Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июну № 20/7
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган, Кыргыз
Республикасынын Адилет министрлигинде 2005–жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде
каттоодон өткөртүлгөн №26/5 токтом менен бекитилген “Мезгил мезгили менен берилүүчү
регулятивдик банктык отчет жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тууралуу” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №26/5 токтом менен бекитилген “Мезгил мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө” жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын;
- расмий жарыялангандан кийин, бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлүшүн камсыз кылсын.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси - “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси - “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы ушул токтомго ылайык, 2013-жылдын 1-декабрынан тартып “Мезгил мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктын отчеттун» 37-бөлүгүнүн Улуттук банкка берилип турушун камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/7 токтомуна карата тиркеме |
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/5 токтом менен бекитилген "Мезгил мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 3.3-пунктундагы "36" деген сан "37" деген санга алмаштырылсын.
2. Жобонун 4.4-пунктун биринчи жана экинчи сүйлөмдөрүндөгү "36" деген сан "37" деген санга алмаштырылсын.
3. "Мезгил мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун" 2-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 37-бөлүк менен толукталсын: "37-бөлүк
37.А-бөлүкчөсү. Жеке адамдардын кредиттери боюнча карыздар жөнүндө маалыматтар (кредиттер боюнча)
Бантын коду | Күнү | Карыз алу-учу нун аты-жөнү | Карыз алу учунун пас- пор тунун № | Паспорт берилген күнү | Пер Сонал дык № | Карыз алуу чунун паспор тунда көрсө түлгөн дареги | Карыз алуу чунун анык жашап турган дареги | Кредит бери лген күн | Кели шим боюнча кре дитти төлөө күнү | Кре дит бери лген аймак тык коду | Кре Дит берген фили алдын коду | Кре диттин максат туу пайда ланы лышы нын коду | Кре дит тин түрү нүн коду | Кре дит бери лген валю танын коду | Берил ген кре дит тин сум масы | Пайыз дык чен | Кре дит боюн ча карыз кал дыгы | Кре диттер боюнча карыз калды гынын чеге рилген стату суна ээ кал дыгы | Кре Дит мөө нөтү бүт көндөн кий инки мөөнө түндө төлөн бөгөн карыз калдыгы | Пай ыздар боюн ча карыз кал дыгы | Кре Дитти клас сифи каци ялоо | РППУ нун өлчөмү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 |
37.Б.1-бөлүкчөсү. Юридикалык жактардын кредиттери боюнча карыздары тууралуу маалыматтар (кредиттер боюнча)
Банк тын коду | Күнү | Юрид дика лык жак тын ата лышы | Юриди калык жак тын персо нал дык ИНН № | Юри дика лык жактын юри дикалык дареги | Юриди калык жактын айкын жай гаш кан дареги | Юри ди калык жактын жетек чиси нин аты -жөнү | Юриди калык жактын жетек чисинин пас пор тунун № | Пас порт берил ген күнү | Кре дит берил ген күн | Кели шим бо юнча кре дитти төлөө күнү | Кре дит берил ген аймак тын коду | Кре дит бер ген фили алдын коду | Кре дит тин мак саттуу пайда ланы лышы нын коду | Кре дит берил ген валю танын коду | Берил ген кре дит тин сум масы | Пай ыз дык чен | Кре дит боюн ча карыз кал дыгы | Кре дит тер боюн ча карыз кал дыгы нын чеге рил ген стату суна ээ кал дыгы | Кре дит мөө нөтү бүт көн дөн кий инки мөөнө түндө төлөн бөгөн карыз калдыгы | Пайыз дар боюн ча карыз калдыгы | Кре дит ти клас сифи кация лоо | РППУ нун өлчөмү | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | |
37.Б.2-бөлүкчөсү. Уюштуруучулар/акционерлер - юридикалык жактар тууралуу маалыматтар
Банктын коду | Күнү | Юридикалык жактын аталышы | Уюштуруучунун/ акционердин - жеке адамдардын аты-жөнү; юридикалык жактын аталышы | Уюштуруучунун/ акционердин - жеке адамдын паспортунун №; юридикалык жактын ИННи | Уюштуруучунун/ акционердин - жеке адамдын паспорту берилген күн; юридикалык жактын ИННи катталган күн |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |