Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 6-февралы № 9-1
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жылга иш планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет).
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттардын төрагасы: |
К.Абдылдаев |
| Тиркеме №1 |
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык Кеңештин 2014-жылга иш планы | 1-квартал | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева |
2 | Айыл өкмөттүн, 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жыл үчүн бюджетти бекитүү | 1-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы К.Айдыралиев, Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев |
3 | Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н. Жунусов |
4 | Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө (сода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо) | 2-квартал | Айыл өкмөттүн кызматкерлери М. Ногойбаев, Д. Сулайманов, туруктуу комиссиянын төрагасы И.Бейшеналиев |
5 | Айылдын социалдык маданий иштеринин абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Казиева,туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Курмангалиев |
6 | 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 3-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков |
7 | Айылда күзгү оруп жыйуунун жыйынтыгы жана жайыттардын абалы жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев |
8 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын кышка карата даярдыктары жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н. Жунусов |
9 | Жер бөлүштүрүү,айыл чарба жана экология боюнча иштердин абалы жөнүндө | 4-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ибраев |
10 | Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштеринин абалы жөнүндө | 4-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы М. Акматалиев |
Айылдык Кеңештин Жоопту катчысы: |
Т.Иманбердиева |