Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 155
2014-жылы 31-марты № 155
Жергиликтүү бюджеттен
кошумча акча каражатын
бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаарынын атуулдарынын жана мекеме-уюмдарынын жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 27-февралындагы №10- жана 2014-жылдын 17-мартындагы №11-токтомдорун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мекеме-уюмдарга жана атуулдарга кошумча 15 484,0 миң сом акча каражатын №1-тиркемеге ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (К.Жамалов).
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI сессиясынын №155 - токтомуна №1-тиркеме |
-1500,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык ички иштер башкармалыгына, анын ичинде: 1,0 млн. сом акча каражатын Ак-Буура жана Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсү караган аймактарда элдерди кабыл алуу үчүн контейнерлерди алууга жана 500,0 миң сом акча каражатын күйүүчү-майлоочу каражаттарын сатып алууга;
-25,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну А.Сыдыкованын «Ыйык жерлер баяны» аттуу китебин чыгарууга материалдык жардам катары;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Т.Турсунбаева 67-көчөсүнүн тургуну Ж.Айдаралиевага материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Жаңы-Чек айылынын №15-үйүнүн тургуну II топтогу майып Э.Бакаевага материалдык жардам иретинде;
-5,0 млн. сом акча каражаттын Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймагында пландаштырылып жаткан жаңы бала бакчанын курулушуна.
-5,0 млн. сом акча каражатын Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарына ара төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн керектелүүчү аппаратураларды сатып алуу үчүн;
-250,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна Ош шаарында карантиндик жана өтө коопту жугуштуу оорулар катталган учурда профилактикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн;
-2956,0 миң сом акча каражатын Ош шаарсууканал муниципалдык ишканасына канализация тазалоочу курулуш обьектилеринин монтаждоо иштерине;
-200,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгына керектүү атайын кийимдерди сатып алуу үчүн.
Жыйынтыгы: 14966,0 миң сом акча каражаты.
518,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы кургак учукка каршы санаториялык типтеги №29-«Дарман» жана №40 «Наристе» балдар бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын күнүмдүк тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен каралуучу 28 сомго кошумча иретинде 2014-жылдын 1-апрелинен ар бир баланын тамак-ашына 7 сомдон кошуп берүү үчүн.
Жыйынтыгы: 518,0 миң сом акча каражаты.
Жалпы сумма: 15 484 миң сом акча каражаты.
Ош шаардык Кеңешинин аппараты жетекчисинин милдетин аткаруучу: |
М.Жолдошева |