Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-февралы № 151
Ош шаарындагы №61-«Ак-Каркыра»
муниципалдык балдар бакчасынын
Уставын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун Ош шаарындагы №61-«Ак-Каркыра» муниципалдык балдар бакчасынын Уставын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин негизинде, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарындагы №61-«Ак-Каркыра» муниципалдык балдар бакчасынын Уставы бекитилсин (тиркелет).
2.Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (Б.Матисаков).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 5-февралындагы № 151-токтомуна тиркеме |
1. Мындан ары балдар бакчасы деп аталуучу Ош шаарындагы №61-«Ак-Каркыра» балдар бакчасы муниципалдык мекеме болуп эсептелет, Ош шаардык мэриясынын 2007-жылдын 12-апрелиндеги №586-буйругунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого өткөн.
2.Балдар бакчасы Ош шаары, Ы.Монуев көчөсү, 15 дареги боюнча жайгашкан.
3.Балдар бакчасынын уюштуруучусу – Ош шаарынын мэриясы.
Уюштуруучунун юридикалык дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, 21.
4.Балдар бакчасы 550 орунга, 12 жаш тайпаларына эсептелген. Анда балдар 12 саат каралат жана үч маал тамактанат. Балдар бакчасында, мектепке чейинки билим берүү боюнча мамлекеттик стандартка ылайык, төмөндөгүдөй тайпалар түзүлөт:
Кенже тайпалары – 3 (3-4 жаштагы балдар);
Ортоңку тайпалар – 3 (4-5 жаштагы балдар);
Улук тайпалар - 3 (5-6 жаштагы балдар);
Мектепке даярдоо тайпалары – (6-7 жаштагы балдар).
5.Тайпалардын саны жаңы окуу жылынын башталышында жаңыдан кабыл алынган балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Балдар бакчасына балдарды кабыл алууда балдар бакчасы жана ата-энелер ортосунда эки тараптуу келишим түзүлөт. Анда балдар бакчасынын, ата-энелердин укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, балдарды балдар бакчасына кабыл алууда тапшырылуучу документтердин тизмеси, балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер тарабынан төлөнө турган взностун өлчөмү, аны төлөө мөөнөттөрү жана башкалар каралат.
6. Балдар бакчасында жумасына 5 иш күн болот. Ишемби, жекшемби күндөрү дем алыш болуп эсептелет.
7.Балдар бакчасы өзүнүн билим берүүчү, укуктук жана чарбалык-экономикалык ишин "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багып кароо" мамлекеттик билим берүү стандартына (мындан ары - мамлекеттик стандарт), Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, уюштуруучу менен балдар бакчасынын ортосундагы келишимге жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
8.Балдар бакчасы мектепке чейинки билим берүүнүн төмөнкүдөй негизги максаттарын жана милдеттерин ишке ашырат:
-ар бир бала мектепке чейинки сапаттуу билимди алышы үчүн шарттарды түзүү;
-балдардын дене-бой жана психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо;
-ар бир баланын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аны дене-бой, интеллектуалдык жана инсандык жактан өнүктүрүү;
-балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого мамлекет кепилдик берген жардамды көрсөтүү.
9. Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу
-баланы таанып-билүү жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүүгө;
-баланын эмоциялык бакыбаттыгына, балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик үрп-адаттарга жана салттарга аралаштырууга;
-баланы социалдык адаптациялоого;
-балдарды мектепке даярдоого багытталган.
10. Балдар бакчасында билим берүү мамлекеттик стандарт, анын негизинде иштелип чыгуучу мамлекеттик, вариативдик, автордук билим берүү программалары менен аныкталат.
11. Балдар бакчасы юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, өзүнчө мүлкү, банктык жана башка кредиттик мекемелерде алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери; өзүнүн аталышы бар мөөрү жана штампы, бланктары жана башка реквизиттери болот.
12. Балдар бакчасы катталган учурдан тартып билим берүү процессин даярдоого багытталган уставдык финансылык-чарбалык ишти жүргүзүү жагынан юридикалык жактын укугуна ээ болот.
13. Балдар бакчасы атайын уюштурулган билим берүү формасындагы сабактарды, ошондой эле балдардын жекече жана биргелешкен ишмердигин оптималдуу айкалыштыруу менен оюндарды өткөрөт жана чыгармачылык ишти алып барат.
14. Балдар бакчасында билим берүү процесси жылдык, календардык-тематикалык пландар, сабактардын расписаниеси менен жөнгө салынат.
15. Балдар бакчасында окутуу жана тарбиялоо орус тилинде жүргүзүлөт, ошондой эле анда Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар аткарылат.
16.Балдар бакчасы "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында, мамлекеттик стандартта жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган чектерде окутуу жана тарбиялоо формаларын, каражаттарын жана ыкмаларын өз алдынча тандайт.
17. Мектепке чейинки билим берүүнүн маңызы мамлекеттик стандартка ылайык иштелип чыккан программа (программалар, анын ичинде автордук) менен аныкталат.
18.Балдар бакчасы мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынан тышкары балдарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти уюштурат, альтернативдүү программалар боюнча, ошондой эле мектепке чейинки жаштагы балдарды тарбиялоонун, окутуунун жана өркүндөтүүнүн негизги базистик жалпы өнүктүрүү программалары боюнча иш алып барат.
19.Балдар бакчасын башкаруу демократиялуулук, ачыктык, кесипкөйлүк принциптеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
20.Балдар бакчасында түздөн түз жетекчиликти жана аны башкарууну директор ишке ашырат. Директорду Ош шаарынын мэриясы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
21. Педагогикалык ишке кызмат орду жана алган адистиги боюнча квалификациялык талаптарга ылайык келген жана билими жөнүндө документтер менен ырасталган зарыл кесиптик-педагогикалык квалификациясы бар адамдар кабыл алынат.
22. Педагогикалык ишке соттуулугу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тизмеси аныкталган медициналык каршы көрсөтүүлөрү бар адамдарды алууга жол берилбейт.
23. Балдар бакчасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу милдеттүү тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
24. Балдар бакчасын башкаруунун туруктуу иштеген коллегиялуу органы болуп педагогикалык кеңеш саналат. Педагогикалык кеңещ «Педагогикалык кеңеш жөнүндө жобонун» негизинде иш алып барат
25. Балдар бакчасынын директору:
- өзүнүн функциялык милдеттеринин чектеринде балдар бакчасынын иши үчүн мамлекеттин, коомдун жана уюштуруучунун алдында жоопкерчиликте болот;
- кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон балдар бакчасы боюнча буйруктарды, тескемелерди жана башка актыларды чыгарат;
- бардык мамлекеттик, муниципалдык, коомдук уюмдарда, мекемелерде, ишканаларда балдар бакчасынын атынан өкүлчүлүк кылат, балдар бакчасынын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
- балдар бакчасынын мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- кредиттик-банктык мекемелерде эсептерди ачат, ишеним кат берет;
- педагогикалык кадрларды жана тейлөөчү персоналды тандайт, ишке кабыл алат жана жайгаштырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдар бакчасынын кызматкерлерин иштен бошотот, аларды жазалайт жана сыйлайт;
- балдар бакчасынын атынан келишимдерди түзөт, анын ичинде балдар бакчасы менен ар бир баланын ата-энесинин (алардын алмаштырган адамдардын) ортосунда келишимди түзөт;
- балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын контингентин түзөт;
- билим берүү программаларын турмушка ашыруу үчүн шарттарды түзөт;
- курагына, ден соолук абалына, жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык балдарды кабыл алат жана топторду балдар менен комплекттейт;
- мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча тарбиялануучулардын үй-бүлөлөрү, коомдук уюмдар, башка билим берүү мекемелери менен өз ара байланышты ишке ашырат;
- уюштуруучуга жана коомчулукка балдар бакчасынын иши жөнүндө отчет берет.
26. Балдар бакчасын коомдук башкаруу үчүн балдар бакчасында иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен көзөмөлдүк кылуучу кеңеш жөнүндө жобо менен жөнгө салынуучу көзөмөлдүк кылуучу кеңеш же коомдук бирикме түзүлүшү мүмкүн.
27. Балдар бакчасынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу;
- мектепке чейинки билимди алууга балдардын муктаждыктарын канааттандыруу;
- санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү үчүн коопсуз шарттарды түзүү жана бул талаптарды аткаруу;
- балдарда гигиеналык адаттарды жана сергек жашоо адатынын негиздерин, коопсуз жүрүш-туруш ыкмаларын калыптандыруу;
- балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
- балдарды багып кароо;
- балдарды алардын курагына жана тамак-аш азыктарын керектөөсүнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келген тамак менен камсыз кылуу;
- ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара байланышта болуу;
- мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билимдерди ата-энелердин арасында жайылтуу;
- мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, балдар бакчасына балдардын топторун комплекттөө;
- финансылык тартипти сактоо, материалдык-техникалык базаны сактоо.
28. Балдар бакчасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
- балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузгандык;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткарбагандык;
- ченемдик укуктук актыларда аныкталган функцияларды аткарбагандык;
- билим берүү программаларын ишке ашыруунун сапатын жана көлөмүн камсыз кылбагандык;
- тарбиялоо-билим берүү процессин уюштурууда колдонулган формалардын, ыкмалардын жана каражаттардын балдардын курактык, психикалык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, ынтаасына, жөндөмүнө, таламдарына жана муктаждыктарына шайкеш келбегендиги;
- балдар балдар бакчасында жүргөн учурда алардын жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик тартат.
29.Мектепке чейинки билим берүү ишин жана натыйжаларын мониторингдөө жана контролдоо тартиби мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты менен аныкталат.
30. Балдар бакчасын каржылоо жергиликтүү бюджеттин жана республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Балдардын тамак-ашы үчүн чыгымдар ата-энелер тарабынан төлөнөт.
31. Балдар бакчасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган акы төлөнүүчү кошумча билим берүү (стандарттан жогору) жана ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.
32. Балдар бакчасына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу бюджеттен каржылоонун абсолюттук өлчөмдөрүн азайтууга алып келбейт.
33. Балдар бакчасы ийримдерди, клубдарды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга каражаттарды бөлүүгө укуктуу.
34. Балдар бакчасынын мүлкүн жана финансылык каражаттарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү жана республикалык бюджеттин каражаттары;
- бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте акы алуудан келип түшкөн каражаттар;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу берген каражаттары;
- балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүүчү взностор (ар бир бала үчүн төлөнүүчү взностун өлчөмү ата-энелердин чогулушунда чечилет);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар.
35. Балдар бакчасы өзүнө бекитип берилген менчиктин сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жооп берет.
36. Балдар бакчасын өзгөртүп түзүү жана жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында жүргүзүлөт. Балдар бакчасы өзгөртүлүп түзүлгөн учурдарда, уюштуруучу балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча аларды башка мектепке чейинки билим берүү уюмдарына которуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
37. Балдар бакчасы жоюлган учурда, анын милдеттенмелерин жабуу боюнча төлөмдөрдү алып салгандан тышкары, балдар бакчасынын акча каражаттары жана башка мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
38. Балдар бакчасынын имараттары менчиктештирилүүгө, сатылууга жана профили өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
39. Балдар бакчасын өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат башчысынын милдетин аткаруучу |
М.Жолдошева |