражатын, анын ичинен: 63300 сом акча каражатын аталган башкармалыктын 2013-жылдагы бюджетинде бухгалтериясынын эмгек акы жана социалдык фондко чегерүү беренелеринен үнөмдөлгөн акча каражаттарынын, 38700 сом акча каражатын билим берүү мекемелеринин башка беренелеринен үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Сапаралиев) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелри боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XII сессиясынын №142-токтомуна №1-тиркеме |
-175,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Чкалов, Абдыкадыров көчөлөрү аркылуу өткөн канализация түтүктөрүнүн нормадан ашыкча пайдалангандыгына байланыштуу, аталган түтүктөрдү Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн канализациялык коллекторуна туташтыруу жумуштарына;
-40,0 миң сом акча каражатын Жалалабад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 70 жылдык мааракеси өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу аймактар аралык мамилени чың доо максатында марафонго материалдык жардам иретинде;
-816,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын 2013-жылдагы бюджетинде кредиттерди жоюга каралган акча каражатынын эсебинен «Алай» футболдук командасынын оюнчуларынын айлык маянасы үчүн.
Жыйынтыгы: 1 031 000 сом акча каражаты.
1.Ош шаарындагы 215 А-кварталынын жер астынан тартылган газ түтүктөрүн башка жерге жылдырууга керектелүүчү 2 797307 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча иретинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Жыйынтыгы: 2 797307 сом акча каражаты.
Жалпы: 3 828307 сом.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |