ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-августундагы № 113 «Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому

Редакция11.08.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 11-августу № 113

Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жумгал райондук сотунун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 25-июлундагы № 35 буйругунун негизинде Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Бийсеев ээлеген кызматынан бошотулган.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 28-августуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов