Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты № 161
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин
Регламентине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын статусу жөнүндө жаңы мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин Регламентин жогорудагы мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында жана сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарынын негизинде, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Регламенттин аталышы «Ош шаардык Кеңешинин Регламенти» деп өзгөртүлсүн.
Регламенттин текстиндеги «нормативдик- укуктук» деген сөздөр «ченемдик-укуктук» деп өзгөртүлсүн.
Статья 2.1. Абзац 2. «жана депутаттык фракциялардын жетекчилери киришет» деген сүйлөм, «,депутаттык фракциялардын жетекчилери жана депутаттык фракциялардын коалицияларынын жетекчилери киришет» деген сүйлөм менен алмаштырылсын.
Статья 2.1. Абзац 7. алынып салынсын.
Статья 2.4. «Кээ бир зарыл болгон учурларда сессияда карала турган маселелер сурамжылоо жолу менен каралышы мүмкүн. Сурамжылоо жолу менен кароодо ар бир депутат карала турган маселе боюнча даярдалган токтомдун тексти менен таанышып чыгып, анын акыркы барагынын артына өз колун коет. Депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү кол койсо, токтом кабыл алынды деп эсептелет. Мындай жол менен кабыл алынган токтом, шаардык кеңештин кезексиз сессиясында каралды деп эсептелет жана ага катардагы номер коюлат. Бул ченем, токтомду кабыл алуу үчүн депутаттардын үчтөн экисининен кем эмес добушун талап кылган маселелерге таркатылбайт» деген абзац менен толукталсын.
Статья 2.5. төмөндөгүдөй кошумчалар менен толукталсын:
-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, шаардын аймагында жайгашкан башка мекемелердин, уюмдардын иштеринин натыйжалуулугун контролдоону жүзөгө ашыруу маселелери;
-өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин чечимдерин талаптагыдай аткарбаган учурда, судьялардан, прокурорлордон, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органдарынын жана мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен тышкары мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;
-вице-мэрлерге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;
-чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрдү түзүүсүнө, ошондой эле мэриянын аймактык бөлүмчөлөрдү түзүүсүнө макулдук берүү;
-муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;
-шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, администрациялык райондорду атоо, кайра атоо, ошондой эле чек араларды белгилөө, өзгөртүү жана алардын башкаруу органдарын күтүү;
-шаардын аймагында көрктөндүрүүнүн, сооданын, тышкы көрнөктөрдү жана маалыматтарды жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү;
-шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоо жана мал жаюу эрежелерин бекитүү.
Шаардык Кеңештин сессияларында жалпы кызыкчылыктардагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу же иштерди аткаруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк чарба жүргүзүүчү субөекттер жана коомдук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.
Өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин чечимдерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине Ош шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси 10 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан бошотуу же шаардык кеңештин чечими менен макул болбогону (конкреттүү негиздемеси менен) жөнүндө чечим кабыл алат.
Эгерде Ош шаардык кеңеши 3 айдын ичинде мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси аны токтоосуз түрдө кызмат ордунан бошотот.
Өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин чечимдерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн вице-мэрге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда мэр 10 жумушчу күндүн ичинде аларды кызмат ордунан бошотуу же шаардык кеңештин чечими менен макул болбогону (конкреттүү негиздемеси менен) жөнүндө чечим кабыл алат.
Вице-мэрге, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине кайталап ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда, мэр аларды токтоосуз түрдө кызмат ордунан бошотот.
Статья 2.5. 19,20,21,22 абзацтары алынып салынсын.
Статья 4.1. 2-абзацынын 6-пунктунун «шайлоо округунун номери» деген сөз алынып салынсын;
Статья 4.2. «Сессиянын материалдарынын толуктугун жана сакталышын шаардык кеңештин аппарат жетекчиси камсыз кылат» деген абзац менен толукталсын.
Статья 5.1. 5-абзацтан кийин «коалициялык көпчүлүк бузулган учурларда 10 күндүн ичинде жаңы түзүлгөн коалициялык көпчүлүктүн талабы менен шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жана башка уюштуруу иштери боюнча шаардык кеңештин кезексиз сессиясы чакырылат. Көрсөтүлгөн 10 күндүн ичинде кезектеги сессия болсо, бул маселелер кезектеги сессияда карала берет.» деген сүйлөмдөр менен толукталсын.
Статья 5.1. Абзац 10. «шаардык кеңештин төрагасы башка кызмат орундарын ээлебейт» деген сүйлөм «шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басары башка кызмат оорундарын ээлебейт» деген сүйлөм менен алмаштырылсын.
Статья 5.2. «депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен» деген сүйлөм, «депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен» деп өзгөртүлсүн.
Статья 5.4. «төрага өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат» деген пункт менен толукталсын.
Статья 8.5. пункт3. «шайлоочулар жана эмгек жамааттары менен жолугушууларды өткөрөт», деп өзгөртүлсүн.
Статья 8.5. пункт 4. «шаар калкына, эмгек жамааттарына шаардын экономикалык, социалдык өнүгүшү, шаардык кеңештин чечимдери, шайлоо алдындагы Программалардын аткарылышы боюнча билдирип турат», деп өзгөртүлсүн.
Статья 8.5. пункт 8. «жана аны депутаттыка талапкерликке көрсөткөн жамааттардын бирикмелеринин алдында» деген сүйлөм алынып салынсын.
Статья 8.5 экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтары алынып салынсын, алардын ордуна төмөндөгүдөй жазылсын:
«Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
Депутаттык фракция партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана шаардык кеңеш тарабынан катталууга жатат.
Фракциялар фракциялардын коалициясына биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүү каалоосун билдирген фракциялар шаардык кеңештин жыйналышында фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыялашат.
Шаардык кеңеште депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон, фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп эсептелет.
Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана өзүн көпчүлүккө карата оппозиция катары жарыя кылган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште оппозиция деп эсептелет.
Фракциялардын же көпчүлүк фракциялардын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүн оппозиция катары жарыя кылбаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште азчылык деп эсептелет.
Шаардык кеңеште бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат.
Эгерде шаардык кеңеште бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат.
Эгерде шаардык кеңештин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.
Статья 9.1. пункт 7. «депутат жыл ичинде жүйөлүү себептерсиз катары менен төрт жолудан ашык сессияга катышпаса» деп окулсун.
Статья 9.1. «тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде, саясий партиянын жетекчи органынын чакыртып алуусу» деген пункт менен толукталсын.
Статья 15.3. «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун чектери, тургундардын сунушу боюнча, шаардык кеңеш тарабынан аныкталат» деген текст менен алмаштырылсын.
Статья 17.1. «Ош шаарынын мэри шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат. Мэрди шайлоо Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт» деп окулсун.
Статья 17.4. «25» деген сан «20» деген сан менен алмаштырылсын.
Статья 17.4. /чүнчү сүйлөм «Шаардык Кеңештин төрагасы депутаттардын шайлоого катышуусун камсыз кылат» деп алмаштырылсын.
Статья 17.5. «Шайлоо бюллетенинин үлгүсүн жана текстин аймактык шайлоо комиссиясы бекитет» деп өзгөртүлсүн.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын(К.Жамалов).
3.Токтомдун жана Регламенттин аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңештин төрагасы: |
У.Примов |