Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2004-жылдын 15-сентябры № 24/4
"Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" Нускоонун жаңы редакциясы жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/3 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" Нускоонун жаңы редакциясынын долбоорун карап көрүү менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сунуш кылынган "Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" Нускоонун жаңы редакциясы (кошо таркелет) бекитилсин.
Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмү ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн күндөн кийинки 10 күн ичинде жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Токтом, жарыяланган учурдан 30 күн өткендөн кийин күчүнө кирет.
5. Токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкармасынын тиркемеде келтирилген токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 10-декабрындагы № 34/10 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндөгү" Нускоого (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде өткөн) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-бөлүгүндөгү "Кредит" аныктамасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 токтому менен бекитилген "Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" Нускоодо камтылган "чогуу алгандагы карыз же талаптар" аныктамасы "кредит" түшүнүгүнө да таандык";
- 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 2.16-пункт менен токулталсын:
"2.16. Эгерде банк өз каражаттары менен коммерциялык же башка банктык эмес уюмдарга катышкан болсо, анда кандай болбосун башка финансылык салымдарды жана ар бир банктык эмес уюмга кредиттерди кошо алганда, мындай инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 15 пайызынан ашпоого тийиш. Мына ушундай инвестициялардын жалпы көлөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 60 пайызынан ашпайт".
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/3 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык (регионалдык) Башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, коммерциялык банктарды, ААК "Эсептешүү-Сактык компаниясын", Кыргыз айылчарба Финансы Корпорациясын тааныштырсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым М.Омурзаковага ыйгарылсын.
Төрага | У.К. Сарбанов |
| Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 "Кредиттөөдөгү
чектөөлөр тууралуу" Нускоонун жаңы редакциясы жөнүндө"
токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк
Башкармасынын күчүн жоготкон айрым токтомдорунун
(алардын айрым пункттарынын) тизмеси
1. Улуттук банк Башкармасынын 1995-жылдын 30-августундагы № 21/6 "Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" Нускоо жөнүндө" токтому;
2. Улуттук банк Башкармасынын 1996-жылдын 31-январындагы № 4/11 "Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" Нускоого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө" токтому;
3. Кыргыз Республикасы Улуттук банкынын чечимдерине Улуттук банк Башкармасынын 1997-жылдын 8-июлундагы № 14/1 "Улуттук банткын нормативдик документтерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу" токтому менен бекитилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун VII пункту;
4. Улуттук банктын айрым нормативдик актыларына карата Улуттук банк Башкармасынын 1997-жылдын 10-ноябрындагы № 23/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым нормативдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому менен бекитилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун 5-пункту;
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым нормативдик актыларына карата Улуттук банк Башкармасынын 1997-жылдын 16-сентябрындагы № 24/1 "Улуттук банктын айрым нормативдик акыталарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" токтому менен бекитилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун 1-пункту;
6. Кыргыз Республикасы Улуттук банкынын айрым нормативдик актыларына карата Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 17-ноябрындагы № 30/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым нормативдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому менен бекитилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун I пункту;
7. Кыргыз Республикасы Улуттук банкынын айрым нормативдик документтерине карата Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 18-февралындагы № 10/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым нормативдик документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому менен бекитилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун II пункту;
8. Кыргыз Республикасы Улуттук банкынын айрым нормативдик документтерине карата Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 11-мартындагы № 16/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым нормативдик документтеррине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому менен бекитилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун I пункту;
9. Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 45/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым нормативдик актылары жөнүндөгү" токтомунун I пункту.
Төрага | З. Асанкожоева |