Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-сентябры № 134
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө, шайлоо бюллетенине киргизүү үчүн катталган саясий партиялардын кезектерин аныктоо боюнча 2015-жылдын 5-сентябрындагы чүчү кулак өткөрүүнүн протоколуна ылайык жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенинин тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 134 токтомунун тиркемеси |
Тандалган саясий партиянын оң жактагы бош квадратына же "Баарына каршы" позициясына тийиштүү белгини þ койгула. Белги бир квадраттан ашык коюлган же бирине да коюлбай калган шайлоо бюллетени жараксыз деп эсептелет. Квадраттан сырткары коюлган белги эсепке алынбайт.
1. "ААЛАМ - ПАРТИЯЛАРГА КИРБЕГЕНДЕРДИН ПАРТИЯСЫ" саясий партиясы
2. "АР-НАМЫС" саясий партиясы
3. "ЗАМАНДАШ" саясий партиясы
4. "АЗАТТЫК" ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ" саясий партиясы
5. "РЕСПУБЛИКА - АТА ЖУРТ" саясий партиясы
6. "АТА МЕКЕН" саясий социалисттик партиясы
7. (СДПК) "КЫРГЫЗСТАН СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ" саясий партиясы
8. "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" саясий партиясы
9. "КЫРГЫЗСТАН ЭЛДЕРИНИН КОНГРЕССИ" саясий партиясы
10. "УЛУУ КЫРГЫЗСТАН" саясий партиясы
11. "БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН ЭМГЕК" саясий партиясы
12. "БИР БОЛ" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы
13. "МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ" саясий партиясы
14. "КЫРГЫЗСТАН" саясий партиясы
15. БААРЫНА КАРШЫ
Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү жайдан сыртка алып чыгууга тыюу салынат.
Төрага _______________ | М.О. | Катчы _______________ |