Редакцияот 27.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ

(III чакырылыш)

 

2014-жылы 27-марты № 169

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңешинин Президиумунун

курамын бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 2.1. пунктуна ылайык депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамын бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамы  тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).

2.Президиумдун мүчөсү президиумдун курамынан чыгып кеткен учурда анын милдеттери ордуна жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

У.Примов

 

 

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 27-мартындагы  кезектеги XVII сессиясынын №169 -токтомуна  тиркеме

 

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун

К У Р А М Ы

 

Президиумдун төрагасы:

 

1.Примов У.Б.- депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы;

 

Президиумдун мүчөлөрү:

 

2.Каналиев Б.Э.- депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары;

3.Рысбаев Р.Р.- депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары;

4.Эргешов Б.А. - бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы;

5.Мирзаматов Р.М. - мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы;

6.Эсенбаева Г.Б. -  социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрайымы;

 

7._________________- жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы

8.Аланов А.А. - «Республика» партиясынан;

9.Нурбаев А.М.  - «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынан;

10.Сыдыков А.М. - «Ата-Мекен» партиясынан;

11.Пазылов К.А. - НДПК партиясынан;

12.Мамбетов К.А.  - «Замандаш-Современник» партиясынан;

13.Турдуев Р.А.  - СДПК партиясынан;

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңешинин аппарат жетекчмсинин

Милдетин аткаруучу:

 

 

М.Жолдошева