Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-сентябры № 131
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 76 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 76 токтомунун 2-пункту төмөнкү абзацтар менен толукталсын:
"Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, шайлоо күнү коомдук тартипти камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар өзгөчө тартипте шайлоо дареги боюнча, анын ичинде бир калктуу пункттун же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чегинде 2015-жылдын 19-сентябрынан кечиктирилбестен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арыз бергенден кийин гана добуш бере алышат.
Бишкек жана Ош шаарларында 2015-жылдын 19-сентябрынан кечиктирилбестен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арыз берилгенден кийин гана, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткерүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 6-августундагы № 106 токтомуна ылайык шайлоо дареги боюнча добуш берүү үчүн атайын түзүлгөн шайлоо участкаларында жүргүзүлөт."
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|