Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-августу № 113
Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Жумгал райондук сотунун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 25-июлундагы № 35 буйругунун негизинде Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Бийсеев ээлеген кызматынан бошотулган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 28-августуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|