Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 27-марты №162
Ош шаарында жеке турак-жай
куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп
берүүнүн тартиби жөнүндө
Жобону бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мериясынын 2013-жылдын 16-декабрындагы Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитип берүү жөнүндөгү 449/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык, өзгөчө кырдаалдар маселелери жана мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат, дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын 2014-жылдын 6-февралындагы кошмо отурумунун №2-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык, өзгөчө кырдаалдар маселелери жана мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат, дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына (К. Пазилов, Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI-сессиясынын №162 – токтомуна №1-тиркеме |
1.1.Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, «Кыргыз Республикасында жеке турак-жай курулушу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177- «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна жана жерге укук мамилелерин жана бош жерлер бар болгон учурларда жеке турак-жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
Бул Жобо Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүдө көрсөтүлгөн негизги талаптарды аныктайт.
1.2. Бөлүп берүүнүн обьекти болуп, Ош шаарында жайгашкан жеке менчикке бөлүп берүүгө мүмкүн болгон жер тилкелери саналат.
1.3. Бул Жобонун талаптары Ош шаарынын аймагында жеке турак-жай курууга катышкан шаар куруу-архитектуралык ишкердиктин бардык субьекттерине таратылат жана жеке турак-жай курууга жер тилкелерин менчикке бөлүп берүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын белгилейт.
1.4. Жер тилкелерин жеке турак-үйлөрдү куруу үчүн бөлүп берүү Ош шаарынын башкы планына, жеке турак-жай курулушунун схемасынын негизинде белгиленген тартипте бекитилген турак-жай массивдеринин башкы пландарынын схемаларына ылайык ишке ашырылат. Жеке турак-жай курулушунун схемасы Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын башчысы менен макулдашылат жана Ош шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет. Токтомдо жеке жер тилкелеринин аныкталган саны көрсөтүлөт жана жеке турак-жай курулушунун схемасынын түп нускасы тиркелет. Бекитилген жеке турак-жай курулушунун схемасын жана жер тилкелеринин санын өзгөртүү Ош шаарынын мэриясынын токтому менен ишке ашырылат.
Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы жеке турак-жай курууга бөлүнүп берилүүчү жер тилкелерине менчик укуктарын каттоону жеке турак-жай курулушунун бекитилген схемасын жана жеке турак-жай куруу үчүн аныкталган жер тилкелеринин санын бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү токтому бар болгон учурда гана жүргүзөт.
1.5. Ош шаарында бир жеке турак-жай куруу үчүн бөлүнүп берилүүчү жер тилкесинин ченемдик аянты шаар куруу документациясына ылайык белгиленет, бирок 0,05 гектардан ашпоого тийиш.
(Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 9-ноябрындагы №192-токтомуна ылайык).
1.6. Жеке турак-үйлөрдү куруу үчүн бөлүнүп берилүүчү жер тилкелери үчүнчү жактардын укуктарынан жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө чектөөлөрдөн бош болууга тийиш.
1.7. Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга Кыргыз Республикасынын төмөндөгү жарандары укуктуу:
- Ош шаарында үч жылдан кем эмес жашаган жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында мурда жеке менчик турак үй куруу үчүн менчикке берилген жер участогу жоктор;
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары.
1.8. Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга Кыргыз Республикасынын жарандары Ош шаарынын мэриясына төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
-аныкталган формадагы арыз;
-ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;
-кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);
-эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнча берилет);
-атайын укуктуу мамлекеттик органдын жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;
-турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
-жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкаты.
1.9. Жеке турак-үй куруу үчүн муктаждардын эсебинде турган жарандарга, жер тилкелерин биринчи жана экинчи кезекте алуу укугуна ээ адамдардан тышкары жер тилкелер жалпы кезектүүлүк тартибинде берилет. Жер тилкелерин берүүнүн кезектүүлүгү тапшырган арыздарына ылайык ирет менен берилет.
1.10. Жалпы кезекте турган жарандардын ичинен жер тилкесин алуу мөөнөттөрүндө артыкчылыктан турак жай шарттарын жакшыртууга өтө муктаж үй-бүлөөлөр пайдаланышат.
1.11. Биринчи кезектүүлүктөгү тартипте жер тилке менен төмөндөгү категориядагы жарандар камсыз кылынат:
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары;
- социалдык абалы өтө оор, жашоо шарты начар экендиги аныкталган жарандар;
- мүмкүнчүлүгү чектелген I жана II топтордогу майыптар,
- Чернобыль АЭС авариясына, Афган согушуна жана Баткен окуясына катышкандар;
- кайрылмандар (чет өлкөлөрдөн көчүп келген этностук кыргыздар);
- Баатыр-энелер жана жалгыз бой энелер;
1.12. Экинчи кезектүүлүктөгү тартипте жер тилке менен төмөндөгү категориядагы жарандар камсыз кылынат:
- билим берүү, маданияттын, саламаттыкты сактоонун кызматкерлери;
- аскер, укук коргоо, өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлери;
- журналисттер, спортсмендер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана башкалар.
1.13. Бир категориядагы жарандардын арыздарын кароодо биринчи кезек үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына, үй-бүлөнүн ишке жарактуу мүчөлөрүнүн
санына (багуучусуна) жараша, үй-бүлөдө жашаган ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын топтук таандыктыгын эске алуу менен аныкталат.
Бирдей шарттар орун алган учурларда Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын кезектүүлүгү арыз берүү убактысына жана катталган датасына ылайык чечилет.
1.14. Жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин алууга иш кагаздарын тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле аталган иш кагаздарын берген органдар, алардын ырастыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
1.15. Жеке турак-жай куруу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкесин анын чегарасы натурасында (жеринде) аныкталганга жана бекитилгенге, бул жер тилкесине укукту күбөлөндүрүүчү иш кагазын алганга, ошондой эле жеке турак үйдүн макулдашылган долбоору берилгенге жана курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга уруксат алганга чейин өздөштүрүүгө болбойт.
1.16. Жердин менчик ээлеринин өзүнүн укуктарын жүргүзүүсүнүн чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам тарабынан аныкталат.
1.17. Жеке турак-жай куруу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкесине жеке менчик укугун тариздөө, каттоо жана мамлекеттик акт берүү Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде мамлекеттик каттоого укук күбөлөндүрүүчү иш кагаздарын бербесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2.1. Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү үчүн иштерди жүргүзүү жана уюштуруу боюнча комиссиясынын (мындар ары – комиссия) чечими менен 1999-жылга чейин курулган турак үйдүн алдындагы жана турак үйгө жанаша жайгашкан жер тилкесине менчик укугу берилет. Турак үйгө жанаша жайгашкан жер тилкесинин аянты ушул Жобонун 1.5.-пунктунда аныкталган ченемдик аянттан ашпоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарына ылайык аныкталган жалпы пайдалануудагы жерлер жана социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы обьекттер үчүн берилген жер тилкелери менчикке берилбейт.
2.2. Ушул Жобонун 2.1.-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерине укуктар Ош шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментине (мындан ары – Департамент) жөнөтүлгөн арыздарынын негизинде берилет.
Жобонун 2.1.-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды алуу үчүн арызга төмөнкү иш кагаздары тиркелет:
- менчик укугун тастыктоочу;
- жарандык паспорту;
- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын (мындан ары – шаардык мамкаттоо) жарандын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;
- кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту;
- Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын (мындан ары – шаардык архитектура) жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;
- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат жана турак жай шарттарын текшерүү актысы;
- каралып жаткан участок менен чектеш жерлердин ээлеринин жазуу түрүндөгү макулдугу.
Жеке турак үйдүн 1999-жылга чейин курулгандыгын тастыктоочу иш кагаздары болуп: коммуналдык тейлөөлөр, жер салыгы үчүн төлөмдөр тууралуу квитанциялар жана башка иш кагаздары саналат.
2.3. Жобонун 2.1.-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерине акысыз бекитип берүү укугун берүүнүн мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө корутундуну жана схеманы даярдоо үчүн арыздар Департамент тарабынан шаардык архитектурага жана шаардык мамкаттоого жөнөтүлөт. Корутундуда жер тилкесин акысыз бекитип берүү мүмкүнчүлүгү башкы пландын негизинде шаардын аймагынын өнүгүү келечегине дал келүүсү көрсөтүлүүгө тийиш. Корутундулар жана схемалар белгиленген тартипте арыздануучунун эсебинен акы төлөө негизинде даярдалат.
2.4. Жер тилкелерине укуктарды берүү жөнүндө маселени комиссияга Департамент киргизет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
2.5. Комиссиянын чечиминин негизинде Департамент тарабынан Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү жана турак үйдүн алдындагы, турак үйгө жанаша жайгашкан жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө токтому даярдалат.
Жер тилкелерине укуктарды каттоо шаардык мамкаттоо тарабынан ишке ашырылат.
3.1. Арыздануучу ага жеке турак үй куруу үчүн берилген жер тилкесинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пайдасына баш тарткан учурда, бошогон жер тилкеси комиссиянын чечими менен Кыргыз Республикасынын муктаж жарандарына бекитилген кезегине ылайык берилет.
Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн жер тилкесине менчик укугунан баш тартуу жөнүндөгү арыз Ош шаарынын мэринин наамына жөнөтүлөт.