Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(КР Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
2014-жылы 27-марты № 166
Ош шарындагы муниципалдык
менчиктеги кыймылсыз мүлктөрдү
ижарага берүү боюнча комиссиянын
курамын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 11-мартындагы чыгыш № 72/08-6- муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 13-мартындагы отурумунун №5-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).
2.Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогон учурда анын милдеттери кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI-сессиясынын №166-токтомуна №1-тиркеме |
(КР Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
1.Ормонов Ж. - Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2.Кадыров А. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары
3. Капаров И. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
4. Назылбеков С. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
5. Арзибаев Б. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
6. Алимбеков Н. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
7. Мадаминов А. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
8. Арзиев А. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
9. Абжошев З. - Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башкы адиси;
10. Шанаев К. - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу;
11. Эсенов Р. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын юристи;
12. Нажиев Ш. - Көз карандысыз баалочу (макулдашуу менен);
13.Анарбаев А. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы,
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин Милдетин аткаруучусу: |
М.Жолдошева |